10 июнь — Григорий календары боюнча жылдын 161-күнү (толук жылдарда 162-күн). Жылдын аягына чейин 204 күн бар.
Юлий календары боюнча 28 майга туура келет[1].
- Ошондой эле караңыз: Категория: 10 июнь окуялары
XVIII кылымга чейин
- 1610 — биринчи голландиялык тургундардын Манхэттен аралына келиши (Түндүк Америка).
XVIII кылым
- 1776 — Франциянын падышасы Людовик XVI жашыруун Пьеру Бомаршеге АКШдагы көз карансыздык үчүн күрөшчүлөргө миллион ливр берип жиберген.
- 1793:
- Парижде дүйнөдөгү эң алгачкы зоопарк ачылган.
- АКШнын борбору Филадельфиядан Вашингтонго которулган.
- 1799 — Джон Браун жана англис гарнизонунан качкан 6 дезертир Ыйык Елена аралынан 6-метрлик калактуу кайык менен Атлантика океанына жол тартышкан. 28 күндөн кийин, 83 миля аралыкты басып өтүшүп, Бразилиянын жээктерине жетишкен.
XIX кылым
- 1809 — Рим папасы Пий VII Наполеон Бонапартты христианчылыктан чыгарып салган.
- 1847 — «Чикаго Трибьюн» гезитинин биринчи саны чыккан.
- 1848 — Нью-Йорк менен Чикагонун ортосунда эң алгачкы телеграфтык линия ишке киргизилген.
XX век
- 1909:
- Биринчи жолу жардамга чакырган SOS сигналы колдолнулган.
- Австралиянын борбору болгон Канберра шаары түптөлгөн.
- 1926:
- Бразилия Улуттар Лигасынан чыккан.
- Испания дагы Улуттар Лигасынан чыккандыгы тууралуу билдирип, бирок кийин ал чечиминен баш тарткан.
- 1936 — СССРде «Союздетмультфильм» киностудиясы негизделген.
- 1940 — Италия Франция жана Улуу Британияга согуш жарыялаган.
- 1941 — Германиянын кургактыктагы аскер башчысынын чечими менен «Барбаросса» операциясынын башталыш датасын — 22 июнь деп белгилеген.
- 1943 — венгриялык Ласло Биро шарик калем сапты ойлоп тапкан.
- 1945 — 1-чи жана 2-чи Белорусстук жана 1-чи Украиндик фронттордун негизинде Германияда советтик оккупациялык аскер тобу түзүлгөн.
- 1946 — Италия Республикасы жарыяланган.
- 1947 — Швециялык «Сааб» автомобиль чыгаруучу заводу өзүнүн биринчи унаасын чыгарган.
- 1967 — Жакынкы Чыгышта бир жагынан Израиль, экинчи жактан Египет, Сирия, Иордания, Ирак жана Алжир ортосундагы 6 күндүк согуш аяктаган.
- 1971 — АКШ Кытай менен соода эмбаргосун алып салган.
- 1996 — «Интел» корпорациясы «Pentium II» процессорун чыгарган.
XXI кылым
- 2003 — Канаверал тумшугунан бортунда Марста жүргүчүсү менен «Spirit» ракета-алып жүрүүчү учурулган.
- 2008 — A310 учагы Хартум шаарына жакын жерде кыйрап, 30 адам каза болгон.
- 2010 — Ан-225 транспорттук учагы менен абадагы жүк ташуунун тарыхында эң узун жүк ташылган — ар бири 42,1 м келген аба тегирменинин (аба генератору) эки калагы.
1925 — Тарыхта «Отузчулардын арызы» деп белгилүү болгон Кыргызстандагы биринчи оппозициялык кайрылуу кабыл алынган.
1940 — Тянь-Шань облустук эмгекчил депутаттар кеңешинин кезектеги жыйыны өткөн.
2010 — Кечки саат 10до Ош шаарынын «Алай» мейманканасынын жанында жаштар тобунун арасында жаңжал чыгып, кандуу Июнь окуясы башталган.
2011 — Ош шаарында «Энелердин көз жашы» аттуу эстелик ачылган.
- Ошондой эле караңыз: Категория:10 июнда төрөлгөндөр
- 1908 — Роберт Каммингс (1990 к.б.), америкалык актёр.
- 1910 — Хаулин Вулф (чыныгы аты Честер Артур Бёрнетт) (1976 к.б.), америкалык блюз ырчысы.
- 1911 — Теренс Реттиген (1977 к.б.), англиялык жазуучу жана сценарист.
- 1915 — Сол Беллоу (2005 к.б.), америкалык жазуучу, адабият боюнча 1976 жылкы Нобель сыйлыгынын ээси.
- 1926 — Зоя Георгиевна Спирина (1986 к.б.), советтик актриса, СССРдин эл артисти (1981).
- 1928 — Морис Сендак, америкалык балдар жазуучусу жана сүрөтчү-иллюстратор.
- 1929 — Людмила Зыкина (2009 к.б.), ырчы, СССРдин эл артисти, Социалисттик эмгектин баатыры.
- 1956 — Роландас Паксас, литвалык саясий ишмер, Литванын мурдагы президенти (2003—2004 жж.).
- 1965 — Элизабет Хёрли, англиялык актриса жана продюсер.
- 1983 — МакSим (Марина Сергеевна Абросимова), орусиялык ырчы.
- 1950 — Исмаил Исаков, 5-чакырылыштагы КСДП фракциясынан ЖКнын депутаты.
- 1951 — Эгемберди Эрматов, акын, драматург жана журналист.
- 1987 — Алмазбек Мирзалиев, Футболчу.
- Ошондой эле караңыз: Категория:10 июнда каза болгондор
- б.з.ч. 323 — Александр Македонский (б.з.ч. 356 жылы туулган), улуу грек аскер башчы.
- 1967 — Спенсер Трейси (1900 жылы төрөлгөн), мыкты роль үчүн эки жолу катары менен «Оскар» сыйлыгына татыган алгачкы актер.
- 1973 — Эрих фон Манштейн (1887 жылы төрөлгөн), немис генерал-фельдмаршал.
- 2000 — Хафез Асад (1930 жылы төрөлгөн), Сириянын мурдагы президенти (1971—2000 жж.).