From Wikipedia, the free encyclopedia
Бразилия улуттук футбол курамасы (порт. Seleção Brasileira de Futebol) футбол боюнча эл аралык матчтарда жана турнирлерде Бразилияны көрсөтүүчү курама. Бразилия футбол конфедерациясы тарабынан башкарылат жана көзөмөлдөнөт — өлкөнүн негизги башкаруучу футбол органы. 1923-жылдан баштап ФИФАнын, ошондой эле 1916-жылдан баштап КОНМЕБОЛдун мүчөсү.
Бразилия улуттук футбол курамасы | |||
---|---|---|---|
Лакап аттары | Verde-Amarela (сары-жашылдар) Seleção (Тандалмалар) Pentacampeone (Беш жолку жеңармандар) | ||
Конфедерациясы | КОНМЕБОЛ | ||
Федерациясы | Бразилия футбол конфедерациясы | ||
Башкы машыктыруучусу |
Луис Фелипе Сколари | ||
Капитаны | Тиаго Силва | ||
Эң көп оюн саны |
Кафу (142)[1] | ||
Мыкты бомбардири |
Пеле (77)[1] | ||
ФИФА рейтинги | 3 (5-июнь 2014) | ||
ФИФА коду | BRA | ||
| |||
Биринчи оюну Аргентина 3 — 0 Бразилия (Буэнос Айрес, Аргентина; 20-август, 1914) | |||
Эң ири жеңиши Бразилия 14 - 0 Никарагуа (Мехико, Мексика; 17-октябрь, 1975) | |||
Эң ири жеңилүүсү Уругвай 6 - 0 Бразилия (Винья-дель-Мар, Чили; 18-сентябрь, 1920) Бразилия 1 - 7 Германия (Белу-Оризонти, Бразилия; 8-июль, 2014) | |||
Дүйнө кубогу | |||
Катышуусу | 20 (биринчи жолу 1930-жылы) | ||
Жетишкендиктери | 1958, 1962, 1970, 1994, 2002-жж. чемпиондор | ||
Футбол боюнча Америка кубогу | |||
Катышуусу | 31 (биринчи жолу 1916-жылы) | ||
Жетишкендиктери | 1919, 1922, 1949, 1989, 1997, 1999, 2004, 2007-жж. чемпиондор |
Спорттук сыйлыктар | ||
---|---|---|
Футбол боюнча дүйнө чемпиондуктары | ||
Коло | Франция 1938 | |
Күмүш | Бразилия 1950 | |
Алтын | Швеция 1958 | |
Алтын | Чили 1962 | |
Алтын | Мексика 1970 | |
Коло | Аргентина 1978 | |
Алтын | АКШ 1994 | |
Күмүш | Франция 1998 | |
Алтын | Жапония/Түштүк Корея 2002 | |
Конфедерациялар кубоктору | ||
Алтын | Сауд Арабиясы 1997 | |
Күмүш | Мексика 1999 | |
Алтын | Германия 2005 | |
Алтын | ТАР 2009 | |
Алтын | Бразилия 2013 |
Олимпиада сыйлыктары | ||
Футбол | ||
Күмүш | Лос-Анжелес 1984 | |
Күмүш | Сеул 1988 | |
Коло | Атланта 1996 | |
Коло | Пекин 2008 | |
Күмүш | Лондон 2012 |
Бразилия курамасы дүйнө чемпиондуктарындагы эң ийгиликтүү курама болуп саналат: анын эсебинде беш чемпиондук наамы бар (1958, 1962, 1970, 1994 жана 2002). Бразилия курамасы — бардык дүйнө чемпиондуктарына катышкан жападан жалгыз команда. Бразилдер биринчилерден болуп үч башка материктин жана үч башка дүйнө бөлүктөрүнүн наамдарын утуп алышкан (Америкада, Европада жана Азияда; Түндүк Америкада, Түштүк Америкада жана Евразияда). Команда ошондой эле төрт ирет Конфедерациялар кубогун уткан, бул рекорддук көрсөткүч. мындан сырткары, бразилдердин эсебинде континеттин эң барктуу турнири болуп саналган Америка кубогунда 8 жеңиши бар. Бул көрсөткүч боюнча алар континентте Уругвай жана Аргентина курамаларынан гана артта турушат.
Команданын негизги ийгилиги 1950чү жана 1960чы жылдардын аягына туш келет, анткени, бул жылдары курамада Пеле, Гарринча, Загалло өңдүү футболчулар ойноп, 12 жылдын ичинде үч ирет дүйнө чемпиондугун жеңишкен(1970-жылы Загалло кураманын машыктыруучусу болууга жетишкен).
Бразилия курамасынын кайман аты — «Селесао» («Тандалмалар» дегенди түшүндүрөт). Ошондой эле 2002-жылдан тарта, алардын дүйнө чемпиондугундагы бешинчи жеңишинен кийин, «пентакампеондор» деп да аташат.
Курамада эң көп оюн саны Кафуга тиешелүү — 142 матч; команданын мыкты бомбардири — Пеле (77 топ)[1].
Бразилия курамасы ФИФА рейтингинин 2013-жылдын 19-декабрындагы көрсөткүчү боюнча 10-орунда турат, континеттик рейтингде — 4чү[2].
Ал эми 2014-жылдын 5-июнундагы көрсөткүч боюнча 3-орунда турат, континенттик рейтингде болсо — 1чи[2].
Команданын башкы машыктыруучусу — Луис Фелипе Сколари, бул кызматка 28-ноябрда 2012-жылы киришкен; азыркы команда капитаны — «ПСЖ» француз футбол клубунун борбордук коргоочусу Тиаго Силва.
Бразилия улуттук футбол курамасы 1914-жылы түзүлгөн жана биринчи матчты аңглиялык «Эксетер Сити» клубуна каршы өткөрүп, аны 2:0 эсебинде жеңген (башка маалыматтар боюнча матч 3:3 эсебинде тең чыгуу менен бүткөн). Бирок дүйнөлүк аренадагы чоң жеңиштерден алыс эле. Көбүнчө буга өлкө ичиндеги жергиликтүү футбол федерацияларынын башчыларынын ортосундагы пикир-келишпестиктер тоскоолдук жараткан.
Кандай аракет кылбаса да, 1930чу жана 1934чү жылдагы чемпиондуктарда Бразилия биринчи этаптан эле четтеген. 1938-жылы команда бир кыйла өсүүнү көрсөтүп, чемпиондуктун коло байгесин жеңип алган. Ал эми Леонидас болсо, дүйнө чемпиондугунун бир матчында төрт топ киргизген, биринчи футболчу катары тарыхта калган.
Согуштан кийинки 1950-жылдагы биринчи чемпиондук, Бразилияда өткөн жалгыз чемпиондук болуп турду. Ал чемпиондук финалдык матч өткөрүлбөгөндүгү менен өзгөчөлөнөт. Төрт команда үчүн топтук этап болгон. Бразилия — Уругвай курамаларынын кездешүүсү «финал» катары эсептелет. Рио-де-Жанейро шаарынын «Маракана» стадионунда өткөн матчты көрүүгө 199 854 күйөрман келген. Бразилдердин чемпион болуусуна тең эсеп менен ойноп коюу эле жетииштүү болчу, алар 1:0 эсебинде алдыда келе жатып, 2:1 эсеби менен жеңилип калышкан. Түштүк Америкада бул матч «мараканасо» деген аталышта белгилүү.
1954-жылы Швейцарияда өткөн чемпиондукка, Бразил курамасы жаңыртылган команда менен келген. Бирок, чейрек-финалда бразилдер мажарларга (венгерлерге) 2:4 эсебинде жеңилип, өз тарыхында өтө начар матчтардын бирин өткөргөн. Бул матч «Берндеги күрөш» аталышын алган.
1958-жылы Швецияда өткөн чемпиондукта Бразилия өзүн мыкты деңгээлде көрсөтүп, дүйнө чемпиону болгон. Команданын курамында Пеле, Гарринча, Вава өңдүү жана башка футбол тарыхына кирген футболчулар айырмаланышкан. Биринчиликтин ачылышы ошол кездеги он жети жашар Пелеге тиешелүү, ал азыркы учурда да, көпчүлүк үчүн «футбол падышасы» бойдон калууда.
1962-жылы Чилиде өткөн чемпиондукта бразилдер өз ийгилигин кайталай алышты. Төрт топ киргизген Гарринча, биринчиликтин мыкты бомбардири болгон. Анын өнөктөшү Пеле, турнирдин биринчи матчтарынын биринде алган катуу травмасынан кийин чемпиондуктан чыгып кеткен.
Бул бөлүм бүтө элек. Сиз муну оңдоп-түзөп, маалымат кошуп долбоорго жардам бере аласыз. |
Кураманын ДЧ-2014төгү акыркы курамы. Матчтар жана голдор 23-июнь 2014-жылдагы маалымат боюнча көрсөтүлгөн:
№ | Ысымы | Клубу | Төрөлгөн датасы | Курагы | Оюндары | Голдору |
---|---|---|---|---|---|---|
Дарбазачылар | ||||||
Жулио Сезар | Торонто | 3-сентябрь 1979 | 34 жаш | 83 | 0 | |
Жефферсон | Ботафого | 2-январь 1983 | 31 жаш | 9 | 0 | |
Виктор | Атлетико Минейро | 21-январь 1983 | 31 жаш | 6 | 0 | |
Коргоочулар | ||||||
Дани Алвес | Барселона | 6-май 1983 | 31 жаш | 78 | 6 | |
Тиаго Силва | Пари Сен-Жермен | 22-сентябрь 1984 | 29 жаш | 49 | 2 | |
Давид Луис | Пари Сен-Жермен | 22-апрель 1987 | 27 жаш | 39 | 2 | |
Марсело | Реал Мадрид | 12-май 1988 | 26 жаш | 34 | 4 | |
Данте | Бавария | 18-октябрь 1983 | 30 жаш | 12 | 2 | |
Энрике | Наполи | 14-октябрь 1986 | 27 жаш | 5 | 0 | |
Максвелл | Пари Сен-Жермен | 27-август 1981 | 32 жаш | 9 | 0 | |
Майкон | Рома | 26-июль 1981 | 32 жаш | 72 | 7 | |
Жарым коргоочулар | ||||||
Рамирес | Челси | 24-март 1987 | 26 жаш | 45 | 4 | |
Оскар | Челси | 9-сентябрь 1991 | 22 жаш | 34 | 10 | |
Паулиньо | Тоттенхэм Хотспур | 25-июль 1988 | 25 жаш | 29 | 5 | |
Фернандиньо | Манчестер Сити | 4-май 1985 | 29 жаш | 8 | 2 | |
Луис Густаво | Вольфсбург | 23-июль 1987 | 26 жаш | 22 | 1 | |
Эрнанес | Интернационале | 29-май 1985 | 28 жаш | 25 | 2 | |
Бернард | Шахтёр | 8-сентябрь 1992 | 21 жаш | 13 | 1 | |
Виллиан | Челси | 9-август 1988 | 25 жаш | 9 | 2 | |
Чабуулчулар | ||||||
Фред | Флуминенсе | 3-октябрь 1983 | 30 жаш | 36 | 18 | |
Неймар | Барселона | 5-февраль 1992 | 22 жаш | 52 | 35 | |
Халк | Зенит | 25-июль 1986 | 27 жаш | 37 | 9 | |
Жо | Атлетико Минейро | 20-март 1987 | 26 жаш | 18 | 5 | |
Башкы машыктыруучу | ||||||
Луис Фелипе Сколари | 9-ноябрь 1948 | 65 жаш |
Аты | Төрөлгөн датасы | Клубу | Матчтары (голдору) | Курамага акыркы жолу |
---|---|---|---|---|
Дарбазачылар | ||||
Диего Кавальери | 1 -декабрь 1982 (Expression error: Unexpected < operator.) | Флуминенсе | 3 (0) | vs Замбия 15-октябрь 2013 |
Коргоочулар | ||||
Деде | 1 -июль 1988 (Expression error: Unexpected < operator.) | Крузейро | 9 (1) | vs Замбия 15-октябрь 2013 |
Энрике | 14 -октябрь 1986 (Expression error: Unexpected < operator.) | Палмейрас | 4 (0) | vs Замбия 15-октябрь 2013 |
Маркос Роша | 11 -декабрь 1988 (Expression error: Unexpected < operator.) | Атлетико Минейро | 2 (0) | vs Португалия 10-сентябрь 2013 |
Филипе Луис | 9 -август 1985 (Expression error: Unexpected < operator.) | Атлетико Мадрид | 4 (0) | Конфедерациялар кубогу 2013 |
Жарым коргоочулар | ||||
Лукас Моура | 13 -август 1992 (Expression error: Unexpected < operator.) | Пари Сен-Жермен | 31 (4) | vs Замбия 15-октябрь 2013 |
Фернандо | 3 -март 1992 (Expression error: Unexpected < operator.) | Шахтёр Дн | 8 (0) | vs Португалия 10-сентябрь 2013 |
Роналдиньо | 21 -март 1980 (Expression error: Unexpected < operator.) | Атлетико Минейро | 97 (33) | vs Чили 24-апрель 2013 |
Кака | 22 -апрель 1982 (Expression error: Unexpected < operator.) | Милан | 87 (29) | vs Орусия 25-март 2013 |
Чабуулчулар | ||||
Алешандре Пато | 2 -сентябрь 1989 (Expression error: Unexpected < operator.) | Сан-Паулу | 27 (10) | vs Замбия 15-октябрь 2013 |
Фред | 3 -октябрь 1983 (Expression error: Unexpected < operator.) | Флуминенсе | 30 (16) | vs Австралия 7-сентябрь 2013 |
Леандро Дамиан | 22 -июль 1989 (Expression error: Unexpected < operator.) | Сантос | 17 (3) | Конфедерациялар кубогу 2013 |
Ысымы | Карьерасы | Матчтары | Голдору | |
---|---|---|---|---|
1 | Кафу | 1989 — 2006 | 148 | 4 |
2 | Роберто Карлос | 1992 — 2006 | 125 | 11 |
3 | •Лусио | 2000 — 2011 | 105 | 4 |
4 | Клаудио Таффарел | 1987 — 1998 | 101 | -70 |
5 | Роналдо | 1994 — 2011 | 98 | 67 |
6 | Жалма Сантос † | 1952 — 1968 | 98 | 3 |
7 | •Роналдиньо | 1999 — учур | 97 | 33 |
9 | Алдаир | 1989—2000 | 94 | 4 |
9 | Жилмар † | 1958—1969 | 94 | -98 |
10 | •Жилберту Силва | 2001 — 2008 | 93 | 3 |
12 | Роберто Ривелино | 1965 — 1978 | 92 | 26 |
11 | Пеле | 1957—1971 | 92 | 77 |
13 | Карлос Дунга | 1982—1998 | 91 | 6 |
14 | •Робиньо | 2003 — учур | 91 | 26 |
15 | •Кака | 2002 — учур | 87 | 29 |
16 | •Дида | 1995—2006 | 87 | -65 |
17 | •Жулио Сезар | 2004—учур | 84 | -57 |
Курама үчүн эң көп гол саны
Ысымы | Карьерасы | Голдору | Матчтары | |
---|---|---|---|---|
1 | Пеле | 1957 — 1971 | 77 | 92 |
2 | Роналдо | 1994 — 2011 | 67 | 98 |
3 | Ромарио | 1987 — 2005 | 55 | 70 |
4 | Зико | 1976 — 1989 | 52 | 72 |
5 | Бебето | 1985—1998 | 42 | 76 |
6 | Леонидас да Силва † | 1932—1946 | 37 | 37 |
7 | Тостао | 1966—1972 | 35 | 65 |
8 | Жаирзиньо | 1964—1982 | 35 | 81 |
9 | Ривалдо | 1993—2003 | 34 | 74 |
10 | • Роналдиньо | 1999 — учур | 33 | 94 |
11 | Адемир † | 1945—1953 | 31 | 39 |
12 | Зизиньо † | 1942-1957 | 31 | 54 |
13 | • Неймар | 2010 — учур | 30 | 47 |
14 | • Кака | 2002 — учур | 29 | 87 |
15 | Адриано | 2000—2009 | 29 | 51 |
16 | Карека | 1982—1993 | 29 | 63 |
17 | • Луис Фабиано | 2003 — учур. | 28 | 46 |
Төмөнкү футболчулар Сан-Паулу шаарындагы Пакаэмбу стадионуна караштуу Бразилия футбол Музейинин даңк Залына киргизилген.[3]
Ошондой эле белгиленгендер:
Алардан башка, IFFHS нускасы боюнча XX-кылымдын даңазалуу бразил оюнчуларынын тизмесине киргендер:
Жыл | Раунд | Орн | Жңш | Тең* | Жңл | АКТ | ӨКТ |
---|---|---|---|---|---|---|---|
1930 | Топтук турнир | 2 | 1 | 0 | 1 | 5 | 2 |
1934 | 1/8 финал | 1 | 0 | 0 | 1 | 1 | 3 |
1938 | 3-орун | 5 | 3 | 1 | 1 | 14 | 11 |
1950 | 2-орун | 6 | 4 | 1 | 1 | 22 | 6 |
1954 | 1/4 финал | 3 | 1 | 1 | 1 | 8 | 5 |
1958 | Чемпиондор | 6 | 5 | 1 | 0 | 16 | 4 |
1962 | Чемпиондор | 6 | 5 | 1 | 0 | 14 | 5 |
1966 | Топтук турнир | 3 | 1 | 0 | 2 | 4 | 6 |
1970 | Чемпиондор | 6 | 6 | 0 | 0 | 19 | 7 |
1974 | 4-орун | 7 | 3 | 2 | 2 | 6 | 4 |
1978 | 3-орун | 7 | 4 | 3 | 0 | 10 | 3 |
1982 | 2чи топтук турнир | 5 | 4 | 0 | 1 | 15 | 6 |
1986 | 1/4 финал | 5 | 4 | 1 | 0 | 10 | 1 |
1990 | 1/8 финал | 4 | 3 | 0 | 1 | 4 | 2 |
1994 | Чемпиондор | 7 | 5 | 2 | 0 | 11 | 3 |
1998 | 2-орун | 7 | 4 | 1 | 2 | 14 | 10 |
2002 | Чемпиондор | 7 | 7 | 0 | 0 | 18 | 4 |
2006 | 1/4 финал | 5 | 4 | 0 | 1 | 10 | 2 |
2010 | 1/4 финал | 5 | 3 | 1 | 1 | 9 | 4 |
2014 | 4-орун | 7 | 3 | 2 | 2 | 11 | 14 |
Жалпы | 20/20 | 104 | 70 | 17 | 17 | 221 | 102 |
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.