Ош облусу
Кыргызстандагы облус / From Wikipedia, the free encyclopedia
Ош облусу ― Кыргызстандагы ири административдик-аймактык бирдик. Кыргыз Республикасынын түштүгүндө жайгашкан. Түндүгүнөн Жалал-Абад Сузак р-ну, түн.-батышынан Өзбекстан, батышынан Баткен облусу, түштүгүнөн Тажикстан, түнд-чыгышынан жана чыгышынан Нарын облусу, Кытай менен чектешет. Ош облусу 1939-ж. 21-ноябрда уюшулган.1959-ж. 27-январда Жалал-Абад облусу менен биригип, 1990-ж. 14-декабрда кайра эки облуска – Ош жана Жалал-Абад облустарына ажыраган. 1999-ж. Ош облусунун курамынан Баткен облусу бөлүнгөн. Облус 7 районго (Алай, Араван, Каракулжа, Карасуу, Ноокат, Өзгөн, Чоң Алай), 3 шаарга (а. и. Ош шаары облуска, Карасуу, Өзгөн районго баш ийет), 2 шаарчага (Найман, Сарыташ), 82 айыл өкмөтүнө, 469 айылга бөлүнөт. Аянты 29,2 миң км2. Калкы 1247,3 миң (2003).
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Административдик борбор | |
Б.ири шаары | |
Башчысы |
Зиядин Жамалдинов |
Расмий тили | |
Калкы |
1 114000 |
Жыштыгы |
38,73 адам/км² |
Улуттук курамы | |
Коду ISO 3166-2 |
KG-O |
Расмий сайты | |
Борбору – Ош шаары.