![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/f/fb/Chong-Alay_district.jpg/640px-Chong-Alay_district.jpg&w=640&q=50)
Чоң-Алай району
From Wikipedia, the free encyclopedia
Чоң-Алай району — Кыргызстандын Ош облусундагы район. Административдик борбору — Дароот-Коргон айылы[1].
Ыкчам фактылар Өлкө, Административдик борбор ...
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Административдик борбор | |
Расмий тили | |
Калкы |
31649 |
Жабуу
Чоң-Алай району Ош облусунун административдик аймагында район болуп 1992-жылы кайрадан түзүлгөн. Түндүк-батышынан Кыргызстандын Баткен облусунун тоо кыркалары, чыгышынан Алай тоо кыркалары, түштүк-батышынан Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусу, Жерге-Тал району менен чектешет.
Аянты 4860 км2 (Ош облусунун 16,6% ээлейт).Деңиз деңгээлинен 3000 м бийиктикте жайгашкан.
Эң бийик жери — Чоң-Алай тоо кыркаларындагы Ленин чокусу (7134 м бийик).
Райондун экономикасынын негизин мал чарбасы түзөт.