From Wikipedia, the free encyclopedia
Мейманкана, конок үйү – калктуу конуштарда адамдар убактылуу жашаган мүлк комплекси, мекеме. Ал түрдүү (мотель, отель ж. б.) кызмат аткарат. Алгачкы мейманканалар байыркы мезгилде пайда болуп, ири соода жолдорунда (мисалы, Улуу Жибек жолундагы Таш-Рабат кербен сарайы), диний зыярат жайларында (Меке, Рим ж. б.) жол тоомдорунда салынган. Коомдун өнүгүшү менен жер кезерлер менен саякатчылардын көбөйүшүнөн мейманканага кардарлар кескин өскөн. Мунун натыйжасында бүгүнкү күндүн талабына ылайык ар кандай тейлөө кызматы (эмереги менен өзүнчө бөлмө, коридор, жалпы холл, ресторан, бассейн ж. б.) бар. Мейманканалар (отелдер) пайда болгон. Алар кардарларды тартуу үчүн ар кандай шарттары бар жылдыз белгилери (1ден 5ке чейин) менен белгиленип бөлүнөт. Кыргызстанда 5 жылдыздуу эң жогорку тейлөөсү менен «Хаят», «Ак-Кеме» ж. б. мейманканалар бар.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.