Браузер
From Wikipedia, the free encyclopedia
Браузер (англ. web browser, browser) — веб-сайттарды көрүү үчүн програмдык жабдуу (ПЖ), б.а. браузер Тармактан алынган веб-барактарды карап чыгуу жана иштетүү, бир барактан экинчисине өтүү үчүн кызмат кылат. Азыркы көпчүлүк веб-барактагычтар FTP-серверлеринен файлдарды жүктөй алышат.
Браузерлер Дүйнөлүк жөргөмүш желеси пайда болгондон баштап өнүгүп келишкен, кийин Тармак кеңейген сайын компьютердеги эң зарыл программалардан болуп калышты. Азыр браузер — веб-барактардын тутумундагыларды иштетүү жана чыгаруу үчүн комплекстүү тиркеме (приложение) жана веб-сайт менен кардардын ортосундагы интерфейсти камсыздоочу. Бардык популярдуу браузерлер акысыз таратылат же башка тиркемелер менен бирге сунуш этилет. Мисалы, Internet Explorer (Windows менен бирге), Mozilla Firefox (көпчүлүк Linux дистрибутивдери менен бирге, мисалы Ubuntu, Safari (Mac OS X менен бирге жана Microsoft Windows үчүн акысыз), Google Chrome (акысыз) Opera (8.50 версиясынан баштап бекер), Avant (бекер).