Армения
From Wikipedia, the free encyclopedia
Армения (арм. Հայաստան, Айастан), расмий аталышы — Армения Республикасы (арм. Հայաստանի Հանրապետություն, Айастаны Анрапетутюн) — Азиянын түштүк-батышындагы мамлекет. Закавказьенинтүштүгүндө жайгашкан. Түндүгүнөн Гүржүстан, чыгышынан Азербайжан, түштүк-батышынан Иран жана Нахичеван Автономия Республикасы, батышынан Түркия менен чектешет. Аянты 29,74 миң км2. Калкы 2,98 млн (2005). Административдик-аймактык жактан 11 облуска (марз), 27 шаарга, 31 шаарчага бөлүнөт. Ереван шаары өзүнчө марз статусуна ээ. Борбору - Ереван шаары. Акча бирдиги драм.
Армения Республикасы | |||||
| |||||
Урааны: «Бир улут — бир маданият.» арм. «Մեկ ազգ, մեկ մշակույթ» | |||||
Гимн: «Մեր Հայրենիք» «Биздин мекен»noicon | |||||
Негизделген | IV — II кк. б д. ч. | ||||
Эгемендүүлүк күнү | 28-бугу 1918-жылы Биринчи Армения Республикасы (ЗДФР-дан) 23-аяк оона 1990-жылы[1]Калып:Ref+ ( СССРден) | ||||
Расмий тили | Армян тили | ||||
Борбор шаары | Ереван | ||||
Ири шаарлар | Ереван, Гюмри, Ванадзор, Вагаршапат (Эчмиадзин), Абовян | ||||
Башкаруу формасы | Парламенттик республика | ||||
Президент Премьер-министр Улуттук жыйындын төрагасы | Армен Саркисян Никол Пашинян Ара Баблоян | ||||
Мам. дини | Динден тышкары | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 138-чи - дүйнөдө 29 743[2] км² 4,71 | ||||
Калкы • Бааланган (2017) • Жыштыгы | 2 986 100[3] адам (137-чи) 100,4 ад./км² | ||||
АДӨИ ( 2016) | ▲0,743[4] (жогору) (84-чү) | ||||
Этнохороним | армянин, армянка, армяниндер | ||||
Акча бирдиги | Армян драмы (AMD, код 51) | ||||
Домени | .am | ||||
ISO коду | AM | ||||
ЭОК коду | ARM | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +4 |
Армения - БУУнун (1992), КМШ өлкөлөрүнүн (1991), ЕККУнун (1992), Эл аралык валюта фондунун (1992), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2003) мүчөсү. Армения Конституциясы 1995-ж. кабыл алынган.