From Wikipedia, the free encyclopedia
Журахон Рахмонбердиевич Рахмонов (өзб. Жўрахон Раҳмонов; (1917-1977), Ош шаары, Ош уезди, Түркстан - Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын негиздөөчүлөрунөн бири, кыргызстандык театр жана кино артисти, театралдык ишмер, Өзбекстан эмгек сиңирген артисти (1974), Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери[1], ал Кыргызстандын жана Өзбекстандын маданиятын жана көркөм өнөрүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон.
Төрөлгөндөгү ысымы: |
Жўрахон Раҳмонбердиевич Раҳмонов |
---|---|
Туулган датасы: |
1917 жыл |
Туулган жери: | |
Өлгөн датасы: |
1977 жыл |
Өлгөн жери: | |
Жарандыгы: | |
Кесиби: |
Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын негиздөөчүлөрунөн бири жана артисти, Өзбекстан эмгек сиңирген артисти |
Карьерасы: |
1937 - 1977 жылдары |
Багыты: | |
Сыйлыктары: | Өзбекстан эмгек сиңирген артисти, Кыргыз ССР Жогорку Совети Президиумунун 2 жолу ардак грамоталары, IX беш жылдык ударниги медалы, Кыргыз ССРынын маданият министрлигинин ардак грамотасы, Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучусу катарында көптөгөн медалдар менен сыйланган. |
Журахон Рахмонов 18 август 1917 жылы Ош шаарында кызматчылардын үй-бүлөсундө туулган. Ал Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын негиздөөчүлөрунөн бири, Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери. 1937 жылы Ош театрына артист болуп жумушка кирди. Ошондой эле Ош театрынын түзүүчүлөрү болуп анын атасы Рахмонберди Мадазимов (1914 жылдан) жана анын бир тууганы Уринбой Рахмонов (1927 жылдан) болуп саналат[2]. 1938 жылы Кызыл армиянын катарына чакырылган. Совет-фин согушунда, Ленинграддын курчоосун коргоосунда катышкан, 2-чи Белоруссия фронту 9-чи танк корпусу[3] 95-чи танк бригадасында[4] улук сержант болуп кызмат кылган[5]. Россияны, Украинаны, Белоруссияны, Польшаны, Германияны бошотууда, Берлинди жана Рейхстагты алууда катышкан. "Ата Мекендик согуштун" II даражадагы ордени (буйрук 9-ТК № 015/п 23 август 1943 жыл), ошондой эле көп сандаган медалдар менен сыйланган[6].
Согуш аяктагандан кийин Журахон Рахмонов Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрына жумушка кайтып келди жана өмүрүнүн аягына чейин ал жерде артист болуп иштеди, театрда жана кинода жүздөн ашык ролдорду ойноду. Театралдык жамаатынын жана Журахон Рахмоновдун чыгармачылыгын денгээлин көтөрүүда Ош театрынын сахнасында коюлган Ч. Айтматовдун "Саманчынын жолу", К. Яшин жана М. Мухамедовдун "Дилором", Шекспирдын "Отелло" чыгармалары чоң роль ойноду. Кийинки жылдары Журахон Рахмонов Шараф Рашидовдун "Кубаттуу толкун" , К. Тренёвдун "Любовь Яровая", "Кизил галстук", Шиллердин "Алдоо жана сүйүү", К. Гольдонинын "Эки мырзага малай", Александр Островскийдин "Добул", Насриддин Байтемировдун «Уркуя», "Той алдында дүрбөлөн", "Сүйүү, жаз жана шайтан" чыгармаларында роль ойногон.
14-25 октябрь 1958 жылы Журахон Рахмонов Ош өзбек драма театрынын жамааты менен бирге Москвада кыргыз искусствосу жана адабиятынын экинчи декадасында катышкан. 1961 жылы 20 февралында Кыргызстан театралдык коомунун I съездинде катышкан. 1967 жылы Ош өзбек драма театры Тажик ССРда гастрольда болчу. Гастролдор чоң ийгилик менен өтүү, жамаат Тажик ССР маданият министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланды. 11-17 июль 1967 жылы Москвада Кыргызстандын маданият жана искусство Күндөрүндө катышкан. 4-14 сентябрь 1969 жылы Өзбек ССРда кыргыз адабияты жана искусство декадасында катышкан. 2-10 апрель 1970 жылы В.И. Ленин 100 жылдыгына арналган СССР элдеринин искусство майрамында катышкан[7].
Журахон Рахмонов кыргыз тилин мыкты билгени учун, ал С. Ибраимов атындагы Ош кыргыз академиялык драма театры (24 ноябрь 1972 жылы уюшулган, 1974 жылы курулду) ачылганга чейин кыргыз улуттук жазуучулардын классикалык жана заманбап чыгармаларын пропагандалады жана театр сахнасында коюда активдүү катышкан. Ал кыргыз авторлорунун чыгармаларын аткарууда ролдорду нукура кыргыз тилинде ойноду. 1957 жылы ал Кыргыз ССРынын маданият министрлигинин ардак грамотасы менен, ал эми 1976 жылы IX беш жылдык ударниги медалы менен сыйланган. Ташкентте гастролдор бүткөндөн кийин маданият жана искусство пропагандалоо жана өнүктүрүү учун кошкон зор салымы үчүн Журахон Рахмонов Өзбек ССР Жогорку Совети Президиумунун 5 июль 1974 жылдагы №164 Жарлыгы менен Өзбекстан эмгек сиңирген артисти (медаль № 877) ардак наам менен сыйланды[8]. Кыргызстан тарыхында эки артист гана бул ардактуу наам менен сыйланышкан.
Журахон Рахмонов күлкүлүү жана трагедиялуу ролдорду ойногон актёр болчу, жүздөн ашык ролдорду ойногон. Анын көпчүлүк күлкүлүү сүйлөөлөру жана кырдаалдары жазуучу Абдугани Абдугафуровдун күлкүлүү пьесаларында жана анын 2000 жылы чыгарылган "Оштун көрүнүктүү инсандары" китебинде, "Муштум" журналында жарыяланды. Драматург Абдугани Абдугафуровдун 2010 жылы чыгарылган "Ош академиялык театры" китебинде Бабур атындагы Ош театрынын чыгармачылык ишинде Журахон Рахмоновдун сиңирген эмгеги чагылдырылган.
Журахон Рахмоновдун Кыргызстандын маданиятын жана искусствосун өнүгүшүнө чоң салым кошкон сиңирген эмгеги Кыргыз ССРынын жетекчилиги тарабынан эске алынып, ал көп жолу сыйланды,[9] Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши Президиумунун (1968 жана 1974 жылдары) эки ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргызстан тарыхында бул ардак грамота менен эки жолу сыйланган бир нече көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлерлер гана бар[10].
Журахон Рахмонов 7 апрель 1977 жылы каза болду жана ал Ош шаарында көмүүлдү. Анын көмүү чарасында, Ош обком партиясынын биринчи катчысы Султан Ибраимов жана Ош шаардык аткаруу комитетинын жетекчилери катышты жана коштошуу сөздорун айтышты[11]. Эмгек сиңирген артист каза болгондон кийин, Ош шаардык аткаруу комитетинин жана Ош облусунун маданият башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан актёр туулуп өскөн Ош шаарындагы Алебастрова көчөсүн Журахон Рахмоновдун урматына кайра атоо демилгесин көтөрүшкөн[12][13][14].
Журахон Рахмонов Ош облусунун, Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун Кенештеринин депутаты болуп шайланган.
Жыл | Орусча аталышы | Нукура аталышы | Ролу |
---|---|---|---|
1971 | ru:Захар Беркут (фильм, 1971) | Захар Беркут | Эпизод |
1972 | ru:Улица (фильм, 1972) | Көчө | Короз оюнчу |
1964 | ru:Джура (фильм, 1964) | Жўра | Басмачы |
1939 | ru:Азамат (фильм, 1939) | Азамат | Эпизод |
Год | Название | Оригинальное название өзб. {{{1}}} | Автор |
---|---|---|---|
1937 | Обман и любовь | Макр ва муҳаббат | Фридрих Шиллер |
1937 | Фархад и Ширин | «Фархад менен Ширин» | Ш. Хуршид |
1938 | Слуга двух господ | Икки хўжайинга бир қул | К.Гольдони |
1938 | Сабля Узбекистана | Ўзбекистон қиличи | Сабир Абдулла |
1946 | Честь женщины | Аёл номуси | Мухтаров |
1947 | Весна | Навбаҳор | Уйгун |
1947 | Фархад и Ширин | «Фархад менен Ширин» | Хуршид |
1948 | Красный галстук | Қизил галстук | Константин Тренёв |
1948 | Песня жизни | Ҳаёт қўшиғи | Уйгун |
1948 | Алтынкуль | Олтинкўл | Уйгун |
1949 | Лепестки | Ғунчалар | Зиннат Фатхуллин |
1949 | Семург | Семурғ | Хамид Алимджан |
1950 | Адолат | Адолат | Исмоил Акрам |
1950 | Алпамыш | Алпомиш | Сабир Абдулла |
1951 | Токтогул | Тўқтағул | Ж. Бөкөнбаев |
1951 | Лейли и Меджнун | Лайли ва Мажнун | Хуршид |
1952 | Ёрилтош | Ёрилтош | Шукур Саъдулла |
1952 | Радость | Шодлик | Махмуд Рахмон |
1952 | Шёлковое сюзане | Шоҳи сўзана | Абдулла Каххар |
1953 | Алишер Навои | Алишер Навоий | Иззат Султан |
1953 | Наталка Полтавка | Наталка Полтавка | Н. Лысенко |
1953 | Нурхон | Нурхон | Комил Яшин |
1954 | Праздник на поле | Далада байрам | Шукур Саъдулла |
1954 | Сердечные секреты | Юрак сирлари | Бахром Рахмонов |
1955 | Офтобхон | Офтобхон | Комил Яшин |
1955 | Девушка реки Ганг | Ганг дарёсининг қизи | Рабиндранат Тагор |
1956 | Равшан и Зулхумор | Равшан ва Зулҳумор | Комил Яшин |
1956 | Любовь к Родине | Ватан ишқи | Зиннат Фатхуллин |
1956 | Сундук секретов | Сирли сандиқ | И. Ахмедов |
1957 | Алпамыш | Алпомиш | Сабир Абдулла |
1957 | Юлдуз | Юлдуз | Самед Вургун |
1958 | Ойгул и Бахтияр | Ойгул ва Бахтиёр | Хамид Алимджан |
1958 | Именем революции | Революция номи билан | М. Шатров |
1959 | Орзигул | Орзигул | Турсун Собиров |
1959 | Ашик Гариб и Шахсанам | Ошиқ Ғариб ва Шоҳсанам | Ахмад Бобожон |
1959 | Тайфун | Тайфун | Ахмад Бобожон |
1959 | Секреты паранджи | Паранжи сирлари | Хамза |
1960 | На высокой земле | Баланд ерда | Кубанычбек Маликов |
1960 | Ташбалта влюблён | Тошболта ошиқ | Хамид Гулям |
1960 | Принцесса Турандот | Малика Турандот | Карло Гоцци |
1961 | Если твоя голова кривая | Башаранг қийшиқ бўлса | Рихси Орифжонов |
1961 | Дилором | Дилором | Комил Яшин |
1962 | Два браслета | Икки билакузук | Шукур Саъдулла |
1962 | Судьба отца | Отанинг тақдири | Бексултан Жакиев |
1963 | Дитя | Фарзанд | Мухаммаджон Хайруллаев |
1963 | Голос из гроба | Тобутдан товуш | Абдулла Каххар |
1963 | Мели хоббон, Наби товон | Мели ҳаббону Наби товон | Яхёхон Маматхонов |
1964 | Трагедия поэмы | Ғазал фожиаси | Ахмад Бобожон |
1964 | Дорогие девушки | Жон қизлар | Байсеитов, Шангитбоев |
1964 | Отелло | Отелло | Уильям Шекспир |
1964 | Чертова девушка | Шайтон қиз | Касымалы Жантөшев |
1964 | Нимми | Нимми | Премчанд |
1965 | Гули сиёх | Гули сиёҳ | Сахиб Жамал |
1965 | Любовь в молодости | Ёшликда берган кўнгил | Зиннат Фатхуллин |
1965 | Горный беркут | Тоғ бургути | Касымалы Жантөшев |
1965 | Полёт беркута | Бургутнинг парвози | Иззат Султан |
1966 | Неизвестный человек | Номаълум киши | Иззат Султан |
1966 | Гул и Навруз | Гул ва Наврўз | Сабир Абдулла |
1966 | Материнское поле | Момо ер | Чыңгыз Айтматов |
1966 | Парвона | Парвона | Уйгун |
1967 | Дилором | Дилором | Алишер Навои |
1967 | Абдулла Набиев | Абдулла Набиев | Адхам Рахмат |
1967 | Сваты | Қудалар | Уткир Рашид |
1967 | Девушка с усами | Мўйловли қиз | Касымалы Жантөшев |
1968 | Скорпион из алтаря | Меҳробдан чаён | Абдулла Кадыри |
1968 | Стряпуха замужем | Пазанда куёвга чиқди | Анатолий Софронов |
1968 | Новая невеста | Янги келин | Мырзабек Тойбаев |
1968 | Меж двух огней | Икки ўт орасида | Бекниёзов, Исмаилов |
1968 | Сожаление | Пушаймон | Абдугани Абдугафуров |
1969 | Женитьба | Уйланиш | Н. В. Гоголь |
1969 | Странные вещи | Ажаб савдолар | Хамид Гулям |
1969 | Могучая волна | Қудратли тўлқин | Шараф Рашидов |
1969 | Когда заря взойдёт над Ферганой | Фарғонада тонг отгунча | Мирзакалон Исмоилий |
1970 | Кто смеётся последним | Йиқилган тойганга кулар | Т. Абдумомунов |
1970 | Невеста за 5 сом | Беш сўмлик келин | Мамед Саид Ордубади |
1970 | Дешёвый жених | Арзон куёв | Шухрат |
1970 | Требуется лжец | Ёлғончи даркор | Димитрис Псафас |
1971 | Приключения Чанду | Чандунинг саргузаштлари | А.Д. Иловайский |
1971 | Обман по шариату | Ҳийлаи шаръий | Решат Нури Гүнтекин |
1971 | Рустам | Рустам | Умаржон Исмаилов |
1971 | Перед рассветом | Тонг олдидан | Суорун Омоллоон |
1972 | Чертовое поколение | Шайтон авлод | Мухтаров |
1972 | Девушка Атабека | Отабекнинг қизи | Токтоболот Абдумомунов |
1972 | Зло от аппетита | Балойи нафс | А. Абдугафуров |
1973 | Начало жизни | Ҳаётнинг бошланиши | Абдукаххор Маннонов |
1973 | Гроза | Момақалдироқ | Александр Островский |
1973 | Ташбалта влюблён | Тошболта ошиқ | Хамид Гулям |
1973 | Горная красавица | Тоғ гўзали | Саидмуродов |
1974 | Куйдирмаган кундош | Куйдирмаган кундош | А. Абдугафуров |
1974 | Красавица | Соҳибжамол | Жура Махмудов |
1974 | Аширбой | Аширбой | Аалы Токомбаев |
1974 | Преступление без наказания | Жазосиз жиноят | Рихси Орифжонов |
1974 | Бунт невесток | Келинлар қўзғолони | Саид Ахмад |
1975 | Орзигул | Орзигул | Турсун Собиров |
1975 | Ревизор | Ревизор | Н.В. Гоголь |
1975 | Человек издалека | Узоқдаги одам | Умарахунов |
1975 | Старики с молодыми душами | Кўнгли ёш қариялар | Хутаев |
1975 | Адолат | Адолат | Исмаил Акрам |
1976 | Рука друга | Дўстим қўли | Мехрибон Назаров |
1976 | Никому не говори | Ҳеч кимга айтма | Т. Абдумомунов |
1976 | Шутник Али | Масхарабоз Али | Бабаханов |
1976 | Сундук секретов | Сирли сандиқ | Ахмедов |
1977 | Переполох перед свадьбой | Тўй олдидан тўполон | Папаян |
1977 | Уркуя | Урқуя | Насридин Байтемиров |
1977 | Наследство отцов | Оталар мероси | А. Абдугафуров |
1977 | Жалость к животному | Армонли жонивор | Аалы Токомбаев |
Мындан тышкары, ал көп сандагы концерттик программаларда катышкан[15]
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.