Сулайман-Тоо
From Wikipedia, the free encyclopedia
Сулайман-Тоо — Кыргызстандын, Ош шаарындагы ыйык тоо. 2009-жылдын июнь айында Дүйнөлүк Мурастарына кирген биринчи мамлекеттеги эстелик[1]. Сулайман тоосу Ош шаарынын так ортосунда, Ак-Буура суусунун сол жээгинен орун алган. Узундугу – 3 км, туурасы – 1,5–2 км, деңиз деңгээлинен бийиктиги 1176 м. Салыштырмалуу бийиктиги 300–350 м. Сулайман-Тоо – улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплекс.Кээ бирөөлөр тоону чөгүп жаткан төөгө окшоштурушат. Сыйынуучулардын саны бир жылда 16-17 миң адамды түзөт. XVI кылымга чейин Сулайман-Тоо Баара-Кух деп аталганы маалым.Сулайман Тоо 2009 жылдын июнь айында ЮНЕСКОго катталган мемлекеттик биринчи эстелик
Сулайман-Тоо | |
Жалпы маалымат | |
Өлкө: | Кыргызстан |
Деңиз дэңгээлинен бийиктиги: | 1176 м. |
Узундугу: | 3км |
Туурасы | 1,5-2км |