Чукча жарым аралы
From Wikipedia, the free encyclopedia
Чукча жарым аралы, Чукотка Азиянын түндүк-чыгышында.
Магадан облусунун аймагында. Аянты 49 мин км2. Чукча деңизи, Беринг кысыгы, Беринг деңизинин Анадырь булуңу менен чулганат. Жээктери булуң-буйткалуу: түндүгүндө Колючи колтугу, түштүк-чыгышында Мечигмен түштүк-батышында Крест булуңу жайгашкан. Түндүк-чыгыш чети - Дежнёв тумшугу деп аталат. Жарым аралдын көп бөлүгүн Чукча тайпак тоосу ээлейт.