Орусиядагы нааразычылык акциялары — 2021-жылдын 23-январында Орусиянын бир канча аймактарда болуп өткөн. Бул нерсеге "Коррупцияга каршы күрөшүү фонду" тарабынан каржыланган “Путин үчүн хансарай. Эң чоң пара жөнүндөгү окуя" документталдуу тасмасы ошондой эле оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын кармалышы жана анын камакка алынышы, аны менен бирге Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы коррупция жөнүндө айткандары себеп болгон. Би-Би-Си маалымдагандай, нааразычылык акциялары Орусиянын 196 шаарында жана чет өлкөлөрдүн 81 шаарында болгон[5].
Орусиянын Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурасы 23-январдагы макулдашылбаган митингдин уюштуруучулары жана катышуучулары жоопко тартыларын бир нече ирет эскерткен. Иш-чара провокация катары бааланары белгиленген. Муну менен катар Башкы прокуратура интернетке тарап жаткан митингге катышуу чакырыктарын өчүрүү талабын коюлган (буга мыйзам менен дагы тыюу салынган). Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков акцияга провокаторлор чакырып жатканын билдирип, алардын максаты баарына белгилүү экенин белгилеген.
22-январь күнү АКШнынОрусиядагы элчилиги 23-январда өтө турган макулдашылбаган акциялардын убактысын жана даректеринин тизмесин жарыялап, америкалыктарды ал жактарга барбоого чакырган. Орусия федерациясынын тышкы иштер мининстрлиги мындай аракеттер Орусиянын ички ишине кийлигишүү катары бааланарын билдирген. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова америкалык кесиптештери Смоленск аянтында жасаган ишине түшүндүрмө бериши керек болорун белгилеген.