2018 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
From Wikipedia, the free encyclopedia
2018 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (англ. 2018 World Nomad Games, орус. Всемирные игры кочевников 2018) — этностук спорт түрлөрү боюнча уюштурулуучу эл аралык спорттук мелдештин 3-жолкусу.
Ыкчам фактылар III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ...
2018 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары англ. 2018 World Nomad Games' | |
---|---|
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары | |
Урааны | Күч биримдиги! Рух биримдиги! |
Оюн тууралуу маалыматтар | |
Өткөрүү жайы | Ысык-Көл, Кыргызстан |
Өткөрүү шаарлары | Чолпон-Ата |
Стадиондору | Чолпон-Ата ат майданы |
Катышуучу өлкөлөр | 80+ |
Спортчулардын саны | +3,200 |
Ачылыш аземи | 2-сентябрь, 2018 |
Ачкан | Сооронбай Жээнбеков |
Жабылыш аземи | 8-сентябрь, 2018 |
Жапкан | Мухаммедкалый Абылгазиев |
Хронологиясы | |
Расмий сайты |
Жабуу
Бул макаланы «2018 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдар жыйынтыгы» макаласы менен бириктирүү сунушталууда. |
Оюндардын ачылуу аземи Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өтүп, ага Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев,Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан күбө болушкан.