Вильгельм Рентген
From Wikipedia, the free encyclopedia
Вильгельм Конрад Рентген (нем. Wilhelm Conrad Röntgen, айтылышы: /ˈrɛntɡən, -dʒən, ˈrʌnt-/, немис тилинде айтылышы: [ˈvɪlhɛlm ˈʁœntɡən]; 1845-жылы 27-март – 1923-жылы 10-февраль) – немис инженер-механиги жана физик, Рентген 1895-жылдын 8-ноябрында толкундун узундугунун мейкиндигинде X-rays же рентген нурлары катары таанымал болгон электромагниттик радиацияны тапкан, бул жетишкендиги үчүн окумуштуу 1901-жылы физика жаатындагы "Нобель" сыйлыгына ээ болгон. Рентгендин жетишкендигинин урматына 2004-жылы Теоретикалык жана колдонмо химия жаатындагы эл аралык бирлик (англ. International Union of Pure and Applied Chemistry) 111 атомдук номурундагы радиоактивдүү жана туруктуу эмес изотоптуу элементти "рентгений" деп атаган.