8-январь — Тусон шаарында (АКШ) шайлоочулар алдына чыгып үйлөп жаткан Габриэль Гиффордс кол салуу болгон. жабырлануучу ооруканага жеткирилген. 6 киши каза болуп, 14 адам жаракат алышкан. [7].
9-январь — Boeing 727 учагы Ирандын Урмия шаарныда кулап, 77 адам каза болуп, 26 киши жарадар болушкан. [8].
29-январь — Египеттеги массалык толкундоолор учурунда мародёрлор Каир шаарындагы улуттук музейдеги фараондордун эки мумиясын жок кылышып, байыркы баалуу коллекцияларды талкалоого аракет кылышкан. [21].
31-января — Казакстандын Конституциялык кеңеши президенттин кайрылуусун карап чыгып, президенттик мөөнөттү узартуу үчүн өткөрүлө турчу референдумду мыйзамсыз деп тааныган. Нурсултан Назарбаев бул чечим менен макул болуп, кезексиз президенттик шайлоолорду өткөрүүгө чакыргын. [22].
Түштүк Корея жана КЭДР эки жааттуу сүйлөшүүлөрдү башташты. Жолугушуу Пханмунчжом кыштагына жакын жерде өттү. [28].
Израиль археологдору библиядагы (христиан дининдеги) Захария пайгамбардын көмүлгөн жерин табышкандыгын жарыялашкан. Пайгамбар коюлган жер Иудея жериндеги V—VII кылымдарга таандык византиялык чиркөөдө болгон. [29].
Америкалык Stardust-NeXT планета аралык зонду Tempel 1 аталышындагы кометага жакын жерден өткөн. Ал кометага эң жакын өткөндүгү - 181 км алыс жерден өткөндүгү. [34].
ЛивиядаМуамар Каддафинин каршылаштары жана жактоочулары ортосунда жарандык согуш башталган.
23-февраль — СенегалИран өлкөсү менен болгон дипломаттык мамилелерин үзгөн. Себеби, Сенегал Иранды көтөрүлүшчүлөрдү курал-жарак менен камсыз кылган деп айыптап чыккан [40]
24-февраль — Дүйнөдөгү эң ири аэропортторунун бири болгон ДубайдагыАль-Мактум аэропорту ачылган.[41].
3-март — Египеттин премьер-минситри Ахмед Шафик бийликтен кетип, өлкөнүн Жогорку аскердик совети анын ордуна мурдагы транспорт министри Эссам Шарафанды койгон[46].
Эстонияда парламенттик шайлоолор түнү. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча, эң көп добушту өлкөнүн премьер-министри Андрус Ансип жетектеген «Реформалар партиясы» алган.[47].
9 март — «Дискавери» шаттл-кемеси өзүнүн 27-жылдык карьерасын Кеннеди атындагы космостук борбордо ийгиликтүү конуу менен жыйынтыктаган.[49][50].
11-март — Японияда күчү 9,0 баллга жеткен жер титирөө болгон [51][52].
12-март — Жер титирөөдөн жабыр тарткан япондук «Фукусима-1»АЭСиндеири авария болгон. Станциянын аймагында радиациянын деңгээли нормалдуу көрсөткүчтөн 20 эсе көп болгон.[53].
14-март — Бахрейн өлкөсүндө көтөрүлүштөн улам Сауд Арабиясынан аскерлер жана БАЭнан 500 полициялык күчтөр жиберилген. [54].
Шайлоонун жыйынтыгна макул болбогон Кот-д’Ивуардын мурдагы президенти Лоран Гбагбону француз спецназы кармап, мыйзамдуу кандидат Алассан Уаттарга өткөрүп беришкен [64].
Минск шаарында метронун «Октябрьская» станциясында террордук акт болуп, анын жыйынтыгында 15 адам каза болду[65], 204 адам жаракат алды[66].
Time журналынын версиясы боюнча жыл адамы болуп — «Каршылык көрсөткөн» (2011-жылы дүйнөдө болуп өткөн каршылык акцияларынын анонимдүү катышуучусу, абстракттык түшүнүк)[69].
Ошондой эле караңыз: 2011 жылы каза болгондордун тизмеси
Физика боюнча — Сол Перлмуттер, Брайан Шмидт, Адам Рисс.
Химия боюнча — Дан Шехтман — «Квазикристаллдардын ачылышы үчүн».
Медицина жана физиология боюнча — Жюль Хоффман, Брюс Бётлер — «тубаса иммунитеттин активдештирүүнү изилдөө иштери үчүн».
Адабият боюнча — Томас Транстрёмер — «анын бизге чындыкка жаңыланган көз караш тартылоочу кыска образдары үчүн».
Тынчтык үчүн — Элен Джонсон-Серлиф, Лейма Гбови, Тавакуль Карман — «Тынчтыкты сактоо процесстерге аялдардын катышуусун коопсуз кылуу үчүн жүргүзгөн зордуксузх күрөштөрү үчүн».