Бавария
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
From Wikipedia, the free encyclopedia
Бава́рия (нем. Bayern, бав. Boarn), расмий түрдө ― Бавария эркин мамлекети (нем. Freistaat Bayern) же Бавария республикасы — Германиянын түштүгүндөгү административдик-аймактык бирдик. Административдик борбору — Мюнхен шаары.
Аянты — 70,6 миң км2. Калкы — 12,06 млн (2001). Ири шаарлары: Нюрнберг, Регенсбург.
«Бавария» аталышы 6-кылымдын ортосунда азыркы Бавария аймагынын көбүн жана андан түштүк жана чыгыш жерлерин мекендеген баварлар уруусунун атынан келип чыккан.
Бул жерлерде баварлар өзүнүн герцогдугун (Агилольфингдердин тукумунан чыккан герцогдор) түзүшкөн. 788-ж. герцог Тассилон Шнүн тушунда Бавар герцогдугу жоюлуп, Франк мамлекетинин курамына кирет. 10-кылымдын башында Германия королдугунун уруулук герцогдуктарынын бири катары кайрадан калыбына келет. 10-13к-да Бавария герцогдугунун аймагы кичирейип, өзү бытырап бөлүнүп кетет.
Герцог Альбрехт IVнүн (1467-1508) бийлиги учурунда кайрадан биригишип, Бавария 16-17-кылымдарда Германиянын кубаттуу княздыктарынын бири болгон. 18-кылымдын акырында Францияга каршы согушка катышат. 1801-13-ж. Наполеон тарапта болгон. Австрия-Пруссия согушунда 1866-жана башка Австрия тарапта болгон, бирок Пруссия менен жашырын коргонуу союзун түзүп, 1871-жылы Германия империясына кирет. Германиядагы 1918-жылындагы Ноябрь революциясынын натыйжасында Баварияда республикалык өкмөт түзүлөт. 1919-ж. апрелде башында коммунисттер турган Бавария советтик республикасы түзүлөт, бирок ал герман өкмөт тарабынан талкаланып, Веймар конституциясы (1919) боюнча Германиянын жерлеринин бири катарында анын курамына кирет. Ошол эле жылы Баварияда улутчул социалдык (фашисттик) партия түзүлүп, ал фашизмдин башкы очокторунун бири болуп калган. Фашисттик диктатуранын мезгилинде (1933-45) Бавария фашизмдин борбору болгон. Мюнхенде фашисттик партиянын штаб квартирасы жайгашкан. Нюренбергде бул партиянын съезди өтүп турган. Нацисттик Германия талкалангандан кийин, 1945-жана башка америкалык оккупациянын зонасына кирген. 1949-жылдан Бавария ГФРдин жери катары анын курамында.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.