Тажиктер
From Wikipedia, the free encyclopedia
Тажиктер – иран эли, Тажикстандын жергиликтүү калкы. Афганстан (8 000 000), Өзбекстан (1 165 713), Пакистан(1 000 000), Россия (200 303), Кыргызстан (46 105), Казахстан (36 277), Украина (4 255), Беларус (871) жана Латвияда (123) да жашашат. Жалпы саны 20 млн киши, анын ичинде Тажикстанда 6 373 800 (2010). Тажик жана дар тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – ислам-сунниттер. Тажиктердин этностук негизин согдийлер, бактрийлер жана чыгыш-иран элдери түзөт. Негизги кесиби – дыйканчылык, мал чарбачылык жана кол өнөрчүлүк. Эркектердин салттуу кийими – туника сымал көйнөк, кенен ыштан, шырыма чапан; белине жоолук кур курчанат, башына саймаланган топу (каллапуш) кийип же чалма оронот. Аялдары саймаланган туника сымал түстүү көйнөк, ыштан кийип, башына төрт кырдуу, саймаланган топу же жоолук салынып, кооздуктарды (негизинен күмүш) тагынышат. Тамак-ашы – дан, эт, сүт азыктары жана жер-жемиш, жашылчалар. Суусундукка көк чай ичишет.