From Wikipedia, the free encyclopedia
Дарыя алабы, суу топтоо бассейни — дарыя жана анын куймаларынын суулары жыйналган жер бетинин бөлүгү. Дарыя суусун жыйноочу кургактыктын бети алаптын суу топтоочу аянты деп аталат. Дарыя алабы жер үстүндөгү жана жер астындагы суу топтоочу аянттардан турат. Жер астындагы алаптын аянтын аныктоо кыйын болгондуктан, дарыя алабынын өлчөмү катары жер үстүндөгү аянт гана алынат. Танапташ жаткан дарыя алабынын чеги атмосфералык жаан-чачынды алардын өрөөндөрүнүн капталдарына карай каршы эки багытка бөлгөн суу бөлгүч кырлар аркылуу өтөт. Дарыя алабынын формасы жана аянты суу жыйналуучу жердин географиялык абалы менен рельефине, геологиялык түзүлүшүнө карата ар түрдүү болот.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.