![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/7/7b/Kyrgyzstan_location_map.svg/langky-640px-Kyrgyzstan_location_map.svg.png&w=640&q=50)
Ат-Башы (Ат-Башы району)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Ат-Башы — Кыргызстандын Нарын облусунун Ат-Башы районундагы айыл. Өзүнөн гана турган Ат-Башы айыл аймагына кирет. Райондун жана айыл аймагынын административдик борбору.
Отурукташкан жай
Ат-Башы
|
Ат-Башы суусунун оң жээгинде (Кара-Коюн суусу куйган жерге жакын), деңиз деңгээлинен 2060 м бийиктикте жайгашкан. Балыкчы темир жол бекетинен 226 км аралыкта. 1929-ж. негизделген. Калкы 12550 (2006). Кыш заводу, наабайкана ж. б. иштейт. 3 орто мектеп, мектеп-интернат, бала бакча, № 32 кесиптик-техникалык окуу жайы, бейтапкана, оорукана, дарыкана, маданият үйү, почта, ашкана, кафе, спорт курулмалары, минералдуу сууну куюштуруучу цех, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, ошондой эле 59 мекеме-ишкана бар. Чек арачыларга эстелик тургузулган. Ат-Башыда кербен сарай (Бишкек - Кашкар соода жолунда) жайгашкан. Кошой-Коргон шаар калдыгы, Чеч-Дөбө айылдын батыш тарабында. Чыгыш тарабында Ат-Башы суусун бойлой тал, терек өскөн токой бар. Кыштак аркылуу Улуу Жибек жолу өткөн, айылга жакын жерден эл аралык Бишкек-Торугарт автомобиль жолу өтөт.
![Ат-Башынын борборунда орнотулган эстелик. 2021-ж.](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/b/b6/%D0%90%D1%82-%D0%91%D0%B0%D1%88%D1%8B%D0%B4%D0%B0%D0%B3%D1%8B_%D1%8D%D1%81%D1%82%D0%B5%D0%BB%D0%B8%D0%BA.jpg/640px-%D0%90%D1%82-%D0%91%D0%B0%D1%88%D1%8B%D0%B4%D0%B0%D0%B3%D1%8B_%D1%8D%D1%81%D1%82%D0%B5%D0%BB%D0%B8%D0%BA.jpg)