Арчалы, суу
From Wikipedia, the free encyclopedia
Арчалы, суу - Ички Теңир-Тоодогу суу, Кичи Нарын суусунун сол куймасы. Нарын районунун аймагында. Узундугу 47 км, алабынын аянты 376 км2. Жетим кырка тоосунун түндүк капталындагы аты окшош мөңгүдөн агып чыгып, кууш капчыгай аркылуу шар агат. 15 тен ашык куймасы бар. Ирилери: Төлөк, Күрмөнтү, Кызылкиндик, Шор-Төр, Эгиз-Төр, Кара-Төр (сол), Борду, Туюк Кызыл-Суу, Өрттөнгөн-Төр, Тоюн (оң). Алабында жалпы аянты 57,2 км2 келген 56 мөңгү бар. Жылдык орточо чыгымы 4,1 м3/сек, май-июнда кирип, сентябрда тартыла баштайт.
Ыкчам фактылар Арчалы, Мүнөздөмө ...
Арчалы | |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 47 км |
бассейндин аянты | 376 км² |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Кыргызстан |
Жабуу