Орусия
Чыгыш Европа жана Түндүк Азиядагы мамлекет / From Wikipedia, the free encyclopedia
Орусия (орус. Россия) же Орусия Федерациясы (орус. Российская Федерация) ― Азия жана Европада жайгашкан өлкө.
Орусия Федерациясы | |||||
| |||||
Гимн: «Мамлекеттик Гимни» | |||||
Негизделген | 862-жыл | ||||
Расмий тили | Орус тили | ||||
Борбор шаары | Москва | ||||
Ири шаарлар | Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Екатеринбург, Казань, Нижний Новгород, Красноярск, Челябинск, Самара, Уфа, Ростов-на-Дону, Краснодар, Омск, Воронеж, Пермь, Волгоград | ||||
Башкаруу формасы | Аралаш типтеги республика | ||||
Президент Премьер-министр Федерация Кеңешинин төрагасы Мамлекеттик Думанын төрагасы | Владимир Путин Михаил Мишустин Валентина Матвиенко Вячеслав Володин | ||||
Мам. дини | Динден тышкары мамлекет[1] | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 1-орун - дүйнөдө 17 125 191 км² 4,2 | ||||
Калкы • Бааланган (2023) • Жыштыгы | 146 447 424 адам (9-орун) 8,55 ад./км² | ||||
ИДӨ (САМ) • Бардыгы |
5,06 трлн[2] $ | ||||
ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга |
1,86 трлн[2] $ 13,010 $ | ||||
АДӨИ | ▲ 0,824[3] (жогору) (52-орун) | ||||
Этнохороним | орусиялык, орусиялыктар, орус, орустар | ||||
Акча бирдиги | Орусия рубли | ||||
Домени | .ru, .su, .рф | ||||
ISO коду | RU | ||||
ЭОК коду | RUS | ||||
Телефон коду | +7 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +02:00 — +12:00 |
Борбору ― Москва.
Калкынын саны ― 146 267 288 адам (2015-жылы).
Аянты ― 17 125 407 км². Аянты боюнча дүйнөдөгү эң чоң мамлекет жана калкынын саны боюнча тогузунчу орунда турат.
Мамлекеттик тили ― орус тили.
Федеративдик түзүлүштөгү аралаш (президенттик-парламенттик) республика. 2012-жылдын май айында президенттин кызматын Владимир Путин ээлеген, өкмөт башчынын кызматын - Михаил Мишустин.
Орусиянын курамына 89 субъект кирет: 48 облус, 24 республика, 9 край, 3 федералдык маанидеги шаар, 4 автономиялуу округ жана 1 автономиялуу облус.
Орусия он сегиз өлкө менен чектешет (дүйнөдөгү эң чоң көрсөткүч), алардын ичинен кургактык менен төмөнкү мамлекеттер менен: Норвегия, Финляндия, Эстония, Латвия, Литва, Польша, Беларусь, Украина, Грузия, Азербайжан, Казакстан, Кытай, КЭДР, Монголия, деңиз менен Жапония жана АКШ менен.
Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча ИДПнын СКПга карата көлөмү 2014-жылга карата $3,745 трлн түзгөн (бир адамга $25 636). Акча бирдиги - орус рубль. Орусия бир нече эл аралык уюмдарда мүчө - БУУ, ЕККУ, Европа Кеңеши, ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ, ИМБДУ, ЭДУ, БСУ, БТУ, ШКУ, БРИКС, АТЭК, КООМЕТ, ЭОК, ЭЭК, ISO, EUREKA, G20 жана башка.
Бириккен Улуттар Уюмунун (1945; 1991-ж. чейин СССРдин курамында), Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү (1991-жылдан), КМШнын (1991), Европа Кеңешинин (1996), АТЭС (1998), БРИКС (2006), Евразия экономика союзунун (ЕврАзЭС; 2001), Шанхай кызматташтык Уюмунун (2001), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2012) жана башка мүчөсү.