![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/7/7a/Shahadah-1.svg/langky-640px-Shahadah-1.svg.png&w=640&q=50)
Хадис
From Wikipedia, the free encyclopedia
«Хади́с» (арабча: الحديث «сөз»)— Мухаммед пайгамбардын (САВ﴾ﷺ﴿) санат сөздөрү («кауль»), жактыруулары (макул табуулары) жана тыюлары, көрүнүшү («васфи») же кылган иш-аракеттери («филь»). Хадистер Сахабалардын жардамы менен айтылып, сакталып келген.
Хадистерди колдонуу Мухаммед пайгамбардын﴾ﷺ﴿ убагында эле башталган. Ар бир хадис бири-бирине айтып жеткирген адамдардын үзгүлтүксүз чынжырчасынан - иснаддан турушу керек. Башкача айтканда жеткирүүгө катышкан, эң биринчи уккан адамдан баштап бардык инсандардын тизмеси. Бирок хадистин шексиздиги, ырас экендиги (чын эле пайгамбар ушинтип айтканбы, же башка адамдар ойлоп чыгарганбы) үчүн үзгүлтүксүз иснад зарыл болгону менен, хадисти чындыкка чыгаруу үчүн жетишсиз болгон. Жеткирүүчүлөрдүн толук тизмеси түзүлгөн соң, айтып берген адамдардын өмүр баяны изилденген. Эгер, кайсы бир айтып берүүчүнүн начар эс-тутуму, психикалык жактан токтоо эместиги, же жөн гана чынчыл эместиги билинсе, анда ал адам – начар жеткирүүчү катары саналып, айтылган хадис шектүү болуп саналган. Хадистер аныгы жагынан шексиз (сахих), жакшы (хасан), начар, шектүү жана ойлоп чыгарылган (башка адам атайы ойлоп чыгарып, пайгамбар айткан деп жайылтуу, калп) болуп бөлүнгөн.
Хадистер жөн гана насаат болуп тим болбойт. Мухаммед пайгамбар, ким пайгамбар айтпаганды айтты деп жалаа жаап, пайгамбардын атынан айтса ал тозоктон орун алат деп айткан. Пайгамбардын бул сөзү кудайга баш ийүүчүлөргө катуу таасир эткен. Хадистердин маңызы - Куранда жазылгандарды кененирээк, түшүнүктүүрөк кылып ачып берүү. Мисалы, Куранда намаз окуу буйрулган. Ал эми хадис намазды кандайча окуу керектигин түшүндүрөт.
Мухаммед пайгамбардын﴾ﷺ﴿ сахабаларыны бири Абу Хурайра 5354 хадис айтып берген.
Белгилүү, беделдүү хадис жыйноочулардын бири – имам Мухаммад ибн Исмаил аль-Бухари (810—870). Ал 700 миңдин тегерегинде хадис жыйнап, алардын 7400 гана «аль-Джами' ас-Сахих» жыйнагына киргизген. Бул бардык хадистердин 1% ашыгыраагын гана түзөт. Ал эми калган хадистерин шектүү же начар хадис деп санаган.
Эң көлөмдүү жыйнактардын бири 40 миң хадис камтыган имам Ахмад ибн Ханбалдын «аль-Муснад» жыйнагы (Ибн Ханбал 1 миллионго жакын хадис жыйнаган).
Ислам динине байланыштуу макалалар Ислам тарыхы |
Ыйман |
Келме • Периштелер • Ыйык китептер • Пайгамбарлар • Акырет • Тагдыр |
Ислам негиздери |
Китептери жана мыйзамдары |
Тарых жана ислам өкүлдөрү |
Мухаммед пайгамбар (﴾ﷺ﴿) • |
Мусулман түшүнүктөрү |
Коомдогу орду |
Ислам таануу • Илим |
Кошумча караңыз |
Ислам порталы • Глоссарий |