Android Auto
From Wikipedia, the free encyclopedia
Android Auto — Google тарабынан иштелип чыккан инфраструктура. Анын жардамы менен Android түзмөктөгү Android Auto мобилдик колдонмону иштетип, унаанын ичинде пайдаланган учурда колдонуучу интерфейсин камсыздаганга болот. Көбүнесе ал унаанын ичиндеги Android Auto баш түзмөгүнө туташтыргандан кийин колдонулат. Коопсуз айдоо үчүн кол менен башкарбай эле үн буйругу аркылуу колдонуу сунушталса дагы, сенсордук экран жана баскыч менен башкарылган баш түзмөк экөө тең колдоого алынган. Анын функциясы GPS картанын/багыттоонун, музыка ойнотуунун, SMS'тин, телефон колдонуунун жана интернетте издөөнүн үстүнөн башкаруу мүмкүнчүлүгүн сунуш кылат.
Android Auto 2014-жылы жарыяланган Open Automotive Alliance биримдигинин бир бөлүгү болуп саналат. Ал 28 автомобил өндүрүүчү компания менен мобилдик технология камсыздоочу Nvidia компаниясынын биргелешкен аракети. Android Auto Google'дын I/O 2014 конференциясында жарыяланып, Android Auto колдонмосу 2015-жылдын 19-мартында жарык көргөн.