Айдаркен
Кадамжай районундагы шаар / From Wikipedia, the free encyclopedia
Айдаркен — Баткен облусунун Кадамжай районундагы шаар. Ал Айдаркен сымап кенинин өздөштүрүлө баштаганына байланыштуу 1942-жылы отурукташкан. Аты окшош өрөөндө деңиз деңгээлинен 1980 м бийиктикте, Кызыл-Кыя - Баткен унаа жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 45 км түштүк-батыш, облустун борбору Баткен шаарынан 55 км түштүк-чыгыш тарапта.
Ыкчам фактылар
Отурукташкан жай
Айдаркен
|
Жабуу
«Айдаркен сымап комбинаты» акционердик коому иштейт. Үч орто мектеп (кыргыз, орус жана тажик тилдеринде), музыкалык мектеп, 4 китепкана, оорукана, медициналык үй-бүлө борбору, дарыкана, маданият үйү бар. Шаарга жакын жерден сымап кени казылып алынат.