Шаржа (эмирлик)
From Wikipedia, the free encyclopedia
From Wikipedia, the free encyclopedia
Шаржа ( араб. الشارقة аш-Шарика Aš Šāriqah) — БАЭдеги эмирлик . Өлкөнү түзгөн жети эмирликтин ичинен аянты жана калкы боюнча үчүнчү орунда турат.
Өлкө |
БАЭ |
---|---|
Административдик борбор |
[[]Шаржа (шаар)|Шаржа]] |
Башчысы |
Султан III бин Мухаммад аль-Касими |
Расмий тили |
араб тили |
Калкы |
1 800 000 |
Деңиз денгээлинен бийиктиги • өрточо бийиктиги |
|
Коду ISO 3166-2 |
AE-SH |
www.sharjah.ae Расмий сайты | |
Бул эмирликтин, өлкөнүн чыгышындагы эксклавдары: Калба, Дибба Аль-Изн жана Корфаккан . Бул эмирликтин борбор болгон Шаржа шаарынын жанында БАЭнин экинчи маанилүү шаары Дубай жайгашкан. Шаарлардын ортосундагы символикалык чек арасынын жарымы Шаржа менен Дубайдын ортосунан өткөн жол түйүнү.
Башкаруу формасы - конституциялык монархия. Эмираттын башчысы – шейх Султан бин Мухаммад аль-Касими.
Калкынын саны - 1,800,000 адам. (2022-жыл)[1].
Тарыхый жактан алганда, Шаржа аймактагы бай шаарлардын бири болгон. Бул аймактагы алгачкы конуштар мындан 5000 жыл мурун негизделген. XVII кылымдын башында Аль-Касими уругу ( Хувала уруусу) Шаржада отурукташып, 1727-жылы көз карандысыздыгын жарыялаган.
1820-жылдын 8-январында шейх Султан I бин Сакр аль-Касими Британия менен болгон Негизги деңиз келишимине кол коюп, Британиянын протекторатын кабыл алган. Бул келишимдин негизинде Британиянын протекторатынын бир бөлүгү болгон Келишимдик Омандын курамына кирген.
1971-жылдын 2-декабрында шейх Халид III бин Мухаммад аль-Касими Шаржанын Бириккен Араб Эмирликтеринин курамына кошулуу боюнча келишимге кол койгон.
БАЭнин курамына кирген башка эмирликтер сыяктуу эле, Шаджа Эмирлиги да почта маркаларынын коллекционерлерине кеңири белгилүү болгон, анткени БАЭ түзүлгөнгө чейин Шаржа почта министрлиги тарабынан көп сандагы почта маркалары чыгарылган.
2011-жылдын 13-августунда Шаржада БАЭдеги биринчи православдык — Апостол Филипп чиркөөсү курулган.
2022-жылдын эл каттоосунун отчетуна ылайык Шаржа эмирлигинин калкынын саны болжол менен 1,8 миллион адамды түзөт[1].
БАЭнин жарандарынын саны:
Чет өлкөлуктөрдүн саны 1,6 миллион адамды түзөт, анын ичинде 1,1 миллион эркек жана 500 миң аял[2].
Бул эки деңиз жээктеринде жайгашкан жалгыз эмирлик; батышында Араб булуңу, чыгышында Оман булуңу (Инди океаны). Жээк сызыгы болжол менен 20 км созулат.
Шаржанын 2022-2024-жылдардагы корпоративдик өнүгүү стратегиясына ылайык, эмирлик үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү, диверсификацияланган жана туруктуу экономиканы курууга көңүл бурулат. Стратегия төрт стратегиялык максатка багытталган[3]:
Шаржадан бир сааттык алыстыкта жайгашкан Жебел Файяда Тюбинген университетинин окумуштуулары 125-100 миң жыл мурун термолюминесценттик ыкма менен жасалган таш куралдарды табышкан. Археологдор ошондой эле неолит, темир жана коло доорлоруна таандык артефакттарды табышкан, бирок Жебел Файяда адамдын скелеттери же сөөк калдыктары табылган эмес[4][5].
БАЭдеги эң көп жаратылыш коруктары Шаржа эмирлигинин аймагында жайгашкан[6].
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.