![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/5/5c/Legal_status_of_German_in_Europe.svg/langky-640px-Legal_status_of_German_in_Europe.svg.png&w=640&q=50)
Немис тили
From Wikipedia, the free encyclopedia
Немис тили, немец тили – немистердин, австриялыктардын жана швейцариялыктардын бир бөлүгүнүн тили. Люксембургдагы расмий эки тилдин бири. Немис тилинде сүйлөөчү калктар КМШ өлкөлөрүндө, АКШ жана башка айрым мамлекеттерде жашашат. Инди-европа тилдеринин батыш герман тобуна кирет. Немис тилинин тарыхы байыркы, жогорку немис (8–11-кылым), орто жогорку немис (12–13-кылым), эртеги жаңы жогорку немис (14–16-кылым) жана жаңы жогорку немис 17-кылымдан баштап) тилдери деп 4 мезгилге бөлүнөт. Азыркы немец адабий тилинде 16 үндүү тыбыш, 3 дифтонг, 19 үнсүз тыбыш, 2 аффриката бар. Морфологиялык өзгөчөлүктөрү грамматикалык категориялар аркылуу туюнтулат. Жазмасы латын алфавитинин негизинде. Германия, Австрия, Швейцариядагы адабий тилдери өз ара айырмалуу. Ал айырма көбүнчө лексикадан жана сүйлөөдөн даана байкалат.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/2/22/Legal_status_of_German_in_the_world.svg/640px-Legal_status_of_German_in_the_world.svg.png)
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/5/5c/Legal_status_of_German_in_Europe.svg/640px-Legal_status_of_German_in_Europe.svg.png)