Түркия
Батыш Азия жана Түштүк Европадагы мамлекет / From Wikipedia, the free encyclopedia
Түркия (түрк. Türkiye [ˈtyr̝cije]), расмий — Түркия Республикасы (түрк. Türkiye Cumhuriyeti [ˈtyr̝cije d͡ʒumhuːɾije'ti]) —мамлекет Батыш Азияда (97%) жана Түштүк Европада (3%) жайгашкан. Калкы - 85,2 миллион (2023), аянты — 783,562 км2 (калкынын саны боюнча дүйнөдө 19-орунда жана аймагы боюнча 36-орунда турат). Унитардык мамлекет. Мамлекеттик тили-Түрк тили
Түркия Республикасы | |||||
| |||||
Урааны: «Yurtta Barış, Dünyada Barış» «Үйдө тынчтык, дүйнөдө тынчтык» | |||||
Гимн: «İstiklâl Marşı» «Эгемендүүлүк маршы» | |||||
Негизделген | 29-чи октябрь 1923-ж. | ||||
Расмий тили | Түркчө | ||||
Борбор шаары | Анкара | ||||
Ири шаарлар | Ыстанбул, Анкара, Измир, Бурса, Адана | ||||
Президенти Вице-президенти Ассамблеянын президенти | Режеп Тайип Эрдоган Жевдет Йылмаз Мустафа Сентоп | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 4-чү - дүйнөдө 783.562 km2 км² 13.930 km2 | ||||
Калкы • Бааланган (2024) • Жыштыгы | 90.021.553 адам (18-чү) 105/km2 ад./км² | ||||
АДӨИ ( 2018) | ▲ 0.806[1] (өтө жогору) (59-чи) | ||||
Этнохороним | Түрктөр, жана Түркия кирет | ||||
Акча бирдиги | Түрк лирасы (TRY, ₺) | ||||
Домени | .tr | ||||
ISO коду | TR | ||||
ЭОК коду | TUR | ||||
Телефон коду | +90 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +3 |
Түркия 14 мамлекет менен чектешет.
Азыркы Түркия 1923-жылы Осмон империясынын кулашынын натыйжасында, Биринчи дүйнөлүк согушта жеңилгенден кийин жана түрк элинин улуттук-боштондук согушунан, монархиянын жоюлушунан жана Чыгыш Фракия, Кичи Азия жана армян тоолорунун аймагында түрк улуттук мамлекетинин түзүлүшүнөн кийин түзүлгөн. Осмон империясынын борбору болгонго чейин, бул аймак тарых бою байыркы мамлекеттердин олуттуу бөлүгүн түзгөн: хетт падышалыгы, Ассирия, Урарту, Византия, Грузия (Колхида жана Иберия), Персия, Рим жана башкалар.
Экономикасы динамикалуу өнүгүп жаткан индустриалдык өлкө. Сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети боюнча ИДПнын көлөмү (МЖӨ) калктын жан башына — жылына 41 887 доллар (2023). 2023-жылы Түркиянын ИДПсы 1,154 триллион долларды түзгөн.; МЖӨ боюнча ИДП - 3,613 трлн АКШ доллары.; ИДПнын жан башына номиналы боюнча көлөмү жылына 13 383 долларды түзөт.
1952-жылдан НАТОнун мүчөсү, 1949-жылдан Европа кеңешинин мүчөсү, ошондой эле 1999-жылдан Евробиримдиктин мүчөлүгүнө расмий талапкери.