Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театры (орус. Ошский Государственный академический узбекский музыкально-драматический театр имени Бабура) Кыргызстанда эң байыркы, Борбордук Азияда экинчи байыркы профессионал театры болуп эсептелет жана Рахмонберди Мадазимов тарабынан 1914 жылы негизделген.

Ыкчам фактылар Жалпы маалымат, Өлкө ...
Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театры (өзб. Бобур номли Ўш Давлат академик ўзбек мусиқали драма театри)
Thumb
Дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү, 326 үй
Жалпы маалымат
Өлкө

Кыргызстан

Негизиндөөчүсү

Рахмонберди Мадазимов 1914 жылы, Уринбой Рахмонов

Жетекчиси

Набижон Мамажонов

Мурдагы аталыштары

Киров атындагы Ош өзбек музыкалуу драма театры

Урааны

Ар дайым биринчи!

Дареги

Кыргызстан, Ош шаары, Ленин көчөсү, 326 +9963222 5-57-85, 2-12-41, 4-94-36

http://teatrbabur.kg/index.php/ru
Жабуу

Тарыхы

1914 жылы Рахмонберди Мадазимов жетекчилигинде Ош шаарынын орус-тузем мектеби мугалими Балтыходжа Султанов менен бирге театралдык кружок негизделген[1][2].

1918 жылы Рахмонберди Мадазимов жетекчилигинде Ош уездинын башка агартуу ишмерлери жана мугалимдери Бекназар Назаров, Иброхим Мусабоев, Журахон Зайнобиддинов, Назирхан Камолов, Абдурашид Эшонхонов, А. Саидовдор менен бирге Түркстан фронти Реввоенсоветине караштуу концерт бригадасынын базасында Кыргызстанда биринчи жолу жергиликтүү мусулман элдерден түзүлгөн өз демилгеси менен иштөөчү театралдык кружок негизделген. Театр труппасынын биринчи директору, көркөм жетекчиси жана башкы режиссёру Рахмонберди Мадазимов Борбордук Азиянын жана Кыргызстандын театралдык кыймылдын биринчи негиздөөчүсү жана уюштуруучусу болгон[3]. 1919 жылы кружок драма труппасы болуп калыптанды, ал труппага кийин Абдукодир Исхоков, Исроилжон Исмоилов, Жалил Собитовдор кошулду. Бул труппа Кыргызстан түштүгүндө театралдык көркөм өнөрун өнүктүрүүго гана эмес жана кесиптик музыкалык көркөм өнөрун өнүктүрүүго дагы кызмат кылды. Анткени труппанын репертуарында спектакль коюудан тышкары, көптөгөн концерттик программалар коюлду. Ошондой эле спектаклдерди коштоогон элдик обондор үчүн музыкалык иштеп чыгуу жүргүзүлгөндүктан музыкант-профессионалдардын калыптанышы жолундо өзгөчө этабы болду. Андан ары бул труппа Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын түзүү үчүн негиз болуп калды[4]. Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театры Борбордук Азияда Ташкент шаарындагы Хамза атындагы өзбек улуттук академиялык драма театрынан (1913-27 февраль 1914 жылдары негизделген) кийинки экинчи байыркы профессионал театры болуп эсептелет[5].

Театр Ош уездинын бардык райондорунда болуп, ал жерде спектаклдер коюп, көркөм өнөр жана маданият куралы менен Кыргызстандын түштүгүндө Совет бийлигин орнотуу үчүн күрөштү. Театр артисттери Ош шаарынын милициясынын негиздөөчүсү жана биринчи башчысы жана Кыргызстан Улуттук коопсуздук комитетинин негиздөөчүсү жана Ош уездинын ЧКнын биринчи башчысы Балтыходжа Султанов менен бирге Кыргызстандын түштүгүндө Совет бийлигин орнотуу үчүн активдүү катышкан.

Театр труппасында Рахмонберди Мадазимов тарабынан коюлган Маннон Уйгурдын "Түркстандык табып" пьесасы өз убагында реакционерлердин кескин нааразылыгын келтирди. Ошол кезде труппа курамында аял актрисалар жок эле, анда аялдардын ролун Журахон Зайнобиддинов мыкты аткарган. 20-жылдар аягында сахнада биринчи жолу актриса аялдар көрүндү. Реакционерлер тарабынан таланттуу актрисалар Н. Юлдашева жана Р. Парпиевалар ырайымсыз өлтүрүлгөн[6].

Жарандык согуштун убагында Ошко чектеш болгон райондор согуш майданына айланды. Ош шаарынын милициясынын башчысы жана Ош уездинын ЧКнын биринчи башчысы Балтыходжа Султановдун сунушу менен театралдык труппа бул фронттун катышуучусу жана большевиктер партиясынын үгүтчүүсү болуп калды. Театралдык труппа Ош уездинин бардык айылдарында, базарларда, аянттарда жана эл көп чогулган башка жерлерде спектаклдер жана концерттерди коюп, Кыргызстандын көркөм өнөрун жана маданиятын өнүктүрүүго зор салым кошкон. Көрүнүктүү революция ишмерлери Балтыходжа Султанов жана Фазылбек Касымбековдор театралдык труппанын жаш жамаатына бутга турууга жардам берди[7].

Б. Султановдун кудасы Ош өзбек театрынын биринчи негиздөөчүсү, директору жана көркөм жетекчиси Рахмонберди Мадазимов мындай айтып жүргөн: Корбашы Мадаминбек Андижанга жакын жерлерде талоончулук кылып, тургундарга куралдуу кол салып жүрдү. Ош шаарынын милициясынын башчысы жана Ош уездинын ЧКнын башчысы Балтыходжа Султанов жана Ош гарнизону Андижан аскердик гарнизонун курал-жарак менен камсыз кылуу үчүн жардам берүүнү каалады. Бирок, ал жакка куралды кандай жеткирүүгө болот? Бул көйгөйдү театр артисттери чечти. Арабаны жасалгалашты, анга курал-жаракты жайып коюшту, үстүнөн төшөктөр коюшту. Артист Рахмонберди Мадазимов грим сыйпоолоп жана чоң "ишан"-диний үгүттөөчү болду. Дагы эки актёр анын "муридтери"-шакирттери болуп калды. Өзүнө жакын мусулмандардын ыйык Куран китебин коюшту, аны окуп жолго түштү. Араба Ходжаабадга жакындап барганда ок атылганы угулду. Арабаны ондогон басмачылар курчооду. Ошондо арабакеч басмачыларга бармагы менен "жымжырт" деп белгисин көрсөттү жана парданы тартып койду. Басмачылар "ишан" жана анын "шакиртерин" көрүүштү жана жүгүнүүштү. Андан кийин аларды Андижанга чейин урмат менен жеткиришти. Курал-жарак менен камсыз кылуу үчүн труппанын мындай "постановкалары" бир нече жолу кайталанды.

Кыргыз АССР эл комиссарлары Кеңешинин 1929 жылдагы токтомуна ылайык театр өз ишин кесипкөй негизде баштаган. Ошол убакыттан баштап театр сахнасында көйгөйлүү маселелерди чагылдырган чоң пьесалар жана чыгармалар коюлган. Сахнада Рахмонберди Мадазимов тарабынан коюлган Камил Яшин жана Музаффар Мухамедовдун "Гулсара" музыкалуу драмасы чоң окуялардын бири болуп калды. 1929-1931-жылдары театрда Рахмонберди Мадазимов тарабынан К. Яшиндын "Лолахон", "Ажи-ажи" пьесалары коюлду. Бул чыгармалар идеялык душмандардын кара ойлорун ачып берди. "Лолахон" спектакли Араван, Өзгөн, Кара-Суу, Ходжаабад эмгекчилерин арасында көп жолу коюлуп жатты. Театр кызматкерлерине карата реакциялык элементтер бир катар кол салууларды уюштуруштуу. Театр артисттери Рахмонберди Мадазимовду, Розияхон Муминованы, Тожихон Хасанованы, Уринбой Рахмоновду кармап алуу жана көздөрүн чукуу үчүн жалдангычтар даярдалган эле. Артисттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аларга куралдуу сакчылар коюлган эле.

Thumb
Балтыходжа Султанов
Thumb
Журахон Зайнобиддинов, элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы кесиптик уюмдар кызматкерлерин биринчи съезд катышуучуларын арасында. Сүрөт 1920 ж.

Уюштуруу кыйынчылыктарга карабастан, Театр өзүнүн репертуарын жаңы идеялык жана чоң көркөм чыгармалардын эсебинен кеңейтти. Театрга бул учун СССРдин эл артисти Рахим Пирмухамедов, Өзбекстандын эл артисттери Хикмат Латипов жана Кудрат Ходжаевдер чоң практикалык жардам көрсөтүштү. Ош театрынын сахнасында Рахмонберди Мадазимов тарабынан "Эки коммунист", "Достор", "Алишер Навои" жана башка чыгармалар коюлду.

1934 жылы театр жамааты Ленинград, Москва, Ташкент шаарларында биринчи гастролдорундо катышты. 1934 жылдын августунда театралдык жамааттын курамында 70 адам Ленинград шаарына гастролдорго барды. Театр репертуары "Фархад менен Ширин", "Лейла менен Маджнун" жана башка өзбек пьесалары тузду. Ленинграддын искусство сүйүүчүлөрү театр чыгыштарын жакшы кабыл алышты. Ошондуктан узак эмеске пландаштырылган бул гастролдор дээрлик бир айга созулду. Театрдын жамааты чыгармачыл жолугушууларды ишканаларда, окуу жайларында, укмуштуу "Аврора" крейсерда жүргүздү.

Бардыгы болуп 22 концерт коюшту. Гастроль аягында артисттерди Ленинград партия обкомунун биринчи катчысы Сергей Миронович Киров кабыл алды. Ал белгилегендей, коюлган спектаклдер жана концерттер ленинграддыктарга чоң таасир кылды жана алардын эсинде калат. Жолугушууга Уринбой Рахмонов, А. Насриддинов, Кадыржан Хамидов, З. Умаров, Гуламжан Исраилов, Б. Махмудов, Тожихон Хасанова, Лайлихон Моидова, Р. Ахмедов, Б. Ортиков, И. Худайбердиев, Зиямиддин Шакиров, Лутфулло Ходжаев, Р. Мухаммаджанов, Ж. Юсупжанов, Ж. Мухаммаджанова, Д. Каюмов, П. Салиев жана башкалар катышкан. Жолугушуунун аягында алар С.М. Киров менен сүрөткө түшүүштү. С.М. Киров өлгөндөн кийин 1937 жылы драма театрге С.М. Кировдун аты коюлду.

1934 жылы Ташкентте пахтакер алдыңкылардын чогулушу өткөрүлгөн. Өзбек ССР Борбордук аткаруу комитети президиумдун төрагасы Юлдаш Ахунбабаевдун чакыруусу боюнча театрдын жамааты слёт катышуучуларына концерт коюу үчүн Ташкентке барды. Слёт катышуучулары обончу Абдулла тарок Файзуллаевдун, артисттер Уринбой Рахмоновдун, Р. Муминованын, Т. Хасанованын, Л. Моидованын, К. Хамидовдун, Ж. Исраиловдун чыгыштарын кулак тундурган кол чабуулар менен кабыл алды. 1934 жылы театр Москва гастролдорунда эле катышкан. 26 май-4 июнь 1939 жылы Москвада кыргыз искусствосунун I декадасында катышкан жана чыгармачылык топ катышуучулары М.И. Калинин менен жолукту[8].

1939 жана 1940 жылдары Фрунзе шаарында гастролдордо катышкан. 1939 жылы театрдын жетекчи артисттери Розияхан Муминова жана Абдулла тарок Файзуллаев Кыргызстанда биринчи болуп Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамын алышкан[9].

Улуу Ата-Мекендик согуштун башынан бери театрдын көптөгөн артисттери өз ыктыяры менен согушке барды. Согушта Уринбой Рахмонов оор жараат алгандан кийин, Ош шаарына жиберилди. 1942 жылы ал театрдын көркөм жетекчиси болуп дайындалды жана театрды 1949 жылга чейин жетектеген.

Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Ош театрынын артисттери фронттордо болуп жана жоокерлерге мекенчилдик спектаклдер койду. Уринбой Рахмонов, Б. Хасанова, Э. Бутаева, М. Атабаев жоокерлерди эрдикке чакырды. Бул жылдары сахнада Уринбой Рахмонов тарабынан Камил Яшиндын "Бороон", "Оккупанттерге өлүм!", Сабир Абдулланын "Курбан Умаров", Уйгундын "Жашоо ыры", Билль-Белоцерковскийдын "Чек арачылар" , Корнейчуктун "Фронт" чыгармалары коюлду. Театралдык жамаат эмгекчилердин массасын аскердик-патриоттуулук духунда тарбиялоого чоң салымын кошкон. Театралдык жамааттын чыгармачылык потенциалын ачып берүү үчүн сахнага Уринбой Рахмонов тарабынан коюлган Хамзанын "Бай жана батрак", "Майсаранын жоруктары", К. Тренёвдун "Любовь Яровая" Шиллердын "Алдоо жана сүйүү", С. Абдулланын "Тахир менен Зухра", М. Ордубадинын "5 сомдук келин", Хуршиддын "Фархад менен Ширин", К. Яшиндын "Гулсара", Уйгундын "Жаз", "Алтынкуль" чыгармалары чоң ролду ойноду[10].

Театралдык жамааттын жана театрдын жетектөөчү актёру Журахон Рахмоновдун чыгармачылык көтөрүүда Ош театрынын сахнасында коюлган Ч. Айтматовдун "Саманчынын жолу", К. Яшин жана М. Мухамедовдун "Дилором", Шекспирдын "Отелло" чыгармалары чоң ролду ойноду. Кийинки жылдары Журахон Рахмонов Шараф Рашидовдун "Кубаттуу толкун" , К. Тренёвдун "Любовь Яровая", "Кизил галстук", Шиллердын "Алдоо жана сүйүү", К. Гольдонинын "Эки мырзага малай", Александр Островскийдын "Добул", Насриддин Байтемировдун «Уркуя», "Той алдында дүрбөлөн", "Сүйүү, жаз жана шайтан" чыгармаларында роль ойногон.

14-25 октябрь 1958 жылы Ош өзбек драма театрынын жамааты Москвада кыргыз искусствосу жана адабиятынын экинчи декадасында катышкан. 1961 жылы 20 февралында Кыргызстан театралдык коомунун I съездинде катышкан. 1967 жылы Ош өзбек драма театры Тажик ССРда гастрольда болчу. Гастролдор чоң ийгилик менен өтүү, жамаат Тажик ССР маданият министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланды жана театрдын жетектөөчү артисти Дилдорбек Рахмоновдун ойногон ролдору жогору бааланды. 11-17 июль 1967 жылы Москвада Кыргызстандын маданият жана искусство күндөрүндө катышкан. 4-14 сентябрь 1969 жылы Өзбек ССРда кыргыз адабияты жана искусство декадасында катышкан. 2-10 апрель 1970 жылы В.И. Ленин 100 жылдыгына арналган СССР элдеринин искусство майрамында катышкан[11].

Театрдын жетектөөчү актёру Журахон Рахмонов кыргыз тилин мыкты билгени учун, ал С. Ибраимов атындагы Ош кыргыз академиялык драма театры (24 ноябрь 1972 жылы уюшулган, 1974 жылы курулган) ачылганга чейин кыргыз улуттук жазуучулардын классикалык жана заманбап чыгармаларын пропагандалады жана театр сахнасында коюуда активдүү катышкан. Ал кыргыз авторлорунун чыгармаларын аткарууда ролдорду нукура кыргыз тилинде ойноду. 1957 жылы ал Кыргыз ССРынын маданият министрлигинин ардак грамотасы менен, ал эми 1976 жылы IX беш жылдык ударниги медалы менен сыйланган. Ташкентте гастролдор бүткөндөн кийин маданият жана искусство пропагандалоо жана өнүктүрүү учун кошкон зор салымы үчүн Журахон Рахмонов Өзбек ССР Жогорку Совети Президиумунун 5 июль 1974 жылдагы №164 Жарлыгы менен Өзбекстан эмгек сиңирген артисти (медаль № 877) ардак наам менен сыйланды[12]. Кыргызстан тарыхында эки артист гана бул ардактуу наам менен сыйланышкан.

С.М. Киров атындагы Ош театры 1992 жылы Бабур атындагы өзбек музыкалуу-драма театры болуп атын өзгөрттү.

2004 жылы Бабур атындагы Ош өзбек музыкалуу-драма театрына «Академиялык» деген статус берилди[13].

2006 жылы Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министрлигинин чечими менен театрга "Мамлекеттик театр" макамы берилди.

29 ноябрь 2014 жылы Борбордук Азияны байыркы театрынын 95 жылдык юбилейине арналган театрализациялашкан концерт коюлду. Каржы маселеси чечилбегендигине байланыштуу 2018 жылы театр өзүнүн кылымдык юбилейин белгилөө тоюн өткөрө алган эмес[14].

Өзбекстандын өкмөтү театрдын имаратын реконструкциялоого 7 миллион доллар бөлгөн.[15] 2023 жылы театрдын 105 жылдыгын жаңы имаратта өткөрүү пландалууда.

“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясыдан көчурмө

Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театры алгач (1919-жылдан) өз демилгелүү драма ийрими болуп, 1932-ж. профессионал музыкалуу драма театры катары Ош шаарында уюшулган. Театр 19341992-ж. С.М. Кировдун ысмын алып жүргөн, 1992-жылдан Бабурдун атында. Театр концерт программасы менен бирге драма жана музыкалуу драма спектаклдерин коёт. 1934-ж. концерттик программа менен Москва, Ленинград шаарында гастролдо болгон. Койгон белгилүү спектаклдери: К. Яшен, «Эки коммунист» (1933); Г. Зафари, «Халима» (1933); К. Гоцци, «Турандот каныша», Н. Гоголь «Текшерүүчү» (1934); Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна» (1936); Хамза, «Бай жана батрак» (1939), «Майсаранын жоруктары» (1941); И. Акрамов, «Адолат» (1950, 1975); Г. Гулам, «Ташбалта ашык» (1960, 1974); К. Маликов, «Бийик жерде» (1960); К. Жантөшев, «Тоо бүркүтү» (1965), Ч. Айтматов, «Саманчынын жолу» (1966); А. Рахмат, «Абдулла Набиев» (1967); Ш. Рашидов, «Кубаттуу толкун» (1969); А. Абдугафуров, «Ач көздүк» (1972); Т. Абдумомунов, «Ашырбай» (1974); Н. Байтемиров, «Уркуя» (1977) ж. б. Алгачкы артисттери: Рахмонберди Мадазимов, Бекназар Назаров, Уринбой Рахмонов, Абдулла тарок Файзуллаев, Журахон Рахмонов, Разия Муминова, Лайлихан Маидова ж. б. Режиссёрлору: Ф.А. Литвинская, С. Юлдашев, Э. Мурадов, С. Умаров, сүрөтчүсү Т. Сафаров, дирижёру Т. Арифхожаев. Театрда Кыргыз ССР эл артисти Турсунхон Солиева, Кыргыз ССР эмгек сиңирген артисттери Ж. Рахмонов, Х. Хасанов, Т. Урунова ж. б. иштеген.

2004 жылы Бабур атындагы Ош областтык өзбек музыкалуу-драма театрына «академиялык» деген статус берилди[16].

Театр артисттерин эскерүү

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери менен Ош облусунун көчөлөрүнүн театрдын артисттерин ысымдарын ыйгаруу аркылуу бекемделген.

Театрдын негиздөөчүлөрү

  1. Рахмонберди Мадазимов (1914 жылдан)
  2. Балтыходжа Султанов
  3. Бекназар Назаров
  4. Иброхим Мусабоев
  5. Журахон Зайнобиддинов
  6. Назирхон Камолов[19][20][21][22][23][24]
  7. Абдурашид Эшонхонов[25]
  8. А. Саидов
  9. Уринбой Рахмонов (1927 жылдан)
  10. Журахон Рахмонов

Театр артисттери

Кыргызстан эл артисттери

  1. Абдулла тарок Файзуллаев (1940 жыл)[26][27]
  2. Розияхон Муминова (1940 жыл)[28][29][30]
  3. Тожихон Хасанова (1940 жыл)[31][32][33]
  4. Лайлихон Моидова (1953 жыл)[34][35]
  5. Турсунхон Солиева (1974 жыл)[36][37]
  6. Нематжон Нематов (1979 жыл)[38]
  7. Толибжон Бадинов (1988 жыл)[39][40]
  8. Ойтожихон Шобдонова (1988 жыл)[41]
  9. Шавкат Дадажонов (1999 жыл)[42]
  10. Абдурасулжон (Расул) Ураимжонов (31 октябрь 2011) жыл[43]

Өзбекстан эл артисттери

  1. Абдулла тарок Файзуллаев (1943 жыл)[44]
  2. Кифоят Муслимова[45][46][47]
  3. Ёркиной Хотамова

Өзбекстан эмгек сиңирген артисттери

  1. Журахон Рахмонов (5 июль 1974 жыл)
  2. Шавкат Дадажонов (5 июль 1974 жыл)

Кыргызстан эмгек сиңирген артисттери

  1. Саримсок Каримов
  2. Тупахон Нурбоева
  3. Шаробиддин Тухтасинов
  4. Хошимжон Хасанов
  5. Кодиржон Хамидов
  6. Ганижон Бутаев
  7. Бозорбой Юлдашев
  8. Мавлонжон Курбонов
  9. Ёркиной Хотамова (1967 жыл)
  10. Минура Расулжонова
  11. Мастурахон Усмонова
  12. Жамила Бутабоева (1988 жыл)[48]
  13. Рисолатхон Урунова
  14. Нигорой Расулжонова (1990 жыл)
  15. Умаржон Мамиров (1990 жыл)
  16. Режаббой Тожибоев (1990 жыл)[49]
  17. Махмуджон Рахматов (1990 жыл)[50]
  18. Матлюба Мавлонова (1995 жыл)
  19. Зиёйдин Жалолов (1999 жыл)
  20. Мавлюда Абдужабборова (2001 жыл)
  21. Хамидулло Матхоликов (2003 жыл)[51][52]
  22. Дилором Соипова (2004 жыл)[53][54]
  23. Алла Аскарова[55]
  24. Самида Холматова (2008 жыл)[56]
  25. Хаётхон Мадрахимова (29.08.2019 yil)[57]

Кыргызстан маданиятка эмгек сиңирген ишмерлери

  1. Таврис Мутыкович Сафаров
  2. Фаина Анатольевна Литвинская[58]
  3. Салохиддин Умаров (1990)
  4. Зокиржон Шокиров (1990)[59]
  5. Ганижон Холматов[60]
  6. Набижон Мамажонов (5.06.2017)[61]

Кыргызстан маданиятын мыктылери

  1. Нуржахон Гапирова[62]
  2. Олимжон Комилов
  3. Зиёйдин Камолов
  4. Дилшод Курчиев
  5. Ойбек Юлдашев
  6. Бахтиёр Хурбоев[63]
  7. Дилшод Азимов[64]
  8. Хаётхон Мадрахимова
  9. Одина Аббосова (2014)[65]
  10. Маъмура Аскарова (2014)
  11. Бахтиёрхон Хайитмухамадова (2017)[66]
  12. Илхом Ахмад (Маматохунов)[67]
  13. Ёкутой Шаропова[68]

Театрдын репертуары[69]

Театр түзүүлгон күндөн тартып сахнасында 600 ашык чыгармалар коюлду.

Толук маалымат Год, Название ...
Год Название Оригинальное название өзб. {{{1}}} Автор
1919ОтцеубийцаПадаркушМ. Бехбудий
1919Лекарь из ТуркестанаТуркистонлик табибМаннон Уйгур
1920Отравленная жизньЗаҳарли ҳаётХамза
1921СиротаЕтимГулом Зафарий
1922Наказание клеветниковТуҳматчилар жазосиХамза
1923ЛолахонЛолахонКомил Яшин
1924Рапорт с югаЖанубдан рапортМахмуд Рахмон
1925ГулсараГулсараК.Яшин жана М. Мухамедов Archived 2018-08-26 at the Wayback Machine
1926Два коммунистаИкки коммунистК.Яшин
1927ДрузьяЎртоқларК.Яшин
1928ВнутриИчкаридаК.Яшин
1929ХалимаҲалимаГулом Зафарий
1929Ажи-ажиАжи-ажиК.Яшин
1930Истории на хлопковом полеПахта шумғиялариУмаржон Исмоилов
1931ЖенитьбаУйланишН.В. Гоголь
1932ПереводчикТилмочМаннон Уйгур
1933ru:Аршин мал аланАршин мол олонУзеир Гажибеков
1934РевизорРевизорН.В. Гоголь
1935История заговорилаТарих тилга кирдиНазир Сафаров, Зиё Саид
1935СожжёмЁндирамизК.Яшин
1936Вместо смертиЎлим ўрнигаЖ. Турусбеков
1936Любовь ЯроваяЛюбов ЯроваяК. Тренёв
1936Комсомольский взводКомсомол взводиТожизода
1937Обман и любовьМакр ва муҳаббатФридрих Шиллер
1937Фархад и Ширин«Фархад менен Ширин»Ш. Хуршид
1938Слуга двух господИкки хўжайинга бир қулК.Гольдони
1938Сабля УзбекистанаЎзбекистон қиличиСабир Абдулла
1939ПограничникиЧегарачиларБилль-Белоцерковский
1939Бай и батракБой ила хизматчиХамза
1939Тахир и ЗухраТоҳир ва ЗуҳраСабир Абдулла
1940ХолисхонХолисхонХамза
1940БуранБўронК.Яшин
1941ГулсараГулсараК.Яшин жана М.Мухамедов Archived 2018-08-26 at the Wayback Machine
1941Лейла и МаджнунЛайли ва МажнунХуршид
1941Курбан УмаровҚурбон УмаровСабир Абдулла
1942Смерть захватчикам!Ўлим босқинчиларга!К.Яшин
1942Проделки МайсарыМайсаранинг ишиХамза
1942ФронтФронтКорнейчук
1943Даврон атаДаврон отаСабир Абдулла
1943ЗафарЗафарУмаржон Исмоилов
1944НурхонНурхонК.Яшин
1944Невеста за 5 сомБеш сўмлик келинМ. Ордубади
1945Песня жизниҲаёт қўшиғиru:Уйгун
1946Честь женщиныАёл номусиМухтаров
1947ВеснаНавбаҳорru:Уйгун
1947Фархад и Ширин«Фархад менен Ширин»Хуршид
1948Красный галстукҚизил галстукК. Тренёв
1948Песня жизниҲаёт қўшиғиru:Уйгун
1948АлтынкульОлтинкўлru:Уйгун
1949ЛепесткиҒунчаларЗиннат Фатхуллин
1949СемургСемурғХамид Алимджан
1950АдолатАдолатИсмоил Акрам
1950АлпамышАлпомишСабир Абдулла
1951ТоктогулТўқтағулЖ. Бөкөнбаев
1951Лейли и МеджнунЛайли ва МажнунХуршид
1952ЁрилтошЁрилтошШукур Саъдулла
1952РадостьШодликМахмуд Рахмон
1952Шёлковое сюзанеШоҳи сўзанаАбдулла Каххар
1953Алишер НавоиАлишер НавоийИззат Султан
1953Наталка ПолтавкаНаталка ПолтавкаН. Лысенко
1953НурхонНурхонКомил Яшин
1954Праздник на полеДалада байрамШукур Саъдулла
1954Сердечные секретыЮрак сирлариБахром Рахмонов
1955ОфтобхонОфтобхонКомил Яшин
1955Девушка реки ГангГанг дарёсининг қизиРабиндранат Тагор
1956Равшан и ЗулхуморРавшан ва ЗулҳуморКомил Яшин
1956Любовь к РодинеВатан ишқиЗиннат Фатхуллин
1956Сундук секретовСирли сандиқИ. Ахмедов
1957АлпамышАлпомишСабир Абдулла
1957ЮлдузЮлдузСамед Вургун
1958Ойгул и БахтиярОйгул ва БахтиёрХамид Алимджан
1958Именем революцииРеволюция номи биланМ. Шатров
1959ОрзигулОрзигулТурсун Собиров
1959Ашик Гариб и ШахсанамОшиқ Ғариб ва ШоҳсанамАхмад Бобожон
1959ТайфунТайфунАхмад Бобожон
1959Секреты паранджиПаранжи сирлариХамза
1960На высокой землеБаланд ердаКубанычбек Маликов
1960Ташбалта влюблёнТошболта ошиқХамид Гулям
1960Принцесса ТурандотМалика ТурандотКарло Гоцци
1961Если твоя голова криваяБашаранг қийшиқ бўлсаРихси Орифжонов
1961ДилоромДилоромКомил Яшин
1962Два браслетаИкки билакузукШукур Саъдулла
1962Судьба отцаОтанинг тақдириБексултан Жакиев
1963ДитяФарзандМухаммаджон Хайруллаев
1963Голос из гробаТобутдан товушАбдулла Каххар
1963Мели хоббон, Наби товонМели ҳаббону Наби товонЯхёхон Маматхонов
1964Трагедия поэмыҒазал фожиасиАхмад Бобожон
1964Дорогие девушкиЖон қизларБайсеитов, Шангитбоев
1964ОтеллоОтеллоУильям Шекспир
1964Чертова девушкаШайтон қизКасымалы Жантөшев
1964НиммиНиммиПремчанд
1965Гули сиёхГули сиёҳСахиб Жамал
1965Любовь в молодостиЁшликда берган кўнгилЗиннат Фатхуллин
1965Горный беркутТоғ бургутиКасымалы Жантөшев
1965Полёт беркутаБургутнинг парвозиИззат Султан
1966Неизвестный человекНомаълум кишиИззат Султан
1966Гул и НаврузГул ва НаврўзСабир Абдулла
1966Материнское полеМомо ерЧыңгыз Айтматов
1966ПарвонаПарвонаУйгун
1967ДилоромДилоромАлишер Навои
1967Абдулла НабиевАбдулла НабиевАдхам Рахмат
1967СватыҚудаларУткир Рашид
1967Девушка с усамиМўйловли қизКасымалы Жантөшев
1968Скорпион из алтаряМеҳробдан чаёнАбдулла Кадыри
1968Стряпуха замужемПазанда куёвга чиқдиАнатолий Софронов
1968Новая невестаЯнги келинМырзабек Тойбаев
1968Меж двух огнейИкки ўт орасидаБекниёзов, Исмаилов
1968СожалениеПушаймонАбдугани Абдугафуров
1969ЖенитьбаУйланишН. В. Гоголь
1969Странные вещиАжаб савдоларХамид Гулям
1969Могучая волнаҚудратли тўлқинШараф Рашидов
1969Когда заря взойдёт над ФерганойФарғонада тонг отгунчаМирзакалон Исмоилий
1970Кто смеётся последнимЙиқилган тойганга куларТ. Абдумомунов
1970Невеста за 5 сомБеш сўмлик келинМамед Саид Ордубади
1970Дешёвый женихАрзон куёвШухрат
1970Требуется лжецЁлғончи даркорДимитрис Псафас
1971Приключения ЧандуЧандунинг саргузаштлариА.Д. Иловайский
1971Обман по шариатуҲийлаи шаръийРешат Нури Гүнтекин
1971РустамРустамУмаржон Исмаилов
1971Перед рассветомТонг олдиданСуорун Омоллоон
1972Чертовое поколениеШайтон авлодМухтаров
1972Девушка АтабекаОтабекнинг қизиТоктоболот Абдумомунов
1972Зло от аппетитаБалойи нафсА. Абдугафуров
1973Начало жизниҲаётнинг бошланишиАбдукаххор Маннонов
1973ГрозаМомақалдироқАлександр Островский
1973Ташбалта влюблёнТошболта ошиқХамид Гулям
1973Горная красавицаТоғ гўзалиСаидмуродов
1974Куйдирмаган кундошКуйдирмаган кундошА. Абдугафуров
1974КрасавицаСоҳибжамолЖура Махмудов
1974АширбойАширбойАалы Токомбаев
1974Преступление без наказанияЖазосиз жиноятРихси Орифжонов
1974Бунт невестокКелинлар қўзғолониСаид Ахмад
1975ОрзигулОрзигулТурсун Собиров
1975РевизорРевизорН.В. Гоголь
1975Человек издалекаУзоқдаги одамУмарахунов
1975Старики с молодыми душамиКўнгли ёш қарияларХутаев
1975АдолатАдолатИсмаил Акрам
1976Рука другаДўстим қўлиМехрибон Назаров
1976Никому не говориҲеч кимга айтмаТ. Абдумомунов
1976Шутник АлиМасхарабоз АлиБабаханов
1976Сундук секретовСирли сандиқАхмедов
1977Переполох перед свадьбойТўй олдидан тўполонПапаян
1977УркуяУрқуяНасридин Байтемиров
1977Наследство отцовОталар меросиА. Абдугафуров
1977Жалость к животномуАрмонли жониворАалы Токомбаев
1978Легендарная личностьАфсонавий шахсСахиб Джамал
1978Разбойник и гончарҚароқчи билан кулолМехмон Бахти Archived 2018-03-07 at the Wayback Machine
1978СемургСемурғЗульфия
1978Святой городМуқаддас шаҳарА.Н. Арбузов
1978Любовь к РодинеВатан ишқиЗ. Фатхуллин
1979Старый холостякҚари бўйдоқМирзабек Тойбаев
1979Гул и НаврузГул ва НаврўзСабир Абдулла
1979[:ru:[Васса Железнова]]Васса ЖелезноваМаксим Горький
1979ВеснаБаҳорМ. Тахмасиб
1979Бунт невестокКелинлар қўзғолониСаид Ахмад
1980Два браслетаИкки билакузукШукур Саъдулла
1980Гипноз-2Гипноз-2А. Абдугафуров
1980НеркесНеркесБерди Кербабаев
1980ru:Мещанин во дворянствеСохта оқсуякМольер
1981Белый жеребецОқ тулпорШатман Садыбакасов
1981Посмертный долгҚиёмат қарзУлмас Умарбеков
1981Дорога в ЧаткалЧотқолга йўлМаксим Каримов
1981Дешёвый зятьАрзон куёвШухрат
1982Приглашаем на свадьбуТўйлар муборакУткир Хашимов
1982ru:МедеяМедеяru:Эврипид
1982Омар ХайямУмар ХайёмГүнтекин
1982Не зная наступил колючкуБилмайин босдим тиконниИззат Султан
1983Изобретательный ТалмасТопқир ТолмасА. Абдугафуров
1983Кровавый миражҚонли саробСарвар Азимов
1983ru:Тахир и ЗухраТоҳир ва ЗуҳраСабир Абдулла
1983ru:Первый учительБиринчи ўқитувчиЧингиз Айтматов
1983В ночь лунного затменияОй тутилган кундаМустай Карим
1984Конец традицийОдат ҳалокатиМехрибон Назаров
1984Дорогие девушкиЖон қизларБайсеитов, Шангитбаев
1985ru:Похождения НасреддинаХўжа НасриддинВ. Виткович
1985Путешествие в мир тайнСирлар дунёсига саёҳатУмаржон Алимжанов
1985ЗебунисоЗебунисоru:Уйгун
1985ru:Мещанин во дворянствеСохта оқсуякМольер
1985НаследствоМеросА. Абдугафуров
1986Если не я, то кто?Мен бўлмасам ким?А. Абдугафуров
1986ПолётПарвозru:Уйгун
1986Проделки МайсарыМайсаранинг ишиХамза
1987Кровавый миражҚонли саробСарвар Азимов
1987Конфета дружбыДўстлик конфетиУмаржон Алимжанов
1987Семетей сын МанасаМанаснинг ўғли СеметейЖалил Садиков
1987Весна двадцать первого21-йил баҳориШтейн
1988Врата судьбыТақдир эшигиШараф Башбеков
1989Прекрасная принцесса ТашкентаТошкентнинг нозанин маликасиХайдар Мухаммад
1989ЗятьКуёвСаид Ахмад
1989ЁрилтошЁрилтошШукур Саъдулла
1989АдолатАдолатИсмаил Акрам
1990Враг народаХалқ душманиА. Абдугафуров
1990СогдианаСуғдиёнаУмаржон Алимжанов
1990Равшан и ЗулхуморРавшан ва ЗулхуморК.Яшин
1991Упрямый зятьҚайсар куёвМехмон Бахти Archived 2018-03-07 at the Wayback Machine
1991Курманжан ДаткаҚурмонжон ДодхоА. Абдугафуров
19925 жён АфандиАфандининг беш хотиниИброхим Содиков
1992Соляная степьШўр маконМурза Гапаров
1992НодираНодираХошимжон Раззоков
1993Путь в райЖаннатга йўлАбдулла Орипов
1993Кто смеётся последнимЙиқилган тойга куларТоктоболот Абдумомунов
1993Таинственный колосСирли бошоқРавшан Ёриев
1993Когда земля горитЕр ёнгандаУлмас Умарбеков
1994Современные зятьяЗамонавий куёвларКамилжан Нишанов
1994Хасан-Хусан разборщикиҲасан-Ҳусан разборчиларУмаржон Алимжанов
1995Ташбалта влюблёнТошболта ошиқru:Хамид Гулям
1995Семетей сын МанасаМанаснинг ўғли СеметейЖалил Садиков
1995Могучая волнаҚудратли тўлқинШараф Рашидов
1996Сохибкирон (Венценосец)СоҳибқиронАбдулла Орипов
1996Хочу умереть, нужен спонсорЎлмоқчиман, ҳомий керакМурза Гапаров
1996СемургСемурғЗульфия
1997ЧулпанЧўлпонТулан Низам
1998Когда выйдет получшеЗўрдан зўр чиқсаШараф Башбеков
1998КамчибекҚамчибекСуранчи Жетимишев
1998Золотой кувшинОлтин кўзаЭркин Байназаров
1999Процентщик ЛанкабайПроцентчи ЛанкабойА. Абдугафуров
1999МакбетМакбетУ.Шекспир
2000Песня о БабуреБобур ҳақида қўшиқЖалил Садиков
2001ЁрилтошЁрилтошШукур Саъдулла
2001Одолжи супругаЭрингни бериб турСайлавбай Джумагулов
2002Тайна, унесённая ru:ЧингизханомЧингизхон олиб кетган сирМухтар Шаханов
2002ЖизньОби ҳаётДжамал Акматалиев
2003Когда выйдет получшеЗўрдан зўр чиқсаШараф Башбеков
2003ЧулпанЧўлпонТулан Низам
2004Соляная степьШўр маконМурза Гапаров
2004“Любовь Улугбека”Улуғбек муҳаббатиМаксуд Шайхзада
2005Песня о БабуреБобур ҳақида қўшиқЖалил Садиков
2005Золотая девушкаОлтин қизХайитмат Расул
2006Слёзы царицыМаликанинг кўз ёшиСултан Раев
2006Эгривой и ТўгривойЭгривой ва ТўғривойАйбек Юлдашев
2007Лес чудесҒаройиботлар ўрмониИномжон Турсунов
2007ИсповедьМуножотТимур Зулфикаров
2008ru:Лейла и МеджнунЛайли ва МажнунХуршид
2008Друзья петушатникиХўрозбоз жўраларЭркин Байназаров
2008Вечные судорогиМангу талвасаУ. Шекспир, А.С. Пушкин
2009Далёкий путь в МеккуМакка сари олис йўлСултан Раев
2009Старики озорникиБу чоллар ёмон чолларОхунжон Хакимов Archived 2018-08-21 at the Wayback Machine
2009НеблагодарныеНошукурларНасрулла Кабул
2009Волшебный мешокСеҳрли қопОлимжон Салимов
2010ПлахаҚиёматЧингиз Айтматов
2010Слёзы царицыМаликанинг кўз ёшиСултан Раев
2010ЛовушкаФитнаНасрулла Кабул
2010ЖаркынайЁрқинойимКайрат Иманалиев
2011Далёкий путь в МеккуМакка сари олис йўлСултан Раев
2011Слёзы царицыМаликанинг кўз ёшиСултан Раев
2011ru:Лейла и МеджнунЛайли ва МажнунХуршид
2011Старики озорникиБу чоллар ёмон чолларОхунжон Хакимов Archived 2018-08-21 at the Wayback Machine
2012Царица змейИлонлар маликасиИном Турсунов
2012Боль болью не лечатҚалбга озор етмасинБ. Жакиев
2012Разум и АлчностьАқл ва ОчкўзликА. Абдугафуров
2012Путешествие в империю ЛжиЁлғон империясига саёҳатА. Абдугафуров
2013Слёзы царицыМаликанинг кўз ёшиСултан Раев
2013Далёкий путь в МеккуМакка сари олис йўлСултан Раев
2013ru:Лейла и МеджнунЛайли ва МажнунХуршид
2013Боль болью не лечатҚалбга озор етмасинБ. Жакиев
2013ИсповедьМуножотТимур Зулфикаров
2014Семетей сын МанасаМанаснинг ўғли СеметейЖалил Садиков
2014ru:Слуга двух господИкки хўжайинга бир қулК.Гольдони
2014Плаха (Плач волчицы)ҚиёматЧингиз Айтматов
2014Часы времениВақт соати
2014Прости меняКечир мениГуласал Алиева
2015Барсбек ru:каганБарсбек хоқонСултан Раев
20155 жён АфандиАфандининг беш хотиниИброхим Содиков
2015Боль болью не лечатҚалбга озор етмасинБ. Жакиев
2015Шесть жён на одного вдовцаБир бевага олти хотин
2015МауглиМауглиД.Р.Киплинг
2016БарсбекБарсбекСултан Раев
2016Сердце материОна юрагиМ. Камилжанов
2016Шесть жён на одного вдовцаБир бевага олти хотин
2016ru:Манас ВеликодушныйСаҳоватли МанасЖалил Садиков
2017Душевные смятения БабураБобур туғёниП. Кодиров
2017Тайны зеркалаКўзгу сириР. Отарбаев
2017Ричард IIIРичард IIIУильям Шекспир
2017Зумрад и КимматЗумрад ва ҚимматУзбекская народная сказка
2018Звезда надежды (Пегий пёс, бегущий краем моря)Умид юлдузиЧингиз Айтматов
2018Небеса полны милосердияОсмоннинг бағри кенгСирожиддин Салохиддинов
2018ДуракиЖинниларИранская народная сказка
2019ru:Король ЛирҚирол ЛирУильям Шекспир
2020КоронаТожСултан Раев
2020К старухе пришла прачкаКир ювувчи кампирнинг олдига келдиМукаддас Мамадалиева
2020Крик аистовЛайлакларнинг йиғисиСултан Раев
2021КоркутҚўрқутКайрат Иманалиев
2021НадеждаУмидКайрат Иманалиев
2021Тоска по БабуруБобур соғинчиru:Хуршид Даврон
2021Последняя жертва войныУрушнинг сўнгги қурбониУткир Хашимов
2022Самар БонуСамар БонуСохибахон Хошимова
2022Немая невестаСоқов келинРихсивой Муҳаммаджонов
2022Буратино и Джек ВоробейБуратино ва Жек ВоробейЭркин Бойназаров
2023АттилаАттилаЮнус Огуз
2023Поменяю своё сердцеЮрагимни алмаштираманХалима Ахмедова
2023Напрасная клятваБеҳуда қасамЭркин Бойназаров
2023Катастрофа и разумОфат ва ақл
2023ЧипполиноЧипполиноДжанни Родари
Жабуу

Мындан тышкары, театр сахнасында көптөгөн концерттик программалар коюлган.

Башкы режиссёрлор

  1. Рахмонберди Мадазимов (1914-1932 жылдары)
  2. Болта Махмудов (1941 жылга чейин)
  3. Уринбой Рахмонов (1942-1949 жылдары)
  4. Гуломжон Исроилов
  5. Фаина Анатольевна Литвинская (1957-1967 жылдары)
  6. Собиржон Юлдашев
  7. Эркин Муродов
  8. Журабой Махмудов (1971-1975 жылдары)
  9. Салохиддин Умаров
  10. Махмуджон Гуломов
  11. Бообек Ибраев
  12. Абдурашид Бойтемиров
  13. Ганижон Холматов[70] (2007 жылга чейин)
  14. Каримжон Юлдашев
  15. Набижон Мамажонов

Театрдын көркөм жетекчилери

  1. Рахмонберди Мадазимов ( 1914-1932 жылдары)
  2. Болта Махмудов (1941 жылга чейин)
  3. С. Григорьян (1941-1942 жылдары)
  4. Уринбой Рахмонов (1942-1949 жылдары)
  5. Зиёйдин Камолов (2016-2018 жылдары)
  6. Равшан Турсунов 2018 жылдан.

Театрдын директорлору

  1. Рахмонберди Мадазимов ( 1914-1932 жылдары)
  2. Солихон Ахмаджонов
  3. Бобохон Ортиков
  4. Абдугани Нурбоев
  5. Салимжон Ёдгоров
  6. Фаттох Мансуров
  7. Лутфулла Исаков
  8. Махмуджон Умаров
  9. Алихон Жураев
  10. Нурмамат Солиев
  11. Солижон Розиков
  12. Мухаммадусмон Азизов
  13. Комилжон Восилов
  14. Хошимжон Юлдашев
  15. Набижон Мамажонов (4 май 2015-1 июль 2019)
  16. Азам Абдуразаков (2019 жылдан)

Колдонулган адабияттар

  1. “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5 том, 763 бет. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
  2. Энциклопедия Ошской области, Академия Наук Киргизской ССР. Раздел Театральная жизнь, 1987 жыл.
  3. Национальная Энциклопедия Узбекистана, Академия Наук Республики Узбекистан, г. Ташкент, 2000-2006 годы (буква Ў, стр.219), Государственное научное издательство ««Узбекская национальная энциклопедия», Ташкент[71].
  4. Ысмайыл Кадыров «Кыргыздын гиннесс китеби», Бишкек, "Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору", 2008 жыл. 216 б., 94 бет — ISBN 978-9967-14-059-2. (кирг.)[72].
  5. А. Абдугафуров "Ошский узбекский музыкальный театр", Фрунзе шаары: Кыргызстан, 1980 жыл. - 59 с. 21 см, ББК 85.4. (узб.), (рус.) и (кирг.)[73].
  6. А. Абдугафуров «Видные сыновья Оша», Ош шаары: Ошская областная типография, 2000 жыл — 176 с. (узб.) и (рус.)
  7. А. Абдугафуров «Ошский академический театр», Ош шаары, "Азия Принт", 2010 жыл, — 52 с. (узб.)
  8. "Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү үчүн" энциклопедиясы ("Во имя процветания Кыргызстана" Энциклопедическое издание о выдающихся узбеках Кыргызстана) Под рук. Жураева Б.Ж. (Абдугафуров А., Рахманов Д.Д. и др.), Ош, "Ризван", 2017, страницы 27-32, 287-309, страниц 336| ISBN= 978-9967-18-344-5 УДК 351/354. ББК 66,3(2Ки).
  9. Театральная энциклопедия, Том IV / Глав. ред. С.С. Мокульский, П.А. Марков. — Москва: Гос. науч. изд-во "Сов. энциклопедия", 1965. — С. 241. — 1152 с.
  10. Киргизская Советская Социалистическая Республика: энциклопедия / глав. ред. Орузбаева Б.О. Институт истории АН Кирг. ССР. — Фрунзе: Глав. ред. Киргизской сов. энциклопедии, 1982. — С. 432, 443. — 488 с.
  11. Энциклопедия Ошской области, Раздел "Театральная жизнь" / гл. ред. Орузбаева Б.О. Академия Наук Киргизской ССР. — Фрунзе (Бишкек): Глав. ред. Киргизской сов. энциклопедии, 1987. — С. 109-111. — 445 с. ББК 92я2 (рус.).
  12. Национальная энциклопедия Узбекистана / Государственное научное издательство "Ўзбекистон миллий энциклопедияси" Академии наук Республики Узбекистан. — Ташкент: Государственное научное издательство "Ўзбекистон миллий энциклопедияси", 2000-2006. — С. 219, буква "Ў". (узб.)
  13. Национальная энциклопедия «Кыргызстан», 5 том / гл. ред. Асанов Ү.А. Центр Государственного языка и энциклопедии Национальной академии наук Киргизской Республики. — Бишкек: Центр Государственного языка и энциклопедии, 2014. — С. 763. — ISBN 978-9967-14-111-7. (кирг.)
  14. Кыргызстан: энциклопедия / глав. ред. О. Ибраимов Центр Гос. языка и энциклопедии АН КР. — Фрунзе: Центр Гос. языка и энциклопедии, 2001. — С. 485, 520. — 546 с.
  15. Искусство советской Киргизии. — Москва; Ленинград: Государственное издательство "Искусство", 1939. — С. 41, 42, 44. — 173 с. Мат-лы к декаде кирг. искусства в Москве. 1939 г.
  16. Киргизский театр: очерк истории / Львов Н.И. — Москва: Искусство, 1953. — С. 129. — 227 с.
  17. Культурное строительство в Киргизии: ч. 1. 1930-1941 гг.: Народное образование / Каниметов А.К. Институт истории АН Кирг.ССР. — Фрунзе: Киргизское государственное издательство, 1957. — С. 18, 47.
  18. Искусство Киргизской ССР / Новиченко Е.И, Сальникова О.И.. — Фрунзе, 1958. — С. 40, 70. — 142 с.
  19. "Розияхон Муминова "Декада киргизского искусства и литературы в Москве" / Ф.А. Литвинская. — Фрунзе: Киргизгосиздат, 1958. -16 с.: ил.; 20 см.
  20. Таджихон Хасанова: Нар. артистка Киргиз. ССР / Ф.А. Литвинская. — Фрунзе: Киргизгосиздат, 1958. -20 с.: ил.; 20 см.
  21. Вопросы коммунистического воспитания / Глав. ред. Алтмышбаев А.А. Институт философия и права АН Кирг. ССР. — Фрунзе: Изд-во Академии наук Киргизской ССР, 1963. — С. 86, 98. — 99 с.
  22. Нация и национальные отношения / Глав. ред. Алтмышбаев А.А. Институт философия и права АН Кирг. ССР. — Фрунзе: Илим, 1966. — С. 91, 92. — 142 с.
  23. Киргизская ССР в ... году: указатель литературы / Государственная республиканская библиотека Киргизской ССР им. Н.Г. Чернышевского. — Фрунзе: Библиотека, 1966. — С. 467, 468.
  24. История Киргизской ССР / Глав. ред. Джамгерчинов Б.Д. Институт истории АН Кирг. ССР. — Фрунзе: Кыргызстан, 1968. — С. 64. — 708 с. УДК 9(С54)
  25. Библиография Киргизии (Том 4,Выпуск 6) / Ж.Л. Амитин-Шапиро. — Фрунзе: Киргизстан, 1970. — С. 177.
  26. История советского драматического театра, Том 6 / Москов Институт истории искусств. — Москва: Наука, 1971. — С. 324, 326.
  27. История киргизского искусства / Салиев А.А. Институт философии и права АН Кирг. ССР. — Фрунзе: Илим, 1971. — С. 76, 108. — 407 с.
  28. История советского крестьянства Киргизстана / Шерстобитов В.П. Институт истории АН Кирг. ССР. — Фрунзе: Илим, 1972. — С. 156, 522. — 610 с.
  29. Вопросы истории Коммунистической партии Киргизии, том 11 / Институт истории партии при ЦК КП Киргизии. — Фрунзе: Кыргызстан, 1975. — С. 251.
  30. Путешествие по Южной Киргизии / Картавов М.М. Исаев. А.. — Фрунзе: Кыргызстан, 1978. — С. 21. — 45 с.
  31. Второй Всесоюзный фестиваль драматургии и театрального искусства народов СССР: сборник справочных и библиографических материалов / Государственная центральная театральная библиотека, Управление театров (Руссия). — Москва: Гос. центр. театральная библиотека, 1979. — С. 10. — 80 с.
  32. Культурное строительство в Киргизской ССР в годы довоенных пятилеток / Данияров С.С. Институт истории АН Кирг. ССР. — Фрунзе: Изд-во Илим, 1980. — С. 243. — 281 с.
  33. "Годы и роли: Творч. портр. нар. артистки Кирг. ССР Т. Салиевой" / Ф.А. Литвинская. — Фрунзе: Кыргызстан, 1981. — 76 с. 4 л. ил.; 16 см.
  34. "Народное движение в ирригационном строительстве Киргизии, 1939-1941 гг." / Будянский Д.М.. — Бишкек: Илим, 1991. — С. 130. — 164 с.
  35. "Эпос "Манас" и эпическое наследие народов мира" / Аскаров Т.А., Койчуев Т.К.. — Бишкек: Кыргызстан, 1995. — С. 192. — 207 с.
  36. История милиции Кыргызстана, том 1 / Асаналиев Т.А. Бишкекская высшая школа милиции МВД КР. — Бишкек, 1996. — С. 100-101. (рус.)
  37. "Социальные тенденции Кыргызской Республики 1999-2003: 2001-2005" / Абдыкалыков О.. — Бишкек: Национальный статкомитет, 2007. — С. 136.
  38. "Проблематика поэтического слова в кыргызском зарубежье" / Сабирова В.К., Сарыбаева Г., Эрназарова Г.Б.. — Ош: ОшГУ, 2018. — С. 3. (рус.)
  39. "Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү үчүн" энциклопедиясы ("Во имя процветания Кыргызстана" Энциклопедическое издание о выдающихся узбеках Кыргызстана) Под рук. Жураева Б.Ж. (Абдугафуров А., Рахманов Д.Д. и др.), Ош, "Ризван", 2017, страницы 27-32, 287-309, страниц 336| ISBN= 978-9967-18-344-5 УДК 351/354. ББК 66,3(2Ки).
  40. Одилжон Дадажонов "Тарыхка кайрылып" (узб. "Мозийға қайтиб"), Ош шаары, "Ризван" 2021 жыл, - 398 с. ISBN=978-9967-9258-6-1 УДК 821,51. ББК 84.УЗ7-4. Д14. (узб.)[74]

Ошондой эле кароо

Тиркемелер

Интернеттеги шилтемелер

Wikiwand in your browser!

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.

Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.