From Wikipedia, the free encyclopedia
Даарат (арабча: طهارة - тазалануу) - таза суу менен колду чыканак менен бирге, бетти, томук (кызыл ашык) менен кошо бутту жуу жана башка масх тартуу түрүндө жүзөгө ашкан өзгөчө тазалык.
Ислам тарыхы |
Ыйман |
Келме • Периштелер • Ыйык китептер • Пайгамбарлар • Акырет • Тагдыр |
Ислам негиздери |
Китептери жана мыйзамдары |
Тарых жана ислам өкүлдөрү |
Мухаммед пайгамбар (﴾ﷺ﴿) • |
Мусулман түшүнүктөрү |
Коомдогу орду |
Ислам таануу • Илим |
Кошумча караңыз |
Ислам порталы • Глоссарий |
Маида сүрөсүнүн 6-аятында намазга тураардан мурун даарат алуу зарылчылыгы
тууралуу төмөнкчө буюрулат: «О, ыйман келтиргендер! Намазга турганыңарда жүзүңөрдү жана колуңарды чыканакка чейин жуугула, башыңарга масх тарткыла (т.а. сууланган ным колуңар менен сылагыла), бутуңарды томукка (кызыл ашыкка) чейин жуугула». (Маида сүрөсү, 5/6). Азирети Мухаммад (саллаллааху алеихи ва саллам) Паигамбарыбыз да дааратсыз окулган намаздын жараксыз болгондугу жөнүндө бир топ куттуу хадистеринде аитып кеткен. Ислам аалымдары Куран менен Сүннөткө таянуу менен намаз окуу үчүн даарат алуу ар бир мусулман адамга парз болгондугун бир пикирден кабылдашкан.
Даарат – баарыдан мурда ар түрдүү материалдык жана рухании ыплас-кирлерден оолак болуу үчүн Ислам дини талап кылган өзгөчө мааниге ээ тазалык болуп эсептелет. Микроптордун көбөиүүсүнө өтө ыңгаилуу жер бул ооз. Ооздон баштап бети-колду жана бутту күндө беш маал жуунун өзү эле дин Исламдын тазалыкка берген маанисин айгинелеп турат. Ырас, даараттын негизги максаты – бул Аллага ибадат кылуу үчүн пенденин рухании жактан даярданышында жатат. Даарат алган адам өзгөчө руханий жактан өзүн таза жана сергек сезет. Ал мына ушундаи таза сезим менен Аллага ибадат
кылууга турат. Ибадат кылуу максатында жаралган адам баласы берегидеи тазалануу менен Аллага ибадат кылуудан алган рухии жаназыкты, беипилдикти сөз менен түшүндүрүү оголе оор.Даарат алуу менен эки дүинө бактысы талап кылган көптөгөн жакшылык артыкчылыктарга ээ болууга болот.
Ардактуу Мухаммад (саллаллааху алеихи ва саллам) Пайгамбарыбыз мындай дейт:
«Бир мусулман адам даарат алып жүзүн жууганда жүзү (менен) иштеген бардык күнөөлөрү, колу-бутун жууганда колу-буту менен кылган бардык катачылыктары суу тамчылары менен бирге агып кетет да, таптаза болот. А түгүл кирпиктери менен тырмактарынын түбүндөгү күнөөлөрдөн да эч нерсе калбаит. Даараттын адеп-шарттары менен даарат алып бүтүп, кыбылага карап: «Ашхаду ан лаа илааха иллаллаах, лаа шариика лаху. Ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва Расуулуху» деген адам үчүн
беииштин эшиктери ачылат. Ал адам каалаган эшигинен беиишке кирет». (Муслим, Тахарат, 32, 33; Тирмизи, Тахарат, 2)
Азирети Паигамбарыбыз (саллаллааху алеихи ва саллам) даиыма даарат менен жүрүүгө өзгөчө көңүл бөлө турган. Андыктан биз дагы Паигамбарыбыздын ак сүннөтүн аткарып ар даиым даарат менен жүрүүгө аракет кылуубуз абзел.
Даараттын парздары аятта көрсөтүлгөн. Даараттын парздарынан бири аткарылбаса, анда ал даарат жараксыз болуп эсептелет. Даараттын парздары төртөө.
Алар:
Бет: Чач чыккан жерден баштап ээктин астына чеиин жана кулактардын түбүнө чеиинки аралык бет болуп эсептелет. Сакал менен кулактын ортосундагы түксүз аралык да бетке кирет. Демек, ал жерди да жууш керек. Эгер сакал коюу болсо сакалды сылап койсо жетиштүү болот. Мындай учурда сакалдын астын (терини) жуу зарылчылыгы жок. Кол чыканак менен кошо жуулат. Манжада шакек болсо, анын алдын жууш керек. Бутту томук менен кошо жууш керек. Аятта «каабаин» деп эки томуктун аталышы бутту томук менен кошо жууга ишарат жасаит. Паигамбарыбыз(саллаллааху алеихи ва саллам) даарат алуу учрунда бутун кылдаттык менен жуубаган бир адамга: «эх-х, ошол тозок отунда азап тарта турган томуктарга...» деп эскертүү берген (Бухари, Вудуу, 27, 29; Муслим, Тахара, 25-28). Көптөгөн куттуу хадистерде Паигамбарыбыз даарат алганда даиыма бутун томуктары менен кошо жуугандыгы аитылат. Мына ошондуктан төрт укуктук агымдын (ахли сүннөт вал жамаат) аалымдары бутту жуу парз, ал эми жылаңайлак бутка масх тартуу жараксыз болгондугун бир ооздон кабылдашкан. Даарат алуу учурунда (жуулушу зарыл мүчөлөрдө) кургак жер калтырбоо кажет. Сууну териге өткөрбөи турган нерселер дааратка терс таасирин тийгизет. Бирок, кандаидыр бир үзүр-себептен улам сууну териге өткөзбөгөн нерселер дааратка зыян бербеит. Маселен, иштеген жумушунан улам даарат алуу учурунда сууну териге өктөрбөгөн нерселерди (м: боек) алгач мүмкүнчүлүктүн жетишинче кетирүүгө аракет кылуу кажет. Эгер териге жабышып калган боек толук кетпесе, ашкере кыиналуунун кажети жок. Буга малярларды (боекчулар), усталарды мисал келтирүүгө болот.
Даараттын парз-сүннөттөрүнүн дагы да толук болушу үчүн зарыл жагдайлар
«даараттын адептери» деп аталат. Даараттын негизги адептери төмөнкүлөр:
Даарат ала турган адам алгач даарат алууга ниет кылат. Андан соң «Бисмиллаахир-Рахмаанир-Рахиим» деп, эки колун билекке чеиин жууйт. Үч жолу оң колу менен менен оозуна суу алып чаикап, кайра түкүрөт. Андан кииин үч жолу оң колу менен мурунга суу алып, сол колу менен чимкирет. Кииин үч жолу бетин жууйт. Эгер сакалы болсо манжаларын сакалынын арасына киргизип, сакалын салаалаит. Алгач оң, андан кииин сол колун чыканактары менен кошо үч жолу жууит. Андан соң башына, кулактарына жана моинуна масх тартат. Сол колу менен бутун манжаларынын учтарынан баштап томукту кошо үч жолу жууит. Мында да алгач оң бут, анан сол бут жуулат. Бут манжаларынын салааларында кургак жер калбашы керек. Анүчүн бут манжаларынын салааларын жакшылап жуу зарыл. Даарат алып бүткөндөн кииин күбөлүк (шахадат) келмесин айтуу абзел.
Төмөнкү учурларда даарат бузулат:
Ошондой эле желдин чыгышы да дааратты бузат.
Дааратты жараксыз кылбаса да, орундуу болбогон (жакшы эмес) нерселер даараттын макрухтөрү болуп саналат. Аларды төмөнкүчө тизмелөөгө болот (булар «танзихан-жеңил» макирөөлөр):
Тигил же бул намаз убагынын аралыгында дааратты бузуучу нерселерден бири үзгүлтүксүз келип турса, анда ал адам үзүрлүү болуп эсептелет. Маселен, буга зааранын тез-тезден келиши, жаранын тез-тез канап турушу, аял кишиден аиыз (этек кири) жана нифас (төрөттөн кииин келе турган кан) абалдарынан сырткаркы учурларда токтобои келген суюктугу сыяктуу абалдарды мисал келтирүүгө болот. Мына ушундаи үзүрлүү адам тигил же бул намаздын убагы киргенде даарат алса, ошол намаздын убагы чыкканга чеиин даараттуу болуп эсептелет. Бул жерде эскерте кетчү жагдаи, ал адамдан үзүрүнөн (м: заарадан) сырткары дааратты буза турган нерселер чыга турган болсо, даарат бузулган болот.
Үзүрлүү адам даарат алган соң (намаз убагы чыкканга чеиин) каалаганынча парз, важип жана напил намаздарын окуса болот. Ошондои эле ал Каабаны таваф кыла да, Куранды колго алып кармаи да алат.
Намаз окуй турган адам даараты жок болсо даарат алышы парз. Ошондой эле тилават саждасына жыгыла турган адам үчүн даарат талап кылынат. Ыйык Куранды колго алып кармаи турган адам үчүн да даарат алуу парз болуп эсептелет.:
Каабаны таваф кылуу үчүн даарат алуу Имам Азам агымы боюнча, важип болуп эсептелет.:
Даиыма даарат менен жүрүү, Ошондой эле азан жана коомат аитуу үчүн да даарат алуу даараты болсо да, ар бир намаз үчүн өзүнчө даарат алуу мандуп болуп эсептелет.
Ыйлаганда, же күлгөн кезде көздөн чыккан жаш: Жарадан чыкпаган кан же ириң : Жаранын кургап калган кабыгынын түшүшү : Ооз толо болбогон аз кусунду: Чиркей, бит, бүргө сыяктуу майда жандыктардын чагышы: Эркек адам менен аялдын бири-бирине денелеринин тийиши дааратты бузбайт.: Тырмак алуу: Кырынуу (сакал-мурут алуу).: Жыныстык мүчөнү кармоо: Ооздо же мурунда калып калган уюган кандын түкүрөккө аралашып чыгышы.:
Абдуррахман Хачкалы (Фикх илиминин доктору) "Кыскача Ислам негиздери (Мухтасар Ислам илмихалы)" Published by Erkam Publications at Smashwords Copyright © 2011 by Osman Nuri Topbas
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.