![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/8/8e/Kirghizistan_2018_-_Route_de_Bichkek%252C_%25C3%25A0_Bazar-Korgon.jpg/640px-Kirghizistan_2018_-_Route_de_Bichkek%252C_%25C3%25A0_Bazar-Korgon.jpg&w=640&q=50)
Базар-Коргон району
From Wikipedia, the free encyclopedia
Базар-Коргон району ― Жалал-Абад облусундагы администрациялык бирдигинде 1934-жылына чейин анын курамында Масы районунда болгон. 1937-78-жылдардын аралыгында Масы ж-а Базаркоргон райондору эки жолу биригип, кийин Ленин району аталган. 1978жылдан өзүнчө район. Батышынан Ноокен, түндүгүнөн Токтогул, түндук-чыгышынан Тогуз-Торо, чыгышынан жана түштүгүнөн Сузак райондору, түштук-батышынан Өзбекстан менен чектешет. Аянты 1965 км². Калкы 193 168 киши (2023-жылы). Райондо 1 шаар, 8 айыл өкмөтү, 62 кыштак бар. Борбору Базар-Коргон шаары. Райондун аймагы негизинен Кара-Үңкур өрөөнун ж-а аны курчап турган Бабаш-Ата кыркатоосунун түштук-чыгыш, Кең-Кол, Фергана тоолорунун түшук капталдарын, ошондой эле Фергана өрөөнүнүн түндук-чыгыш өндүрүнүн бир аз бөлүгүн ээлейт. Райондун табигый байлыгынын негизин Арстанбап, Кызылүңкүр, Каба, Ачы жапайы жаңгак-жемиш токой массивдери, курулуш материалдары, минералдуу суулары түзөт.
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Административдик борбор | |
Расмий тили | |
Калкы |
193 168[1] |
Жыштыгы |
94 адам/км² |
Улуттук курамы | |
Расмий сайты | |