Абу-Даби (эмирлик)
From Wikipedia, the free encyclopedia
From Wikipedia, the free encyclopedia
Абу-Да́би — (ар. إمارة أبو ظبي) — Бириккен Араб Эмирликтериндеги эң ири эмирлик.
Абу-Даби эмирлигинин аймагы XX кылымдын орто чендеринен тартып Британиянын протектораты болгон Келишимдик Омандын курамында болгон.
1961-жылы Абу-Даби эмирлиги британиялык чиновник башында турган көз карандысыз административдик бирдик статусун алган. 1971-жылдан тартып - БАЭнин курамындагы эмирлик[1].
Абу-Даби статистикалык борборунун маалыматы боюнча[2], 2016-жылы эмирликтин калкынын болдолду саны 2 908 173 адамды түзгөн (1 857 618 эркектер жана 1 050 555 аялдар). Калкынын 551 535 адамы БАЭнин жарандары жана 2 356 638 адамы чет элдиктер.
2010-2016-жылдар аралыгында калктын орточо жылдык өсүү темпи 5,6% түзгөн[2].
Түштүк-чыгыштан Дубай жана Шаржа эмирликтери, чыгышта Оман, түштүк-батышта Сауд Арабстан. Түндүгүнөн болсо көптөгөн майда аралдары менен Перс кумасы менен чектешет.
Абу-Даби өлкөнү, болжол менен 70 % ИДП менен касыздап турат.
Ал-Айн шаары — эмирликтеги, калкынын саны боюнча экинчи орунда.
Климаты чөлдүү, максималдык температурасы 2008-жылдын кулжа айында байкалган, +51,4°С[3] жеткен.
1958-жылга чейин эмирликтин негизги соода тармагы болуп бермет экспорту саналган.
Мунай кендери табылгандан бери Абу-Даби күнүгө 3,5 миллион баррель чийки мунай жана 10,5 миллиард куб жаратылыш газын өндүрөт[4].
Эмирлик ошондой эле дүйнөлүк альтернативдик жана кайра жаралуучу энергия тармагында пионерлерден болуп саналат. Эмирликтин Нур аймагында дүйнөдөгү эң чоң күн нурунан энергия алуу талаасы жана араб дүйнөсүндөгү биринчи атомдук энергетикалык ишканасы - Барака атомдук энергия комбинаты жайгашкан.
Абу-Даби эмирлиги 2030-жылга чейин энергияга болгон муктаждыгынын 50% камсыз кылууда, кайра жаралуучу (калыбына келүүчү) энергиянын булактарына таянууну пландаштырууда.
Абу-Даби шаарында Global Market (ADGM) эл аралык соода борбору жана коптогон фондулук биржалар жайгашкан[4].
Абу-Даби дүйнөлүк деңгээлдеги спорттук иш-чаралардын борбору, мисалы: Абу-Даби Гольф чемпионаты, абройлуу Abu Dhabi Desert Challenge раллиси жана Формула 1 Абу-Даби Гран-приси.
Шейх Заид улуттук музейи[5], Гуггенхайм Абу-Даби музейи[6] жана Абу-Даби Лувру[7] сыяктуу дүйнөдөгү эң ири маданий мекемелер жайгашкан .
Эмирликтин түштүгүндөгү атактуу Либа оазисинде, Жебел Хафит тоо этектериндеги Аль-Айн аттуу бакча-шаарында бир нече тарыхый мурасий эстеликтер жайгашкан[8].
Абу-Дабини 2022-жылдын 14-майынан бери БАЭнин президенти болгон шейх Мохамед бин Заид Аль Нахайян башкарат.,
Башкаруучу Аль Нахайян үй-бүлөсү Аль-Бу Фалах деп аталган Бани Яс уруусунун бир бөлүгүнөн тарайт. Алар алгач Либа оазисинде отурукташкан жана 1793-жылы Абу-Дабинин аймагына келип отурукташып калган.
Абу-Даби эмирлигинде атайын Аткаруу кеңеши бар - бул кеңеш министирликтер сыяктуу иш алып барат.
Эмирликтин негизги урууларынын өкүлдөрүнөн турган, 60 мүчөлүү Улуттук консультациялык кеңеш да иштейт
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.