![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/5/50/Nooqat_from_the_north.jpg/640px-Nooqat_from_the_north.jpg&w=640&q=50)
Ноокат району
From Wikipedia, the free encyclopedia
Ноокат району –Түштүк-батыш Кыргызстандын Ош облусундагы район. Борбору- Ноокат шаары. [2]. Ош облусундагы администрациялык-аймактык бирдик. Түндүк-батышынан– Өзбекстан, түндүгүнөн Араван, чыгышынан Кара-Суу, батышынан Баткен облусунун Кадамжай, түштүгүнөн Алай жана Чоң- Алай райондору менен чектешет. Аянты -4,04 миң км2 (облустун аймагынын 13,9%). Калкы- 302 481 (2021)[1]. Район 15 айыл өкмөтүнө бөлүнөт. Борбору – Ноокат шаары. Район 1928-жылы 24-декабрда уюшулган. Райондун рельефинде адырлуу тоо этектери жана тоо аралык депрессиялар басымдуу. Аймагында Ноокат өрөөнү (деңиз деңгээл бийиктиги 1200–1700 м) жана ага туташ адырлар, Кичи- Алай кырка тоосу (4454 м), Кичи Алай өрөөнү (1200–2800 м), Караван түздүгү (Караван-Көк-Жар) жатат. Көмүр (Абшыр, Алмалык, Бешбуркан кендери), курулуш материалдарынын кендери бар. Климаты континенттик. Жайы -ысык, кургак;кышы -мелүүн суук, кар аз түшөт. Ноокат өрөөнүндө январдын орточо температурасы – 2,6°С, июлдуку – 24,4°С, Кичи -Алай өрөөнүндө январдыкы – 6,9°С, июлдуку –15,5°С. Жаан-чачындын жылдык орто өлчөмү– 270-300 мм. Ири суулары: Кыргыз-Ата, Абшырсай, Акбуура, Кичи Алай, Косчан, Шаңкол, Чечме, Чилисай. Суулары сугатка кеңири пайдаланылат. Найман суу сактагычы курулган. Каралжын боз, күрөң, кара күрөң (тоо капталдарында), шалбаалуу тоо топурактары басымдуу. Деңиз деңг. 1200– 1500 м бийиктикте эфемер-шыбактуу талаа, андан жогору (500–1800 м) ак кылкан шыбактуу талаа, дан өсүмдүк шыбактуу талаа (1800–2200 м), арчалуу шалбаа (2000–2800 м), субальп, альп шалбаалуу талаасы (2800–3400 м) жана гляциалдык-нивалдык алкактары бар.
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Административдик борбор | |
Расмий тили | |
Калкы |
302 481[1] |
Деңиз денгээлинен бийиктиги • Бийик чекити • Эң төмөнкү чекити | |
Расмий сайты | |