![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/8/8f/Flag_of_Estonia.svg/langky-640px-Flag_of_Estonia.svg.png&w=640&q=50)
Эстония
From Wikipedia, the free encyclopedia
Эстония (эст. Eesti), ырасмый аты — Эстония Республикасы (эст. Eesti Vabariik) — Түндүк Европада Балтика деңизинин чыгыш жээгинде[1], Финн булуңунун жана Рига булуңунун суулары менен жуунган мамлекет. Чыгышта Орусия (чек арасынын узундугу — 324 км), түштүгүнөн Латвия (333 км) менен чектешет. Түндүктө, Финляндия булуңунда, Финляндия менен деңиз чек арасы бар. Түндүк жана батышында Балтика деңизинин суулары менен жуулат. Борбору — Таллин шаары. Аянты — 45 227 км2, калкы — 1 330 068 киши. Ошентип, Эстония жери боюнча дүйнөдө 129-орунда (Европада 29-орун), калкынын саны боюнча 158-орунда (Европада 34-орун) жана бул көрсөткүчтөр боюнча Балтика өлкөлөрүнүн ичинен эң кичинекейи.
Эстония Республикасы | |||||
| |||||
Гимн: «Mu isamaa, mu õnn ja rõõm (Мекеним, менин бакытым, кубанычым)» | |||||
![]() | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 8-май 1990-ж. | ||||
Расмий тили | Эстон тили | ||||
Борбор шаары | Таллин | ||||
Ири шаарлар | Таллин, Тарту, Нарва | ||||
Башкаруу формасы | Парламенттик республика | ||||
' | Алан Карис | ||||
Мам. дини | Динден тышкары | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 129чу - дүйнөдө 45 227 км² 4,55 | ||||
Калкы • Бааланган (2022) • Жыштыгы | (өсүү) 1 330 068 адам (158чи) 29,22 ад./км² | ||||
Этнохороним | эстондук | ||||
Акча бирдиги | Евро | ||||
Домени | .ee, .eu | ||||
ISO коду | EE | ||||
ЭОК коду | EST | ||||
Телефон коду | ++372 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +2:00 |
1991-жылдын 17-сентябрынан бери БУУнун, 2004-жылдын 1-майынан Европа Биримдигине, 2004-жылдын 29-мартынан НАТОго, 2010-жылдын 9-декабрынан ЭКӨҮге, 1993-жылдан Европа Кеңешине мүчө. Шенген аймагынын жана Eurozone.
Ырасмый тили — эстон тили, акча бирдиги — евро
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/3/3a/Estonian_soldier_laying_down_suppressive_fire.jpg/640px-Estonian_soldier_laying_down_suppressive_fire.jpg)