Латвия
From Wikipedia, the free encyclopedia
Латвия (латыш. Latvija), расмий аталышы — Латвия Республикасы (латыш. Latvijas Republika) – Чыгыш Европадагы мамлекет. Түндүгүнөн Эстония, чыгышынан Россия, түштүк-чыгышынан Беларуссия, түштүгүнөн Литва менен чектешет. Балтика деңизи жана анын Рига булуңу менен чулганат. Аянты 64,6 миң км2. Калкы 2,26 млн (2009). Борбору – Рига. Расмий тили – латыш тили. Акча бирдиги – евро. Төрт тарыхый облусту (регионду) камтыйт: Видземе (мурдагы Ливониянын түштүк бөлүгү, Лифляндия), Земгале (Земгалия, Семигалия), Курземе (Курляндия, Курония), Латгале (Латгалия). Административдик-аймактык жактан 109 крайга жана республикага баш ийген 9 шаарга бөлүнөт (2007-жылдын 1-июлунан). Латвия – БУУнун (1991), Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун (1991), ЭВФтин (1992), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1992), Балтика өлкөлөрүнүн кеңешинин (1992), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1999), Европа Советинин (2004), НАТОнун (2004) мүчөсү.
Латвия Республикасы | |||||
| |||||
Гимн: «Dievs, Svētī Latviju (Кудай сактасын Латвияга)» | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 4-май 1990-ж.
( Кеңештер Бирлигинен) | ||||
Расмий тили | латыш тили | ||||
Борбор шаары | Рига | ||||
Ири шаарлар | Рига, Даугавпилс, Лиепая, Елгава, Юрмала, Вентспилс | ||||
Президенти | Эгилс Левитс | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 122 - дүйнөдө 64 589 км² 1.5 | ||||
Калкы • Бааланган (2021) • Жыштыгы | 1 893 700[1] адам (154) 29,39 ад./км² | ||||
ISO коду | LV | ||||
ЭОК коду | LAT |