Германиядагы шаар From Wikipedia, the free encyclopedia
Мюнхен (н. München) — Германиядагы шаар, Бавария жеринин административдик борбору.
Альп тоосунун этегинде, Изар дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 1,3 млн (2011; шаар айланасы менен Чоң Мюнхендин калкы 2,6 млндон ашык). Европалык маанидеги маанилүү жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Өлкөнүн өнөр жай, финансы, илимий жана маданий борборлорунун бири. Электр-техника, радиоэлектроника, жалпы жана транспорттук машина куруу, кагаз, полиграфия, тигүү жана текстиль, химия, тамак-аш– татымал (анын ичинен пиво кайнатуу өнүккөн) өнөр жайы ишканалары иштейт. Банк иштери жана соода борбору. ИА жана асем искусство академиясы, университет, музейлер (анын ичинен Бавария улуттук, этногр. жана башкалар), глиптотека (айкелдер топтому), эски жана жаңы пинакотека, театрлар бар.
Мюнхенге 8-кылымдан эл отурукташа баштаган. 1158-жылдан шаар. 13-кылымдан герцог резиденциясы. 1918-жылы чейин Бавариянын борбору болгон. Соңку готика стилиндеги Фрауэнкирхе чиркөөсү (15-кылым), Кудай эне собору (15-кылым), Эски ратуша (15-кылым), барокко стилиндеги Нимфенбург ак сарайы (17–18-кылым) сакталган. 1972-жылы Мюнхенде ХХ олимпия оюндары өткөн. Жыл сайын ярмаркалар жана пиво фестивалдары өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.