2015 (эки миң он бешинчи) жыл — григорий календары боюнча бейшемби күнү башталат. Бул жыл биздин замандын 2015, 3-миңжылдыктын 15, ХХI кылымдын 15-жылы болуп эсептелинет.
Эл аралык жарык жана жарык технологияларынын жылы (БУУнун A/RES/68/221 резолюциясы).
Грецияда кезексиз парламенттик шайлоо болуп, оппозициялык СИРИЗА партиясы жеңип чыккан.
Эдгар Лунгу Замбиянын президенттик кызматына киришкен.
26-январь — Грециянын жаңы өкмөт башчысы СИРИЗА партиясынын жетекчиси Алексис Ципрас болгон.
31-январь - Италияны жаңы президенти болуп Серджио Маттарелла шайланган.
Февраль
3-февраль — Серджио Маттарелла Италиянын президент кызматына киришкен.
4-февраль — Тайвандын борбору болгон Тайбэй шаарынан алыс эмес жерде TransAsia компаниясынын ATR 72-600 учагы кыйрап, ичиндеги 58 адамдын 43ү каза болуп, 15и жаракат алган.
4—14-февраль күндөрү — XXVII кышкы Универсиада (2-бөлүгү, Гранада, Испания)
Тажикистанда да парламенттик шайлоо болуп, анда жалгыз НДП партиясы беш пайыздык барьерден ашкан.
4-март — Засядько атындагы шахтада (Донецк) авария болуп, 34 шахтёр каза болгон.
11-март — Казан шаарында (Россия) ири соода борборунда өт чыгып, 17 адам каза болуп, 40 киши жаракат алган.
17-март — Израилде кезексиз парламенттик шайлоо өткөн.
18-март — Тунистин борбор шаарындагы Бардо музейне террористтер кол салып, 20дан кем эмес адам мерт кеткен.
20-март:
Абхазиянын жаңы өкмөт башчысы болуп Артур Миквабия дайындалган.
Йемендин Сана шаарында террористтер эки мечитти жардырышып, жыйынтыгында 137 адам каза болуп, 357 адам жаракат алышкан. Жардырууларды Ислам Мамлекети тобу өз моюнуна алган.
24-март — Франциянын түштүгүндө A320 үлгүсүндөгү жүргүнчүлөр учагы кыйраган, ичинде болгон 150 адам тең каза болгон.
29-март — Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгында мурдагы президент Ислам Каримов кайрадан жеңишке жеткен.
Апрель
2-апрельКениянын Гарисса шаарындагы университетке «Аль-Шабааб» тобунун терррорчулары чабуул коюшкан, 148 адам өлгөн.
5-апрель — оңдолуп жана жаңыртылган Чоң адрондук коллайдер ишке киришкен.
14-апрель — Жер Ортолук деңиздеЛивиядан Италияга легалдуу эмес 550 мигрантты жеткирип бараткан кеме чөгүп кетип, 400дөн ашык адам каза болгон, алардын көбүн балдар түзгөн.
Жер Ортолук деңизде балык улоочу кеме кыйрап, 28 адам куткарылса, 24тү каза болгон.
25—28-апрель — Непалда күчү 7,8 Mwге жеткен жер титирөө болгон.Зилзаладан 8699 киши каза болуп, 22 489 адам жаракат алышкан, 8 млн киши жабыр тарткан. Индияда 69 адам каза болуп, 270тей адам жарадар болсо, Кытайда 25 адам каза болуп, 117 киши жарадар болгон.
26-апрель:
Казакстанда президенттик шайлоодо мурунку президент Нурсултан Назарбаев жеңишке жеткен.
Түндүк Кипрда президенттик шайлоонун 2-туру болуп, Мустафа Акынджи жеңген.
27-апрель — америкалык SpaceX компаниясы космоско биринчи түркмөн спутнигин учурган.
12-август — Кыргызстан ЕАЭБге толук кандуу мүчөсү болду.
12—15-август күндөрү — Тяньцзинь шаарында (Кытай) күйүүчү заттар сакталган кампада жарылуу болуп, 173 адам каза болсо, 800 адам жарадар болгон, 21 өртөчүргүч менен. Эки жарылуунун күчү тротил эквиваленти боюнча 3 жана 21 тоннаны түзүп, 95 адам дайынсыз жоголгон.
25-ноябрь - Кыргызстандын калкынын саны 6 000 000го жетип, 6 млнчу жарандын атын Айлин коюшту.
Декабрь
2-декабрь:
Крымда энергокөпүрө ишке киришти.
Испаниянын конституциялык соту Каталониянын көз карансыздыгы жөнүндө резолюциясын жокко чыгарды.
6-декабрь:
Венесуэлада парламенттик шайлоолор.
Арменияда президенттик башкаруу формасынан парламенттик башкаруу формасына өтүү тууралуу конституциялык референдум болуп өтүп, жыйынтыгында шайлоочулардын 63,35 %ы парламенттик башкарууга өтүүгө добушун беришкен.
Георгий КвирикашвилиГрузиянын премьер-министри болуп дайындалды.
Ошондой эле караңыз: 2015-жыл илимде
Ошондой эле караңыз: 2015-жыл спортто
Time журналынын версиясы боюнча жыл адамы — Ангела Меркель, Германиянын канцлери.
Ошондой эле караңыз: 2015 жылы каза болгондордун тизмеси
Медицина жана физиология боюнча — Уильям Кэмпбелл жана Сатоси Омура — «Тоголок паразит курттар жаратуучу ооруларды айыктыруу үчүн жаңы методиканы иштеп чыккандыгы үчүн», Ту Юю — «Anopheles түрүндөгү чиркейлер тараткан безгек оорусуна каршы терапияны иштеп чыккандыгы үчүн» алышкан.
Физика боюнча — Такааки Кадзита жана Артур Макдональд — «Нейтриндик осцилляцияларды ачышкандыгы үчүн» бул сыйлыкка татыктуу болушкан.
Химия боюнча — Томас Линдаль, Азиз Санджар, Пол Модрич — «ДНКнын калыбына келүү жолун иштеп чыккандыгы үчүн» алышкан.
Адабият боюнча — Светлана Алексиевич — «Азыркы кездеги түйшүккө жана кайраттуулукка эстелик тууралуу эмгеги үчүн».
Тынчтык боюнча — Тунис мамлекеттик диалог квартетине — «2011-жылы болуп өткөн Жасмин революциясынан кийинки Тунистеги плюралисттик демократияны түзүүгө квартеттин зор салымдары үчүн».
Экономика боюнча — Энгус Дитон — «Керектөөнү, жакырчылыкты жана жетиштүүлүктү анализдеген иштери үчүн» берилген.
Wikiwand in your browser!
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.