Чыгыш жарым шар
From Wikipedia, the free encyclopedia
Чыгыш жарым шар — Гринвич меридианынын чыгышында жана 180-меридиандын батышында жайгашкан Жердин жарым шары[1]. Чыгыш жарым шардын меридиандары чыгыш узундугу деп белгиленет. Чыгыш жарым шарга Гринвич меридианынын чыгыш тарабында жайгашкан Евразиянын бөлүгү (Чукча жарым аралынын бир аймагынан сырткары), Африканын, Антарктиданын көпчүлүк бөлүгү, Австралия толугу менен, Атлантика, Тынч, Түштүк океандарынын бир бөлүгү кирет[2][3].