Нобель сыйлыгы
From Wikipedia, the free encyclopedia
Нобель сыйлыгы (англ. Nobel Prize) - академикалык, маданий же илимий жетишкендиктер үчүн шведдик жана норвегиялык институттар тарабынан бир нече категориялар боюнча жыл сайын ыйгарылган эл аралык сыйлыктардын жыйындысы.
Сыйлыктар шведдик ойлоп табуучу Алфред Нобельдин керээзи менен 1895-жылы негизделген. Химия, адабият, тынчтык, физика жана физиология же медицина тармагындагы сыйлыктар биринчи жолу 1901-жылы ыйгарылган. 1980-жылга чейинки медалдар 23 карат алтындан чегилген, андан кийин 18 карат жашыл алтындан куюлуп, 24 карат алтын менен капталган. 1901-жылдан 2016-жылга чейин Нобель сыйлыктары жана экономика илимдери боюнча сыйлыктар 911 адам менен уюмдарга 579 жолу ыйгарылган. Айрымдары Нобель сыйлыгын бир нече жолу алып, жалпы 23 уюмду жана 881 инсанды түзгөн.
Сыйлык тапшыруу аземдери жыл сайын Шведциянын Стокголм жергесинде болуп өтөт (Норвегиянын Осло жергесиндеги тынчтык сыйлыгын эске албаганда). Ар бир сыйлык ээси же лауреат бир алтын медал, диплом жана Нобель фонду тарабынан белгиленген бир суммадагы акчаны алат. (2017-жылга карата, ар бир сыйлык SEK 8,000,000 же 920,000 АКШ долларына, €823.000, £716.000 же CNY6.630.000 барабар болгон). Нобель сыйлыгы адабият, медицина, физика, химия, тынчтык жана ошондой эле экономика илимдер тармактарында жеткиликтүү болгон эң абройлуу сыйлык деп саналат.
Швед падышалык илимдер академиясы физика, химия тармактарында Нобель сыйлыгын, экономика илимдери боюнча Sveriges Riksbank сыйлыгын ыйгарат; Каролинска институтундагы Нобель ассамблеясы физиология же медицина тармагындагы сыйлыкты тапшырат; Шведция академиясы адабият тармагындагы Нобель сыйлыгын берет; Нобель Тынчтык сыйлыгы Шведция уюму тарабынан эмес, Норвегия Нобель комитети тарабынан ыйгарылат.