From Wikipedia, the free encyclopedia
Facebook — дүйнө жүзүнө кеңири таралган ири тармак болуп эсептелет.2004-жылы Марк Цукерберг тарабынан негизделген.
Натыйжада ушул сайт аркылуу Марк Цукерберг 23 жашында планетабыздын эң жаш миллиардери болгон.
Эң биринчи бул веб-сайт "The Facebook" деп аталып, сайтты бир гана Гарварддык университеттин студенттери колдоно алышкан. Катталууну Бостондун башка университеттерине ачып, андан соң АКШнын бардык окуу жайларынын студенттерине жеткен.
2006-жылдын сентябрь айынан баштап бардык Интернет колдонуучулардын 13 жаштан өйдө, электрондук почталары болгон интернет колдонуучуларга жете баштаган.
URL: | facebook.com |
---|---|
Коммерциялыкпы? | Ооба |
Сайттын түрү | Социалдык тармак |
Катталуу | Бекер |
Жеткиликтүү тилдер | Мультитилдүү |
Ээси |
Марк Цукерберг — генералдык директор (CEO) Шерил Сэндберг — аткарууч директор (COO) Дэвид Эберсман — каржы директор (CFO) |
Түзгөн | Марк Цукерберг, Эдуардо Саверин, Дастин Московиц, Крис Хьюз |
Ачылган күнү | 4 февраль 2004 жыл |
Кирешеси | ▲ $1,0 млрд (2011) |
Сервердин жайгашкан жери | АКШ: Пало-Альто, Калифорния штаты |
Азыркы абалы | Иштеп атат |
Азыркы учурда(2012-ж 4-октябрь) аны дүйнө жүзү боюнча колдонгондордун саны 1 млрд адамдан ашты.Март айында (2012) суткасына 526 млн адам кирип, 500 млн адам айына уюлдук телефондон кире алган.Күн сайын бул тармакта 3,2 миллиард колдонуучу "мага жакты",ой-пикирин билдирип (комментарий) жана 300 миллион сүрөттү жарыялашат.2011-жылы октябрь айына карата күн сайын кирип туруучу колдонуучулардын саны 750млн ал эми сайттын барагын кароочулардын саны 1 триллионду түзгөн. Бул тармак өзүнүн жасалгаланышы жагынан жөнөкөйлүгү (минимализм), аткаруучу милдеттеринин ар тараптуулугу жана аз жарнамаланышы менен башка тармактардан айырмаланып турат.
Башка социалдык тармактар үчүн жарнамалар көбүрөөк жарыяланып турса, Фейсбукта жарнама минимум денгээлге жеткирилген.
Facebook - бул дүйнөдөгү эң ири социалдык тармак.