Ички Теңир-Тоо
From Wikipedia, the free encyclopedia
Ички Теңир-Тоо – түндүгүнөн Кыргыз Ала-Тоосу, түштүгүнөн Какшаал тоо тизмеги, чыгышынан Сары-Жаз, Нарын дарыясынын суу бөлгүчү, батышынан Фергана тоо тизмеги менен чектелген кеңири аймак (провинция); татаал орографиялык түзүлүштө тизмектешкен кырка тоолор, тоо аралык узата созулган ойдуңдар, өрөөндөр менен алмашып жайгашат. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3100 м, аянты 50 миң км2ден ашык, анын 92%ке жакыны Нарын дарыясынын алабында жайгашкан. Рельефине бийик жана өтө тилмеленген ар түрдүү формалары бар кырка тоолор, татаал түзүлүштөгү тоо аралык ойдуңдар менен өрөөндөр мүнөздүү. Булардын көбү кеңдик жана ага жакын багытта созулуп жатат. Кырка тоолор 4000–4500 мге чейин көтөрүлүү менен айрым бөлүктөрүндө дого сымал ийилип, бири-бири менен туташып, жүздөгөн кмге созулат.
Бул тоо системаларга түндүгүнөн Кыргыз Ала-Тоосу, андан түштүгүрөөктө Тескей Ала-Тоонун батыш уландысы Үкөк, Карагатты, Баба-Ата тоолору, Жумгал, Суусамыр кырка тоолору, андан түштүгүрөөктө Жетим-Бел, Капка-Таш, Байдулу, Соңкөл, Кабак кырка тоолору, Суусамыр кырка тоосунун түштүк-чыгыш айрыгына барып такалат. Алардан түштүктө Нарын дарыясынын оң жээгин бойлой Жетим-Тоо, Нура, Молдо-Тоо, Көк-Ирим тоо кыркалары чыгыштан батышка созулуп, батышта Фергана тоо тизмегине барып такалат. Андан түштүгүрөөктө Нарын-Тоо, Жаман-Даван, дагы түштүгүрөөктө Борколдой, Ат-Башы, Арпа тоолору чыгышта Ак-Шыйрак кырка тоосуна барып такалат. Эң түштүгүндө Какшаал тоо тизмеги аймактын түштүк чеги болуп, түштүк-батыш багытта 400 кмге созулат. Тоо аралык ойдуңдар менен өрөөндөр тоолорго караганда төмөнкү гипсометриялык деңгээлде (1000–3000 м) жатат. Алар бири-биринен обочо кырка тоолор менен бөлүнүп, формасы жана узун-туурасы ар түрдүү (узундугу 30–40 кмден 150–170 кмге чейин). Булардын эң ирилери Орто Нарын, Кочкор, Кетмен-Төбө, Суусамыр өрөөндөрү. Ички Теңир-Тоо аймагынын рельефине бийик тоолуу сырт мейкиндиктери (2800–3200 м) да мүнөздүү. Аларга байыркы денудациялык тегиздиктер бөксө тоолор, өрөөн менен чуңкурчактардын тамандары (Балгарт, Кара-Каман, Орто Сырт, Солтон-Сары, Соң-Көл, Суусамыр, Ак-Сай, Арпа сырттары) кирет. Сырттардагы басымдуулук кылган талаа (айрыкча бетегелүү талаа) менен субальп жана альп шалбаалуу талаалар жайыт катары пайдаланылат.
Аймак геологиялык түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча тектоникалык эки облуска Түндүк Теңир-Тоого (Түндүк бөлүгү төмөнкү палеозойдо каледон тектоникалык циклинде калыптанган) жана Ортоңку Теңир-Тоого (түштүк бөлүгү палеозойдун аягында герцин тектоникалык циклинин натыйжасында калыптанган) кирет. Түндүк Теңир-Тоонун тоолору негизинен палеозойдон мурунку жана төмөнкү палеозойлук кыйла метаморфизмделген тоо тектерден турат. Ортоңку Теңир-Тоонун тоолору негизинен ортоңку палеозойдогу деңиз чөгүндүлөрүнөн, ал эми аймактын өрөөндөрү палеоген-неогендин начар камдашкан континенттик, континенттик-деңиздик (туз-гипстүү формациялары менен) калың (3000–4500 м) катмарынан жана төртүнчүлүк мезгилдин түрдүү генезистик типтеги борпоң тектеринен турат. Палеоген-неогендин жана төртүнчүлүк мезгилдин тоо тектери тоо этегиндеги адырлардын өтө тилмеленген чаптуу рельефин түзөт. Андай адырлуу-чаптуу рельеф Ички Теңир-Тоодогу тоо аралык ойдуңдардын чет-жакаларына өтө мүнөздүү.