Кеңештер Бирлиги
From Wikipedia, the free encyclopedia
Кеңештик Социалисттик Республикалар Бирлиги[6],ошондой эле КСРБ жана Кеңештер Бирлиги (орус. Союз Советских Социалистических Республик, Советский Союз, СССР) — 1922-жылдан тартып 1991-жылга чейин Чыгыш Европа, Түндүк, Борбордук жана Чыгыш Азиянын кээ бир бөлүктөрүндө жайгашып, жашап келген мамлекет. КСРБ кургактыктын 1/6 бөлүгүнө жакын чоңдукту ээлеп[7], кулоо учурунда аянты боюнча дүйнөдөгү эң чоң мамлекет болгон. КСРБ 1917-жылга карата Орусия империясы (Финляндиясыз, Польша Падышалыгынын айрым бөлүктөрүсүз жана кээ бир башка аймактарсыз) ээлеп турган жеринде түзүлгөн.
ССР Союзу / ССРС / Советтер Союзу Советтик Социалисттик Республикалардын Союзу Бирдиктүү мамлекет | |||||||||
| |||||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| |||||||||
Ураан Бардык өлкөлөрдүн пролетарлары, бириккиле! | |||||||||
Гимн Интернационал (1922—1944) ССРС мамлекеттик гимни (1944—1991) | |||||||||
ССРCдин 1945-жылдан кийинки картасы | |||||||||
Борбор калаа | Москва | ||||||||
Ири шаарлары | Москва Ленинград Киев Ташкент Баку Харьков Минск Горький Новосибирск Свердловск Тбилиси | ||||||||
Тил | Орус тили (де-факто)[1] | ||||||||
Акча бирдиги | ССРС рублю | ||||||||
Убакыт аралыгы | +2…+12[2] | ||||||||
Аянт | 22 402 200 км²[3] | ||||||||
Калк | 293 047 571 ад.[4] | ||||||||
Башкаруу формасы | Бирпартиялуу Советтик республика (1922—1936), Бирпартиялуу (1989-жылга чейин) парламенттик республика (1936—1991) | ||||||||
Мамлекет башкаруучулары | |||||||||
- 1922—1924 | Владимир Ильич Ленин | ||||||||
- 1924—1953 | Иосиф Виссарионович Сталин | ||||||||
- 1953 | Георгий Максимилианович Маленков | ||||||||
- 1953—1964 | Никита Сергеевич Хрущёв | ||||||||
- 1964—1982 | Леонид Ильич Брежнев | ||||||||
- 1982—1984 | Юрий Владимирович Андропов | ||||||||
- 1984—1985 | Константин Устинович Черненко | ||||||||
- 1985—1991 | Михаил Сергеевич Горбачёв | ||||||||
Интернет-домен | .su | ||||||||
Телефон коду | +7 | ||||||||
Орусиянын тарыхы | |
| |
Чыгыш славяндары, русь эли | |
---|---|
Байыркы орус мамлекети (IX—XIII кк.) | |
Удельдүү Русь (XII—XVI кк.); (бириктирүү) | |
Орусия Падышалыгы (1547—1721) | |
Орусия Империясы (1721—1917) | |
Орусия Республикасы (1917) | |
Орусия Падышалыгы (1918—1920) | |
Советтик Орусия (1917—1922) | |
ССРС (1922—1991) | |
Орусия Федерациясы (1991-жылдан тарта) |
КСРБтин 1977-жылкы Конститутциясына ылайык КСРБ көп улуттуу[8],социалисттик[9]союздук мамлекет катары жарыяланган.
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин КСРБ Ооганстан, Венгрия, Иран, Кытай, КЭДР (1948-жылдын 9-сентябрынан тарта), Монголия, Норвегия, Польша, Румыния, Түркия, Финляндия, Чехословакия менен кургактыкта жана АКШ, Швеция жана Жапония менен сууда чек-арасы болгон.
ССРС 1922-жылы 30-декабрьда Орусия Советтик Социалисттик Федеративдик Республикасын, Украина Советтик Социалисттик Республикасын, Белорусь Советтик Социалисттик Республикасын жана Закавказ Советтик Социалисттик Федеративдик Республикасын, борбору Москва шаарында[10] жайгашкан, аткаруучулук[11] жана соттук[12] бийликтери менен, мыйзам чыгаруучу[13] жана укуктук[14] системалары менен бирбийликтүү бирдиктүү мамлекетке бириктирүү аркылуу түзүлгөн.
Республика Конститутция боюнча суверенитеттүү мамлекет[15] болгон союздук республикалардан (ар башка жылдары 4-16 республикадан) турган. Ар бир союздук республикада Союздан эркин чыгуу укугу[16] болгон. Союздук республикалар чет-өлкөлүк мамлекеттер менен мамиле куруу,алар менен келишимдерди түзүү, дипломат жана консульдуктар менен алмашуу, эл-аралык уюмдардын иштерине катышуу[17] мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушчу. БУУнун 50 түзүүчү-мамлекеттеринин катарында ССРСтен тышкары анын эки союздук республикалары Украина ССРи жана Белорусь ССРи болгон.
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин ССРС, АКШ сымал улуу державалардан[18] болгон. Советтер Союзу дүйнөлүк социализм ситемасынын үстүндө үстөмдүк кылып турган. Ошондой эле ССРС БУУ Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү болгон.
ССРСтин кулашы эки бийликтин, борбордук союздук бийликтин жана жер-жерлерде жаңы шайланып алынган бийликтин өкүлдөрүнүн ортосундагы (Жогорку Кеңештегилер, союздук республикалардын президенттери) тирешүүсү менен мүнөздөлөт. 1989-1990-жылдары Суверенитеттер парады башталган. 1991-жылы 17 мартта ССРСтин 15-республикасынын ичинен тогузунда, шайлоочулардын 2/3ү жаңыланган союзду сактап калууга добуш берген ССРСти сактап калуу тууралуу Бүткүлсоюздук референдум өткөрүлөт. Бирок союздук бийликтегилер ахыбалды туруктуулукка алып келе алышпай калат. Өзгөчө Абалдар боюнча Мамлекеттик Комитеттин (ӨАМК) ишке ашпай калган төңкөрүшүнөн кийин прибалтикалык республикалардын көзкарандысыздыгын расмий тааный баштады. Калкынын көпчүлүгү Украинанын көзкарандысыз мамлекет болушуна добуш берген Бүткүл Украина референдумунан кийин ССРСти мамлекет катары сактап калууга мүмкүнчүлүк калбай калат. Бул жөнүндө 1991-жылы 8-декабрьда үч союздуу республикалардын өкмөт башчылары: ОССФРден (Орусия Федерациясы) Ельцин, Борис Николаевич, УССрден (Украина) Кравчук, Леонид Макарович жана БССРден (Беларуссия) Шушкевич, Станислав Станиславович Көзкарандысыз Мамлекеттеринин Шериктештигин түзүү тууралуу келишимге[19] кол коюулуп жатканда айтылган. Расмий түрдө ССРС 1991-жылы 26-декабрьда өзүнүн жашоосун токтотот. 1991-жылдын аягында Орусия Федерациясы ССР Союзунун эл аралык-укуктук[20] карым катнаштарда түздөн-түз улантуучу-мамлекет[21] катары таанылып, жана БУУ Коопсуздук Кеңешинде ССРСтин[22] ордун ээлеген.