![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/5/55/Kyrgyzstan_Kara-Kulja_Raion.png/640px-Kyrgyzstan_Kara-Kulja_Raion.png&w=640&q=50)
Кара-Кулжа району
From Wikipedia, the free encyclopedia
Кара-Кулжа району — Ош облусундагы административдик бирдик. Түндүк жана түндүк-батышынан Өзгөн, чыгышынан Нарын облусунун Ат-Башы, батышынан Алай райондору, түштүгүнөн Кытай менен чектешет. Район 1937-жылы уюшулган. Аянты 5,7 миң км2 (Ош облусунун аймагынын 19,6%и). Калкы 99 536 [1] киши (2020). Ооданда 11 айыл өкмөтү, 43 кыштак бар. Борбору — Кара-Кулжа кыштагы. Жери негизинен тоолуу, Кара-Кулжа жана Тар сууларынын алабынан орун алган. Эң бийик жери 4900 м (Үч-Сейит массивинде), эң жапызы —780 м. Райондун аймагында Фергана тоо тизмегинин чыгыш тармактары (Үч-Сейит, Тасырак-Сай ж. б.), Академик Адышев, Алайкуу кырка тоолору, Алай-Куу, Кара-Кулжа, Кулун, Капчыгай, Ажыке өрөөндөрү жайгашкан. Табигый ресурстарынан Кара-Кулжа, Кулун, Терек жана башка минералдуу суулары, курулуш материалдардын кендери бар.
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Административдик борбор | |
Расмий тили | |
Калкы |
99 536[1] |
Деңиз денгээлинен бийиктиги • Бийик чекити • Эң төмөнкү чекити | |
Телефон коду |
+996 |