Раззаков (шаар)
Лейлек районундагы шаар жана райондун акимий борбору / From Wikipedia, the free encyclopedia
Раззаков (мурдагы: Исфана, ага чейин Ыспана чеби, Моңол Баскан) — Кыргызстандын Баткен облусундагы райондук маанидеги шаар. Лейлек районунун административдик борбору.
Шаар
Раззаков
Викиказына түрмөгүндө: Раззаков |
Облустун борбору ― Баткен шаарынан 100км батыш, Пролетарск темир жол бекетинен (Тажикстан) 45км түшүк тарапта, Кара суу өзөнүнүн боюнда, деңиз деңгээлинен 1300м. бийиктикте жайгашкан. Калкы 28 миң (2010).
Шаардын курамына Ак-Булак, Голбо, Мырзапача, Тайлан, Самат жана Чимген кыштактары кирет. Шаардык өкмөттүн жалпы аянты 227 миң гадай (2002); алардын ичинен айдоого жарактуу жери 6,6 миң га сугат жер 1,2 миң га, кайрак жер 5,4 миң га.
Исфанада 2002-жылы түрдүү менчиктерге таандык 54 ишкана, мекеме жана уюмдар иштеген. Калкы негизинен дыйканчылыкта тамеки, жашылча жана мөмө-жемиштерди өстүрүүдө, мал чарбасында кой, эчки багууда эмгектенишет.
Шаарда жалпы билим берүүчү 13 мектеп (алардын ичинен 4 орто мектеп, 2 гимназия), 2 бала бакча,1 кесиптик-техникалык лицей, 1 жогорку окуу жайдын филиалы, маданият үйү, 2 клуб, 4 китепкана, тарых жана аймак таануу музейи, мейманкана, райондук оорукана, санитардык-эпидемиологиялык станция, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 4 медпункт бар.