From Wikipedia, the free encyclopedia
Instagram — мобилдик түзмөккө, иш такта компүтерине жана интернетке негизделген сүрөт бөлүшүү колдонмосу. Кызмат колдонуучуларга сүрөт жана видеолорду ачык эле же жекече бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн берет. Ал Кевин Систром (Kevin Systrom) жана Майк Кригер (Mike Krieger) тарабынан жарык көргөн, ал эми 2010-жылы октябрда iOS операциондук системдери үчүн гана акысыз мобилдик колдонмо катары колдонууга берилген. Android түзмөктөр үчүн нускасы эки жыл өткөндөн кийин, 2012-жылдын апрелинде жарыкка чыккан. Анын артынан 2012-жылы ноябрда өзгөчөлүктөрү чектелген вебсайт интерфейси пайда болгон. Ал эми Windows 10 Mobile жана Windows 10 үчүн колдонмолор тиешелүүлүгүнө жараша 2016-жылы апрелде жана 2016-жылы октябрда чыккан.
Тип |
фототиркеме |
---|---|
Түзүүчү |
Instagram, Inc. |
Операциялык система | |
Интерфейс тили |
англис, кытай, француз, немис, итальян, жапон, корей, португал, испан жана орус тилдеринде |
Биринчи чыгарылышы |
2010 жылдын, Тогуздун айынын 6да |
Акыркы үлгүсү |
Android 3.5.3[1] (2013 жыл 7 май) |
Лицензия |
Freeware |
Сайты |
Instagram катталган колдонуучуларга кызматка сүрөттөрдү же видеолорду жүктөө мүмкүнчүлүгүн берет. Колдонуучулар өздөрүнүн сүрөттөрүнө ар кандай санарип чыпкаларды колдонуп, геотегдер аркылуу турган жерин кошо алышат. Алар өз постторуна хештегдерди кошсо болот, муну менен ошол сүрөттү окшош теманы чагылдырган Instagram'дагы башка мазмун менен байланыштырышат. Колдонуучулар өз баракчаларын башка коомдук медиа профилдерине дагы туташтыра алышат. Бул сүрөттөрдү ошол профилдерге да бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн берет. Башында Instagram'ды айырмалап турган өзгөчөлүгү -- сүрөттөрдү чарчынын ичине калыпка салчу; бул 2015-жылы августта өзгөртүлүп, жаңы нускасында колдонуучулар медианы толук өлчөмдө жүктөй алып калышкан. 2012-жылдын июнунда "Изилдөө" терезеси жарыкка чыккан. Ал колдонуучуларга медианын ар кандай түрүн көрсөткөн, анын ичинде популярдуу сүрөттөр, жакын арада тартылган фотосүрөттөр, тренд болуп аткан тегдер жана жерлер, сунушталган видеолор үчүн каналдар менен тандалган мазмун болгон. Видеолорду колдоо алгач 2013-жылы июнда башталып, максимум 15 секундалык убакыт коюлган жана сапаты чектелген. Instagram кийинчерээк кенен экран жана узак видеолорду колдой баштаган.
2012 жылдын апрель айында Instagram Facebook компаниясы аркылуу сатылып алынган. Сатып алынган так баасы накталай 300 миллион долларды жана компаниянын 23 миллион акциясы менен түзүлдү[3].