20-март

From Wikipedia, the free encyclopedia

20-март (кырг. Жалган курандын жыйырмасы) — Григорий жылсанагы боюнча жылдын 79-чу (толук жылда 80-чи) күнү, жылдын аягына чейин 286 күн бар.

Ыкчам фактылар

март
Дш Шш Шр Бш Жм Иш Жк
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
2025-ж.
Жабуу

Майрамдар

Эл аралык

Улуттук

 Тунис — Эгемендүүлүк күнү[2].

Окуялар

  • 1815Эльба аралынан качып чыккан Наполеон Бонапарт шаң салтанат менен Парижге кирген.
  • 1833 — Биринчи жолу «Евгений Онегин» романынын толугу жарык көргөн (сүрөттө).
  • 1956 — Франциядан Тунистин көз карандысыздыгын сүйлөшүүлөр болгон.
  • 1966 — "Жюль Римэнин кубогу уурдалды!” деген кабар дүйнөнү каптаган.
  • 1969Египеттин Асуан шаарынын аэропортуна конордо Ил-18Д учагы чаң учурган бороондун айынан жерге урунган.
  • 1938Кыргызстан Архитекторлор бирикмеси түзүлгөн.
  • 1992Кыргызстан жана Орусия ортосунда дипломаттык мамилелер түзүлгөн.
  • 1996 — "Билим" программасы кабыл алынган.
  • 2003Иракка эл аралык коалициялык аскер күчтөрү басып кирген.
  • 2008АКШда Ирактагы согуштун беш жылдыгына карата массалык каршылык акциялары өткөн.
  • 2012Мексиканын Акапулько шаарында күчү 7,9 баллга жеткен жер титирөө болгон.

Төрөлгөндөр

  • 1941Дарика Жалгасынова, КРнын Эл артисти, опера ырчысы.
  • 1963Дэвид Тьюлис, англиялык актёр.
  • 1965Крис Уэж, америкалык режиссёр жана мультипликатор.
  • 1967Жыпар Исабаева, акын, жазуучу.
  • 1968Екатерина Стриженова, орусиялык телеалпаруучу жана актриса.
  • 1978 — Назми, кыргызстандык ырчы.
  • 1984Фернандо Торрес, футболчу, дүйнө чемпиону (2010) жана Европа чемпиону (2008 жана 2012).
  • 1986Алтынбек Борошов, кыргызстандык ырчы.

Каза болгондор

  • 1932 — Илья Иванов, орусиялык биолог.
  • 1990Лев Яшин, футболчу (дарбазачы).

Булактар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.