19-ноябрь — жылдын 323-чү күнү (толук жылда 324-чи күн), Григорий календары боюнча жылдын аягына чейин 42 күн бар.
Улуттук
- Калып:Өлкө желеги/Белорусь, Орусия, Казакстан[1] — Ракета асекрлеринин жана артиллеристтердин күнү.
- 1944 — Фрунзе шаарында артиллеристтердин күнү өзгөчө салтанат менен белгиленген.
- 1947 — Композитор Владимир Ференин «Кыргызстан» аттуу симфониясы Кыргыз филармониясында аткарылган.
- 2007 — Кызыл китеп экинчи жолу басылып чыккан.
- 1703-жылы: Франциядагы Бастилия түрмөсүндө тарыхта “темир бет капчан адам” катары калган адам көз жумган.
- 1711-жылы: Орус окумуштуусу Михаил Ломоносов жарык дүйнөгө келген.
- 1770-жылы: Планетаны биринчи кыдырып чыккан орус жер кезүүчүсү, адмирал Иван Крузенштерн жарык дүйнөгө келген.
- 1891-жылы: Биринчи жолу оюнчук темир жол Германияда сатылган.
- 1909-жылы: Заманбап менеджмент теориясынын атасы эсептелген экономист Питер Друкер туулган.
- 1917-жылы: Өкмөт башчылык кызматка чейин жеткен индиялык саясатчы айым Индира Ганди туулган.
- 1942-жылы: Улуу Ата Мекендик согушта советтик аскерлер контрчабуулга өтүшкөн.
- 1942-жылы: Америкалык модельер Кельвин Кляйн төрөлгөн.
- 1942-жылы: Советтер Союзунун баатыры, атактуу 316-аткычтар дивизиясынын жетекчиси, генерал-майор Иван Панфилов каза болгон.
- 1965-жылы: БУУ СССРдин демилгеси менен ядролук куралды жайылтпоо резолюциясын кабыл алган.
- 1978-жылы: “Элдик храм” сектасынын мүчөлөрү массалык түрдө өз жанына кол салышып, Гайанада баш-аягы 911 киши каза болгон.
- 1993-жылы: Унутулгус комедиялык тасмаларды жараткан советтик режиссёр Леонид Гайдай каза болгон.