From Wikipedia, the free encyclopedia
Челябинск – Россиядагы шаар (1787-жылдан). Челябинск облусунун адм. борбору.
Түштүк Уралдын чыгыш капталында, Миасс д-нын боюнда. Калкы 1,18 млн (2024). Ири жол тоому жана т. ж. түйүнү. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен курулууда. Ири өнөр жай борбору. Кара жана түстүү металлургия (металлургия, куур прокат, цинк өндүрүү заводдору, электр металлургия комбинаты), машина куруу жана металл иштетүү (заводдору: «Полёт», «Прибор», «Станкомат», «Теплоприбор»), курулуш материалдары, тамакаш, жеңил, жыгаччылык. өнөр жай ишканалары иштейт.
ГРЭС, ЖОЖдор (а. и. университет), театрлар (а. и. опера жана балет), музейлер (а. и. край таануу), сүрөт галереясы, тарыхый-маданий эстеликтер бар. Чеп катары 1736-ж. негизделген.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.