![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/b/b5/Kirghizistan_2018_-_Entr%25C3%25A9e_de_Bazar-Korgon.jpg/640px-Kirghizistan_2018_-_Entr%25C3%25A9e_de_Bazar-Korgon.jpg&w=640&q=50)
Базар-Коргон
кыргызстандагы шаар. / From Wikipedia, the free encyclopedia
Базар-Коргон — Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы шаар[3].
Шаар
Базар-Коргон ![]()
|
Карүңкүр суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 735 м бийиктикте, Бишкек Ош автомобиль жолунун жээгинде жайгашкан.
Облустун борбору жана темиржол бекети Жалал-Абад шаарынан 33 км батыш тарапта.
1950-жылы негизделген. Калкы 27,8 миң (2002). Кыштакта 2 технкалык сервис, 3 пахта, май, нан, тамеки заводдору, лимонад чыгаруучу цех, жыгаччылык, кийим тигүү ишканалары, медресе, 2 базар, ашкана, чайкана, кафе, ресторан иштейт. Кесиптик-техникалык окуу жайы, 7 орто, музыкалык, спорт мектептери, 3 маданият үйү, 6 балабакча, китепкана, сүт азык ашканасы, борборлоштурулган оорукана, 2 бейтапкана, 2 мечит, автобекет, 2 почта, байланыш бөлүмү жана башка бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Социалдык Эмгек Баатыры А. Худайбердиев туулган.