Веб-сервер
From Wikipedia, the free encyclopedia
Веб-сервер (англ. Web server) - бул клиенттерден, адатта веб-браузерлерден HTTP-сурамдарды кабыл алып жана аларга HTTP-жоопторду, адатта HTML-баракчалар менен бирге сүрөттөлүштөр, үндөр, файлдар же башка маалыматтарды берүүчү аппараттык (компьютер) же програмдык камсыздоо (компьютер програмы). Башкача айтканда сизге браузерди колдонуу менен бүткүл дүйнөлүк желеге саякат жасоого, азыр сиз көрүп жатканыңыздай веб-барактарды көрүүгө мүмкүндүк берген програм. Веб-серверлер - Бүткүл дүйнөлүк желенин негизи болуп эсептелет.
Веб-сервер деп анын иштөөсүн жүзөгө ашырган програмдык камсыздоону, ошондой эле тигил програмдык камсыздоо иштеп жаткан аппараттык жабдууну (комьютер) да атап коюшат. Анткени бул экөө тикеден-тике байланышта жана ажыратылгыс түрдө иштегенде гана клиенттердин сурамдарына жооп бере алышат. Бул болсо веб-серверлердин негизги милтети.
Көбүнчө клиент болуп саналган веб-браузер, ресурстарды алуу үчүн веб-серверге[1] URL-даректери менен туюнтулган сурамдарды жиберет. Ресуртар - бул клиентке керек болгон HTML-барактар, сүрөттөлүштөр, файлдар же ушул сыяктуу башка маалыматтар. Андан соң веб-сервер жооп иретинде, суралган маалыматтарды клиентке жиберет. Бул алмашуу HTTP протоколу боюнча жүргүзүлөт.