Android
From Wikipedia, the free encyclopedia
Android — Google тарабынан иштелип чыккан мобилдик операциялык система. Өзгөртүлгөн Linux өзөгүнүн жана баштапкы коду ачык программалык камсыздоонун нускасынын негизинде түзүлгөн, жана негизинен смартфон жана планшеттер сыяктуу сенсордук экраны бар мобилдик түзмөктөр үчүн жасалган. Алгач Android Inc. компаниясы тарабынан жасалып жана иштетип атышкан, кийинчерээк аны Google сатып алган. Натыйжасында Google Open Handset Alliance (OHA) альянсын түзүүнү демилге кылып чыккан, азыр да алар платформанын колдоо жана өнүктүрүү маселесинин үстүндө иштеп келе атышат. Android - Google китепканасы аркылуу түзүлгөн Java application жаcаганга мүмкүнчүлүк берип, түзмөк аркылуу башкарылат. Android Native Development Kit аркылуу Си жана башка тилдер аркылуу тиркеме жазаса болот.
| |
Иштеп чыгуучу |
Google, Open Handset Alliance |
---|---|
Жазылган тили | Java, C++, C |
ОС бүлөсү | Unix-сымалдуу |
Иштөө абалы | Азыркы |
Баштапкы код модели | Ачык баштапкы код (түзмөктөрдүн көбүнчөсү Google Play сыяктуу проприетардык программалык камсыздоолорду камтыйт) |
Биринчи чыгарылышы | 23-сентябрь 2008-ж; 15 жыл мурун (2008-09-23) |
Акыркы стабилдүү чыгарылышы | 8.1.0 "Oreo"/ 5-декабрь 2017-ж; 6 жыл мурун (2017-12-05) |
Акыркы сыноодогу чыгарылышы | Android P/ 7-март 2018-ж; 6 жыл мурун (2018-03-07) |
Базардык багыты | Смартфондор, планшеттер, smartTV (Android TV), Android Auto жана акылдуу сааттар (Wear OS) |
Тилдердин саны | 100+ |
Пакет тейлегичи | APK (негизинен Google Play аркылуу; APK аркылуу жергиликтүү же F-Droid сыяктуу жерлерден орнотуу мүмкүн) |
Платформалар | 32- жана 64-бит ARM, x86 жана x86-64 |
Өзөк түрү | Монолиттик (өзгөртүлгөн Linux өзөгү) |
Колдонуучу интерфейси | Графикалык (мультитач) |
Лицензиясы |
Apache License 2.0 GNU GPL v2 - Linux өзөгүнүн өзгөрүүлөрү үчүн |
Сайты | www.android.com |
2012 жылдын экинчи кварталында 64,1 % ээлеп, Android смартфондор базарында алдыга чыкты. Мындан аркы өнүгүшү да белгиленүүдө - Androidдин коммунникаторлорлорду тапшыруу үлүшү 70% жакындап калды. Экинчи кварталдын жыйынтыгында дүйнө жүзү боюнча 104,8 млн даана мындай смартфондор иш жүзүнө ашкан же баардык көлөмдүн 68,1 %[1].
- Android смартофондордо колдонулуп келет.