Кыргызстан
Борбордук Азиядагы өлкө / From Wikipedia, the free encyclopedia
Кыргызстан, расмий түрдө ― Кыргыз Республикасы (КР) — Борбордук Азиядагы мамлекет. Түндүктө Казакстан, батышта жана түштүк-батышта Өзбекстан, түштүк-батышта Тажикстан жана чыгышта Кытай менен чектешет. Кыргызстан ― басымдуу аймагы тоолуу аймактарды камтыган, деңизге чыга турчу жери жок өлкө.
Кыргыз Республикасы | |||||
| |||||
Гимн: «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни» | |||||
Негизделген | 14-октябрь 1924-жылы (Кара-Кыргыз автономиялуу облусу) | ||||
Эгемендүүлүк күнү | 31-август 1991-жылы | ||||
Расмий тили | Кыргыз тили — мамлекеттик тил орус тили — расмий тил[1] | ||||
Борбор шаары | Бишкек | ||||
Ири шаарлар | Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Токмок, Өзгөн | ||||
Башкаруу формасы | президенттик республика | ||||
Президент Министрлер Кабинетинин төрагасы Жогорку Кеңештин төрагасы | Садыр Жапаров Акылбек Жапаров Нурланбек Шакиев | ||||
Мам. дини | Динден тышкары | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 85-орун - дүйнөдө 199 951 км² 4,4[2] | ||||
Калкы • Бааланган (1.01.2022) • Жыштыгы | ▲7 000 000[3] адам (105-орун) 34 ад./км² | ||||
ИДӨ (САМ) • Бардыгы |
37,015 млрд $ | ||||
ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга |
10,930 млрд[4] $ 1,606[5] $ | ||||
АДӨИ | ▲0,697[6] (орточо) (120) | ||||
Этнохороним | кыргызстандыктар | ||||
Акча бирдиги | сом () (KGS, код 417) | ||||
Домени | .kg | ||||
ISO коду | KG | ||||
ЭОК коду | KGZ | ||||
Телефон коду | +996 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +6:00 |
Кыргызстан — унитардык, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, президенттик мамлекет.
Борбор шаары — Бишкек, калк боюнча республиканын эң ири шаары. Туруктуу калкы 1 миллион адамдан ашат.
Өлкөдөгү туруктуу калктын саны 2021-жылдын башына карата баалоо боюнча 6,7 миллион ашуун адам түзөт[3]. Кыргызстан 2020-жылдын башына карата бааланган калкы боюнча дүйнө жүзүндө 110 орунду ээлеген[7]. 25-ноябрь 2015-жылы Кыргызстандын 6-миллиончу жараны туулган[8].
Кыргызстандын аянты 199 951 км² түзөт. Суу бетинин аянты өлкөнүн аянтынан 4,4 % түзөт.
Социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет. Кыргызстандын адамдын өнүгүү индекси 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 0,697 (орточо) түзүп, 138 изилденген өлкөлөрдүн арасынан 120 орунду ээлеген[6]. Советтер Союзу кулагандан бери (1991-жылы) өлкөдөн эмгек миграция калыптанган. Кыргызстандын 700 миң ашуун жараны эмгек мигрант болууда. Эмгек мигранттардын негизги агымы Орусияга (2018-жылы 640 миң ашуун) кетет, ошондой эле Казакстанда, Түркияда жана АКШда иштегендер да көп. Алардын акча которуулары ИДӨнүн үчтөн биринен ашуун түзөт. Бул көрсөткүч боюнча өлкө дүйнөдө алдыңкы орундарды ээлейт. Акча которуулар өлкөдөгү жакырчылыкты азайтууга маанилүү салым кошот[9][10].
Кыргызстан 1992-жылдан тарта Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү. Ошондой эле КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ, ИКУ, Түрк кеңеши, ТҮРКСОЙ сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын мүчөсү.